Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичкиликти таштоо

Ичкиликти таштоо

Ичкиликти таштоо

«Атам аракеч болчу. Мен да анын жолуна түштүм. 12ге чыга электе эле иче баштадым. Үйлөнгөндөн кийин күнүгө ичип жүрдүм. Ачуум чукул болуп, зордук-зомбулук кылууга жакын болуп кеткем, ошондуктан көп учурда үй-бүлөм полиция чакырууга аргасыз болор эле. Денсоолугум болсо начарлагандан начарлай берди. Ичкиликтин айынан ашказанымдан кан кетип, өлүп кала жаздагам. Цирроз, аз кандуулук деген дарттарга да чалдыктым. Ичкиликти таштайын деп, өзүнө өзү жардам берүү тобуна кошулдум, бирок андан майнап чыккан жок. Ичкилик мени сормо саздай соруп кетти» (ВИКТОР *, АРГЕНТИНА).

ИЧКИЛИКТИН кулу болгон адамдардын көбүнүн таржымалы ушул сыяктуу. Алар, Викторго окшоп, ичкиликтин кишенинен бошонуу мүмкүн эмес деген ойдо. Ичимдиктин айынан пайда болгон көйгөйлөрдү жеңүүгө болобу? Эгер болсо, кантип?

Көйгөйдү моюнга алуу

Биринчиден, аракеч адам жана анын жакындары көйгөй бар экенин түшүнүшү зарыл. Адамдын ичимдикке кынык алып кетиши кыйынчылыктын чети гана. Мындай адат жок жерден эле пайда боло калбайт, бир канча убакыт аралыгында өрчүйт. Адам башында ченеми менен эле ичиши мүмкүн. Кызыгы, ичкиликтин айынан болгон жол кырсыктарына учурагандардын, зордук-зомбулук кылгандардын жана башка көйгөйлөргө кабылгандардын көпчүлүгү ичкиликке берилгендерден эмес. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) сунушуна көңүл бурсаңар. Анда: «Аракечтик менен күрөшүүнүн мыкты ыкмасы — негизги күчтү аракечтерге эмес, ченеми менен ичкендерге жумшоо жана аларга ичимдикти аз ичүүгө жардам берүү»,— деп айтылат (жантайыңкы ариптер биздики, ред.). Силер саламаттык сактоо уюмдары тарабынан сунуш кылынган өлчөмдөн көп ичип жатасыңарбы? Өзгөчө кылдат болууну жана ыкчам кыймыл-аракетти же тез көңүл бурууну талап кылган жагдайларда да ичесиңерби? Ичкиликтен улам үй-бүлөңөрдө жана жумушуңарда кыйынчылыктар пайда болобу? Эгер адам ченемсиз ичерин мойнуна алып, азыраак ичүүгө аракеттенип жатса, келечектеги олуттуу көйгөйлөрдөн коргонуунун «мыкты ыкмасын» колдонгон болот. Анткени адам ичкиликке берилип кеткенден кийин андан арылуу кыйынга туруп калат.

Ичимдикти ченемсиз ичкендер көбүнчө анысын мойнуна алышпайт. Алар, адатта, «мен башкалардан көп ичкен жокмун» же «каалаган учурда токтотуп коё алам» деп актанышат. Орусиялык Константин: «Мас болуп алып өмүрүм менен кош айтышып кала жаздагам. Бирок өзүмдү аракечмин деп эсептебегендиктен андан арылуу үчүн эч кандай чара көрчү эмесмин»,— дейт. «Ичкиликти көп жолу таштагам,— деп эскерет польшалык Марек,— бирок аракеч экенимди мойнума алгым келчү эмес. Ичкиликтин айынан пайда болгон олуттуу кыйынчылыктарды этибар албай койчумун».

Адамга ичкиликти кыянат пайдаланып жатканын мойнуна алууга жана ошого ылайык чара көрүүгө кантип жардам берүүгө болот? Биринчиден, ал кыйынчылыктары ичкиликти кыянат пайдалангандыктан болуп жатканын жана аны токтотсо, жашоосу жакшы жакка өзгөрөрүн түшүнүшү зарыл. Бир эмгекте айтылгандай, ал: «Аялым кетип калгандыктан, жумушумдан айрылгандыктан ичип жатам»,— деген ойдон арылышы талап. Тескерисинче: «Ичкеним үчүн аялым таштап кетти жана жумушсуз калдым»,— деп ойлонууга үйрөнүшү керек («La Revue du Praticien—Médecine Générale»).

Аракеч адамга ой жүгүртүүсүн оңдоого жардам бергиңер келсе, төмөнкү кеңештерди колдонсоңор болот: айткандарын кунт коюп уккула, боорукердик көрсөткүлө, бул аны түшүнүп жатканыңарды далилдейт. Кичине ийгилик жасаса да мактагыла жана аны сындоодон качкыла. Аны жерибегиле: ал ой-сезимдери менен ачык бөлүшкүдөй жана жардам издөөдөн тартынбагыдай болсун. Ал адам «Ичкилик ичүүнү уланта берсем эмне болот?» жана «Токтотсом эмне болот?» деген эки тизме түзүп алсын.

Жардам издөө

Эгер кимдир бирөө ичкиликти кыянат пайдаланса, бул анын үмүтсүз абалда экенин же оңолбосун билдирбейт. Айрымдар ичкиликти өз эрки менен таштай алса да, ичкиликке берилгендердин көпчүлүгүнө адистердин жардамы керек *. Айрымдарга амбулатордук дарылоо ылайык келет, бирок ичкиликти таштоодо пайда болуучу оору белгилери күчтүү болсо, аракеч адамды ооруканага жаткырууга туура келиши ыктымал. Ичкиликти таштоонун алгачкы оору белгилери (2—5 күн аралыгында) жоюлган соң, адамга ичкиликке болгон ышкылыгын жана кайра ичип алуу каалоосун басуу үчүн, дары жазылып берилет.

Бирок аракечтерди дарылоо программалары сөзсүз натыйжалуу болоруна кепилдик жок. Дарылоо ыкмалары дарттан толук айыктырып жиберүүчү даба эмес, убактылуу гана жардам берүүчү чара. Франциялык Ален бир нече жолу дарыланган. Ал: «Бөтөлкөлөш досторум менен пикирлешүүнү уланта бергендиктен, ооруканадан чыгарым менен эски кейпимди кийчүмүн. Чынын айтсам, ичкиликти таштайын деген деле каалоом жок болчу»,— дейт.

Ордун толтуруу

Көптөр ичпей калса, ичи коңулдап, өздөрүн жакын досунан айрылгандай сезгендиктен, ичкиликти таштай алышпайт. «Эси-дартымдын баары эле ичкилик болчу,— деп эскерет орусиялык Василий,— эгер бир күн ичпей калсам, ал күн текке кеткендей сезилчү». Ичүү аракеч адам үчүн башка иштердин баарынан жогору турат. Польшалык Ежи: «Жашоомдогу жалгыз максат ичүү жана ичкиликке акча табуу болчу»,— дейт. Демек, ичкиликти таштагысы келген адам жашоонун жаңы маңызын табышы керек.

БДССУ тарабынан ичкилик ичүүнү азайтууну же биротоло таштоону каалагандарга берилген колдонмодо кайра ичип албоо үчүн максаттуу иш менен алектенүү керектиги баса белгиленген. Алардын катарында рухий иштер айтылган.

Рухий иштер менен иришүү адамга ичкиликтин кулчулугунан бошонууга жардам бериши ыктымал. Маселен, Ален мас абалында жасаган кылмышы үчүн үч жолу түрмөгө отуруп чыккан. Эркиндикке чыккан соң ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Ален мындай дейт: «Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында жашоом маңыздуу болуп, өзүмдү колго алганды үйрөндүм. Мен ичкиликти таштоону эле эмес, Жахабага жагууну да кааладым».

Кайра ичип алганда багынбоо

Ичкиликке берилгендерди дарылоочу адистер андай адамдарга жардам жана кубаттоо абдан зарыл экенин айтышат. Көптөр ичкиликтин кесепетинен үй-бүлөсү менен досторунан айрылышкан. Андай учурда алар депрессия болушу жана өзүн өзү өлтүрүүгө барышы ыктымал. Жогоруда айтылган колдонмодо ичкиликти таштагысы келгендерге жардам көрсөткөндөргө: «Силер жардам берип жаткан адам иш-аракети менен кыжырыңарды келтирип, көңүлүңөрдү кайт кылган күндө да, аны сынга албоого аракеттенгиле. Көнгөн адатты калтыруу жеңил эмес экенин унутпагыла. Адамдын бир нече убакка чейин ичпей калган жана кайра ичип алган учурлары да болот. Ал ичкиликти такыр ташташы же ченеми менен ичиши үчүн, силерден бекемдөө, жардам жана иш жүзүндө колдонорлук кеңеш берүү талап кылынат»,— деген кеңештер айтылат.

30 жылдай ичкен Хиларио: «Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышындагы досторумдун сүйүүсү, камкордугу абдан зор жардам берди. Кайра ичип алган учурларым көп эле болду, бирок алар мени бекемдөөгө жана зарыл учурда ыйык китептик кеңеш берүүгө дайым даяр эле»,— деп эскерет.

Эгер ичкиликти таштоону кааласаңар, кайра ичип алган күндөрүңөр да болушу мүмкүн экенин унутпагыла. Аларды ичкиликти таштоо жолундагы боло жүргөн нерселер катары эсептегиле. Эч качан багынбагыла! Эмне себептен кайра ичип алганыңар тууралуу ой жүгүртүп көрүп, аны кайра кайталабаш үчүн, ошону эске ала жүргүлө. Эмнеден улам ичкиңер келерин аныктагыла. Эригүүдөн, жалгыздыктан, стресстен, депрессиядан, уруш-талаштан улам же ичип жүргөн башка адамдарды көргөндө ичкиңер келеби? Анда, ошондой жагдайлардан качкыла! Ежиге ичкиликти таштоо үчүн эки жыл талап кылынган. Ал мындай дейт: «Өзүмдүн кандай жагдайларда ичким келерин аңдай билгенди жана ичкиликке түртө турган сезимдеримди ооздуктаганды үйрөндүм. Азыр андай жагдайлардын бардыгынан качам. Бирөөлөр ичип отурган жерлерден айланып өтөм. Курамында спирт бар тамак ичпейм, ал эмес, спирт кошулган парфюмерия же дары-дармек колдонбойм. Ошондой эле ичимдиктердин жарнамасын такыр көрбөйм». Көптөр тиленүүнүн аркасында «кудуреттүү күчкө» ээ болушкан (2 Корунттуктарга 4:7; Филипиликтерге 4:6, 7).

Эркиндик!

Канчалык кыйынга турбасын, аракечтиктен арылууга болот. Ушул макалада айтылган адамдардын бардыгы ал жаман адатын жеңе алышкан. Азыр алардын денсоолугу жана үй-бүлөлүк жашоосу алда канча жакшырып, иштеген жерлеринде да бир топ ийгиликтерди жасашты. «Мен эми ичкиликтин кулу эмесмин»,— дейт Ален. Ал эми Константин: «Үй-бүлөмдү сактап калууга жардам бергени үчүн Жахабага ыраазымын. Азыр жашоом маңыздуу жана бактым ичимдиктен көзкаранды эмес»,— дейт. Виктор да мындай дейт: «Азыр мен эркин адаммын. Өзүмдү колго алып, кайрадан өзүмдү сыйлай баштадым».

Адам ичкиликти кыянат колдонуунун кесепетинде жол кырсыгына кабылуу ыктымалдыгын жогорулатып жаткандыр же олуттуу көйгөйлөргө дуушар болгондур, же балким, аракеч да болуп кеткендир. Жагдай канчалык татаал болбосун, үмүт үзбөөгө негиз бар: ал адаттан арылуу мүмкүн. Ичимдиктин жашооңорго терс таасир этип жатканын көрсөңөр, тийиштүү иш-аракеттерди жасагыла. Бул өзүңөргө да, силерди сүйгөн жакындарыңарга да пайда алып келет.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 10-абз. Жардам берүүгө багытталган көптөгөн борборлор, ооруканалар жана дарылоо программалары бар. Жахабанын Күбөлөрү дарылануунун тигил же бул жолун жактабайт. Дарылануу ыкмасы ыйык китептик принциптерге каршы келер-келбесин текшерүү зарыл. Кандай ыкма менен дарыланарын ар ким өзү чечүүгө тийиш.

[10-беттеги сүрөт]

Биринчи кадам — көйгөй бар экенин моюнга алуу.

[11-беттеги сүрөт]

Көптөргө адистин жардамы керек.

[12-беттеги сүрөт]

Тиленүү жардам берет.

Ичпей коюуга эркиң жетет!