Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде досторду туура тандай алам?

Канткенде досторду туура тандай алам?

Жаштардын суроолору:

Канткенде досторду туура тандай алам?

«Мен мектептеги бир кыз менен достошо баштагам... Ал баңгизат колдончу эмес, отуруш, адеп-ахлаксыздык дегендерди жаман көрчү. Бир да уят сөз айтчу эмес, жалаң бешке окучу. Бирок аны менен достошуу мага терс таасир этти» (Беверли) *.

БЕВЕРЛИНИН мындай бүтүмгө келишине эмне себеп болгон? Ал досунун терс таасир эткенин түшүнгөн. «Досум спиритизм жөнүндөгү китептерди көп окучу,— дейт ал.— Аны менен жүрүп мен да спиритизмге кызыга баштадым, атүгүл ал темада баян да жазгам».

Мелани аттуу өспүрүм кыз да тескери жолго түшүп кеткен. Бирок ага ишенимдеши таасир эткен! Анда кимдир бирөөнүн жакшы дос болор-болбосун кантип аныктоого болот? Кудайга ишенбегендер менен жакын мамиледе болуунун арты ар качан кесепеттүү бүтөбү? Ал эми ишенимдештер менен достошуу дайым эле коопсузбу?

Айрыкча, башка жыныстагы адам менен достошуу тууралуу эмне десек болот? Үй-бүлө куруу максатында кимдир бирөөгө көз салып жүрсөң, экөөң түзгөн мамиле рухий саламаттыгыңа жакшы таасир этерине көзүң жетеби? Ушул өңдүү суроолорго жооп алууга Ыйык Китеп кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Кандай адам жакшы дос болот?

Беверли классташы чыныгы Кудайга кызмат кылбаганы үчүн эле аны менен жакшы мамиледе болбошу керек беле? Андай деле эмес. Чыныгы Кудайдын кызматчылары ишенимин жактабагандардын баарын эле жаман же адеп-ахлаксыз адам деп эсептешпейт. Бирок жакын дос тандоодо сак болуу маанилүү. Элчи Пабыл биринчи кылымдагы корунттук ишенимдештерине: «Акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп эскерткен (1 Корунттуктарга 15:33). Муну менен ал эмнени айткысы келген?

Сыягы, Корунттагы жыйналышта грек философу Эпикурду жолдогон эпикурчулар менен жакын мамиле түзүп алгандар болгон. Эпикур жолдоочуларын эстүүлүк, эржүрөктүүлүк, өзүн башкара билүүчүлүк жана адилеттүүлүк сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө үндөгөн, ал эмес, жашыруун күнөө жасоодон сактанууга чакырган. Бирок эмне себептен Пабыл эпикурчуларды жана жыйналыштагы алардыкындай көзкарашта болгондорду да «акылсыз адамдар» деп эсептеген?

Эпикурчулар чыныгы Кудайга сыйынышчу эмес. Өлгөндөрдүн тирилерине ишенишпегендиктен, алар жашоонун жыргалын көрүүнү гана көздөшкөн (Элчилер 17:18, 19, 32). Андыктан андайлар менен жакын карым-катнашта болуунун кесепетинде Корунттагы жыйналыштагылардын кээсинин тирилүүгө болгон ишенимине доо кете баштаган. Ошондуктан Пабыл Корунттагы ишенимдештерине жазган биринчи катынын 15-бөлүмүндө, акылсыз адамдардан сактанууну эскертүү менен бирге, алардын тирилүүгө болгон үмүтүн жандантуу үчүн көп далил келтирген.

Бул Кудайга ишенбеген адамдардын да жакшы сапаттары болушу мүмкүн экенин көрсөтөт. Бирок алардын арасынан жакын дос күтсөң, ой жүгүртүүңө, ишенимиңе жана жүрүм-турумуңа зыян тийбейт деп ойлобо. Ошондуктан корунттуктарга жазган экинчи катында Пабыл: «Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла»,— деп эскерткен (2 Корунттуктарга 6:14—18).

Он алты жашар Фред Пабылдын айткандары жүйөлүү экенин түшүнгөн. Алгач ал мектептин сабактан тышкаркы бир программасына катышууга — өнүгүп келаткан аралга барып, ал жактагы балдарды окутууга — макул болгон. Бирок классташтары менен чогуу даярданып жүргөндө Фред чечимин өзгөрткөн. «Алар менен көп убакыт өткөрүү рухийлигиме терс таасир этчүдөй»,— дейт ал. Ошондуктан программага катышпоону, бирок жардамга муктаждарга башка жол менен көмөк көрсөтүүнү чечкен.

Ишенимдештердин ортосундагы достук

Эми жыйналыштагы ишенимдештердин ортосундагы достукту алып көрөлү. Тиметей аттуу жаш жигитке жазган катында Пабыл мындай деп эскерткен: «Чоң үйдө алтын жана күмүш идиштер гана эмес, жыгачтан жана чоподон жасалган идиштер да бар. Бирөөлөрү сыйга урунулат, бирөөлөрү күндө урунулат. Ошондуктан ким өзүн ушулардан тазаласа, ал сыйга урунула турган, ыйыкталган, Кожоюндун керегине жарай турган жана бардык жакшы иштерге даярдалган идиш болот» (2 Тиметейге 2:20, 21). Пабыл Кудайдын кызматчыларынын арасында да өзүн тийиштүү түрдө алып жүрбөгөндөр болушу мүмкүн экенин жашырган эмес. Ошон үчүн ал Тиметейге андайлардан оолак болууну ачык эскерткен.

Анда ишенимдештерибизге шек саноо менен карашыбыз керекпи? Жок. Досторуңдан жеткилең болууну күтүү орунсуз (Насаатчы 7:16—18). Ошол эле учурда кайсы бир өспүрүм жыйналышка келип жүрсө же ата-энеси ынталуу биртуугандардан болушса эле аны жакшы дос болот деп айта албайбыз.

«Өспүрүмдүн жүрүм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот»,— деп айтылат Накыл сөздөр 20:11де. Болочок досуңдун Жахаба менен болгон мамилесин жашоосунда башкы орунга коёру айкын көрүнөбү, жокпу, ойлонуп көрүү акылмандыкка жатат. Анын ой жүгүртүүсү менен иш-аракетинде «дүйнөнүн руху» байкалган жокпу? (1 Корунттуктарга 2:12; Эфестиктерге 2:2). Аны менен пикирлешкенде Жахабага кызмат кылууга болгон каалооң артабы?

Жахабага болгон сүйүүсү күчтүү жана рухий иштерде ынталуу адамдардан дос күтсөң, ар кандай кыйынчылыктардан сактанасың. Андан сырткары, Кудайга кызмат кылуу үчүн зор күч аласың. Пабыл Тиметейге: «Теңирди чын жүрөктөн чакыруучулар менен бирге адилеттикти, ишенимди, сүйүүнү жана тынчтыкты сактоого умтул»,— деген (2 Тиметейге 2:22).

Башка жыныстагы адам менен достошуу

Үй-бүлө курууга жашың жеткен болсо, жогоруда айтылгандарды жар тандоодо кандайча колдонууга болорун кылдат ойлонуп чыктың беле? Сен баш кошкуң келген адамыңдын көп жагын жактырышың мүмкүн, бирок, баарынан да, анын рухий абалы маанилүү.

Ошондуктан Ыйык Китепте Теңирге ишенбеген адам менен баш кошпоо керектиги бир нече ирет кайталанат (1 Корунттуктарга 7:39; Мыйзам 7:3, 4; Некемия 13:25). Ооба, ишенимдеш эмес адамдар деле жоопкерчиликтүү, адептүү жана камкор болушу ыктымал. Бирок алар сага окшоп үй-бүлөлүк жашоосунда ошол сапаттарды дайыма көрсөтүүгө жана никесин сактап калууга умтулушпайт.

Ал эми адам Жахабанын ишенимдүү кызматчысы болсо, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп, кандай жагдай болбосун, аларды сактоону ойлойт. Ал өмүрлүк жарына болгон сүйүүсү Жахаба менен жакшы мамиледе болуу менен тыгыз байланышта экенин түшүнөт (Эфестиктерге 5:28, 33; 1 Петир 3:7). Аялы да, күйөөсү да Жахабаны жакшы көрүшсө, бири-бирине болгон берилгендигин сактоого зор түрткү алып турушат.

Жогоруда айтылгандар ишенимдештер баш кошсо, сөзсүз жакшы жашайт дегенди билдиреби? Жок. Мисалы, рухий нерселерге үстүртөдөн эле кызыккан бирөө менен үй-бүлө курсаң, эмне болот? Рухий жактан алсыз адам, азыркы дүйнөдөгү кыйынчылыктарды көтөрүүгө даяр болбогондуктан, жыйналышты таштап кетиши толук ыктымал (Филипиликтерге 3:18; 1 Жакан 2:19). Өмүрлүк жарың «дүйнөнүн ыпыластыктарына» берилип кетсе, үй-бүлөңөрдө эмне деген чыр-чатактар пайда болорун, жүрөгүң кандай гана ооруурун элестетчи (2 Петир 2:20).

Баш кошууга негиз салуучу мамиле түзөрдөн мурун буларды ойлонуп көр: анын рухий адам экени айкын көрүнүп турабы? Ал Кудайдын үлгүлүү кызматчысыбы? Чындыкта бекем турабы же рухий жактан али такшала элекпи? Кылган иштери биринчи кезекте Жахабага болгон сүйүүгө негизделерине көзүң жетеби? Анын кандай беделге ээ экенин билип алуунун пайдасы чоң. Бирок ал Жахабага чындап берилген-берилбегенин жакшы түгөй боло алар-албасын аныктап билген соң, өзүң чечим чыгарууга тийишсиң.

Ошондой эле жаман чөйрөгө тартылган жаштар адегенде натуура иш-аракеттерди, мисалы, айрым адеп-ахлаксыз жүрүм-турум менен көңүл ачууларды жактыра баштаары эсиңде болсун. Жыйналыштагы үлгүлүү жаштар андай иштерде сага кошулбаары анык. Ошондуктан жүрөгүңдү текшерип көр.

Эгерде жүрөгүңдү тарбиялаш керек экенин байкасаң, ындыныңды өчүрбө. Жүрөк тарбияга көнөт (Накыл сөздөр 23:12). Бардыгы өзүңдүн каалооңдон көзкаранды. Туура жолдо жүрүүнү жана ошол жолдо жүргөндөр менен достошууну каалайсыңбы? Анда Жахабанын жардамы менен жүрөгүңдү тарбиялай аласың (Забур 96:10). Ой-сезимиңди жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө көнүктүрсөң, кимдер жакшы дос болорун аныктоо сен үчүн кыйынга турбай калат (Эврейлерге 5:14).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[20-беттеги сүрөт]

Жакшы достор рухийлигиңе оң таасир тийгизет.