Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мексика түрмөлөрүндөгү кылмышкерлердин өзгөрүлүшү

Мексика түрмөлөрүндөгү кылмышкерлердин өзгөрүлүшү

Мексика түрмөлөрүндөгү кылмышкерлердин өзгөрүлүшү

Мексикадагы кабарчыбыздан

КЫЛМЫШКЕРДИ оңдоо максатында түрмөгө камашат. Бирок адамды эркинен ажыратуу дайыма эле анын оңолушуна өбөлгө түзө бербейт. Өзгөрүлүүгө болгон каалоо жүрөктөн чыгышы керек жана адам жасаган кылмышы үчүн чындап өкүнүп, мындан ары дайыма туура иш кылууга бел байлашы керек. Дүйнө жүзүндөгү түрмөлөрдүн көбүндө Жахабанын Күбөлөрү тарабынан өткөрүлүп жаткан ыйык китептик окутуу программасы кылмышкерлерге өзгөрүүгө жардам берүүдө. Эмесе, мындай программанын Мексикада кандайча ишке ашырылып жатканын карап чыгалы.

Бул өлкөдө Жахабанын Күбөлөрү 150 түрмөгө барып, элагартуу ишин жүргүзүүдө. Ага Ыйык Китепти окутуу программасы менен адеп-ахлактыкка жана Ыйык Жазманын окууларына байланыштуу талкуулар кирет. Мисалы, Сьюдад-Хуарес түрмөсүндө (Чиуауа штаты) Жахабанын Күбөлөрү 1 200гө жакын адамга кабар айтып келишүүдө. Камактагылар аларды абдан урматташат жана кооптуу учурларда коргоого да даяр турушат. Бир жолу абактагылар козголоң чыгарганда, Жахабанын Күбөлөрү түрмөдөн аман-эсен чыгып кетиши үчүн, козголоңчулардын башчылары сүрмө топту тынчтандырышкан.

«Ойгонгула!» журналынын 2001-жылдын 8-майындагы санына (ор.) «Кылмышкерди оңдоого болобу?» аттуу темада катар макалалар чыккан. Журналдын ал саны соттолгондордун да, түрмөнүн администрациясынын да кызыгуусун туудурган. Сан-Луис-Рио-Колорадо түрмөсүндө (Сонора штаты) 12 Күбө ал журналдан 2149 нуска таратышкан.

Кесилгендер Ыйык Китепке чын дилден кызыгуу көрсөтсө, Жахабанын Күбөлөрү алар менен жума сайын ыйык китептик изилдөөлөрдү жана диний жолугушууларды өткөрүп турушат. Ыйык китептик окутуу программасы абакта отургандарды оңдоодо канчалык натыйжалуу болууда?

Чындыкты түрмөдө тааныгандар

Хорхе кылмышкерликтин жолуна 20 жашка чыга электе эле түшкөн. Ал Лас-Трес-Мариас аралындагы түрмөдө 13 жыл отуруп чыккан. Бошотулгандан көп өтпөй Хорхе кайрадан кылмыш дүйнөсүнө аралашып, баңгизат сата баштаган. Тажрыйбалуу кылмышкер атка конуп, ал буйрутма менен киши өлтүрө баштаган да, 32 адамдын өмүрүн кыйган. Көп узабай кайрадан эркинен ажыратылган. Хорхенин мурунку босстору аны көп акча төлөп түрмөдөн бошотуп алууга даяр экендигин билдиришкен. Аларга Хорхе дагы бир кишини өлтүрүү үчүн керек болчу. Бирок ошол учурда ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөндүктөн, анын жашоосу жана ой жүгүртүүсү бир топ өзгөрүп калган эле. Ал түрмөдөн чөмүлтүлгөн соң толук убакыттуу кызматты баштаган. Хорхе эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, кайрадан баңгизат төбөлдөрүнө иштөөнү туура көргөнбү же түрмөдө калып, Жахабага кызмат кылууну улантканбы? Ал: «Мен түрмөдө калып, колум менен жасаган кылмышымды мойнум менен тартайын деген чечимге келдим. Азыр мен Ааламдын Эгедери болгон Жахаба Кудайга кызмат кылуудамын»,— дейт. Хорхе акырына чейин Кудайга берилгендигин сактап, тирилүүгө болгон бекем үмүт менен көз жумган. Абактагы ишенимдеш достору ал жөнүндө: «Ал чындыкты тааныды, а чындык аны эркиндикке чыгарды»,— дешет (Жакан 8:32).

Давид коркунучтуу кылмышкер катары түрмөнүн өзгөчө катуу кайтарылган бөлүгүнө отургузулган. Киши өлтүрүү, адам уурдоо жана уурулук үчүн ал 110 жылга кесилген. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөнүн натыйжасында бара-бара анын жүрүм-туруму кыйла өзгөргөн. Атүгүл бир жолу ага түрмөнүн башка бөлүгүндө өткөрүлгөн диний жолугушууга кайтаруучулардын көзөмөлү астында катышууга уруксат берилген. Убакыттын өтүшү менен ал өзүнүн жашоосун ыйык китептик талаптарга ылайык келтирген. Азыр Давид кабар айтуу ишине катышып, өзгөчө катуу кайтарылган бөлүктө сегиз кылмышкер менен ыйык китептик изилдөө өткөрөт. Анын жүрүм-турумунун түп-тамырынан бери өзгөргөнү жакындарын абдан таң калтыргандыктан, алар ыйык китептик чындык менен таанышуу үчүн ага келе башташкан. Давид: «Рухий эркиндикке чыгарганы үчүн Жахабага ыраазычылык билдирүүдөн чарчабайм»,— дейт.

Жахабанын Күбөлөрү уюштурган ыйык китептик окутуу программасы жемишин берүүдө: Мексиканын 79 түрмөсүнөн 175 адам чындыкты таанып оңолгондон кийин кабар айтууга уруксат алышкан; алардын 80и чөмүлтүлгөн. Азыр алар абактын ичинде 703 ыйык китептик изилдөө өткөрүшүүдө. Ошондой эле Күбөлөрдүн түрмөдө өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына 900дөй адам катышат.

Түрмө жетекчилеринин жылуу пикири

Бир канча түрмөнүн администрациясы Кудайдын эли жүргүзүп жаткан элагартуу иши тууралуу жылуу пикирлерин билдирүүдө. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрү соттолгондорго «адамгерчилик менен чын дилден камкордук» көрсөтүшкөнү үчүн 2002-жылы Текаш түрмөсүнүн жетекчилеринен (Юкатан штаты) ыраазычылык кат алышкан.

Бул түрмөдө Күбөлөр ыйык китептик окутуу программасын жаңыдан жүргүзө баштаганда, жолугушуулар бир нече кайтаруучунун көзөмөлү астында өткөрүлчү. Бирок убакыттын өтүшү менен соттолгондордун жүрүм-туруму оңолуп, кайтаруучулардын урматтоосуна ээ болгондуктан, аларды бир эле көзөмөлчү кайтарып калган.

Сьюдад-Хуарес түрмөсүндө атүгүл Падышалык залы бар. Аны куруу жана диний жолугушууларды өткөрүү үчүн, курулуш материалдарын алып кирүүгө жана бош турган эски имаратты жаңылоого уруксат алынган. Курулуш ишин түрмөдө чөмүлтүлгөн 13 адам жана алар менен Ыйык Китепти изилдегендер жүргүзүшкөн. 100 орунга ылайыкташтырылган залдын ичинде үн күчөткүч аппараттар, даараткана жана жумшак отургучтар бар. Жума сайын өткөрүлүүчү беш жолугушууга болжол менен 50 киши үзгүлтүксүз катышып турат.

Ооба, ыйык китептик чындыктын жардамы менен өзгөрүүгө болот. Ыйык Китептин каарманы Менаше, Жүйүт падышасы, кылган оор кылмыштары үчүн чынжыр менен кишенделип, Бабылга туткундалып кеткенден кийин күнөөлөрү үчүн чындап өкүнүп, Кудайга кайрылгандай, бүгүн да түрмөдө отургандар өзгөрүп, Кудайдан корккон адамдардан боло алышат (2 Жылнаама 33:12, 13).

[22-беттеги сүрөт]

Түрмөдө чөмүлтүлүү

[23-беттеги сүрөт]

Түрмөдө өткөрүлгөн Пионердик кызмат мектебинин бүтүрүүчүлөрү окутуучулары менен