Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Классташтары оюн өзгөртүштү

Классташтары оюн өзгөртүштү

Классташтары оюн өзгөртүштү

▪ Украиналык 11 жашар Викторияга (жогорудагы сүрөттө) жакшы көргөн китеби тууралуу, классташтарынын кызыгуусун туудургудай кылып, сөз даярдап келүү тапшырылган. Виктория мындай дейт: «Класстагыларга „Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер“ (ор.) деген китеп жөнүндө айтып берүүнү чечкем. Аларга китептин мазмунун, анын кандай принциптерге негизделип жазылганын түшүндүрүп бердим. Анан сабак бүтөрү менен бирден китеп алышса болорун айта кеттим».

Бул классташтарына кандай таасир эткен? «Ошол күнү 20 китеп тараттым,— дейт Виктория.— Алар Жахабанын Күбөлөрүн секта деп ойлошчу, эми оюн өзгөртүштү. Азыр эки классташым биздин журналдарды дайыма алып окуп турат».

Ал китепте жаштардын ой-сезимдери жана тынчсыздануулары каралып, ошонун негизинде талкуулар жүргүзүлгөн. Анын 39 бөлүмүндө жаштарды кызыктырган көптөгөн суроолор талкууланат. Алардын айрымдары төмөнкүдөй: «Ата-энемден көбүрөөк эркиндик берүүнү кантип сурасам болот?», «Чыныгы досторду кантип табууга болот?» жана «Никеге тура электе жыныстык катнашта болуу туурабы?».

Ал китепти силер да алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» китебин ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.