Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оор мезгилде берилген жубатуу

Оор мезгилде берилген жубатуу

Оор мезгилде берилген жубатуу

Барселонанын (Испания) жанындагы чакан шаарчада жашаган Долорес Гомес мээсинде шишик бар экенин укканда 44 жашта эле. Догдур анын сегиз айдай гана жашай турганын айткан. Ишенимдештери Долореске бардык жагынан жардам берип, сүйүү көрсөтүшкөн. Анын өлөрүнө аз калганда, Испаниянын ар кайсы жеринен Жахабанын Күбөсү болбогон туугандары келишкен.

Жахабанын жергиликтүү Күбөлөрү аларды турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылып, унаа жана башка жагынан жардам көрсөтүшкөн. Долорестин өлөр-өлгөнчө ишенимин бекем сактаганы жана оң маанайы, ошондой эле жергиликтүү Күбөлөрдүн меймандостугу үй-бүлөсү менен туугандарына терең таасир калтырган. Кандай сезимде калышканын алар төмөнкүдөй кат жазып билдиришкен:

«Бул катты биз ишенимдештерин сүйөрүн сөзү менен эле эмес, иши менен да көрсөткөн адамдардын тобуна жолдойбуз. Жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан андай сүйүүнү биз жашообуздун эң бир оор мезгилинде, кымбаттуу биртууганыбыз Лоли [Долорес] айыккыс дарт менен күрөшүп жатканда, көрдүк.

Ошондуктан оор жоготууга кабылган биз, Испаниянын ар кайсы жеринен келген тууган-туушкандары, баарыңарга чын жүрөктөн чоң ыраазычылык билдиргибиз келет. Силер Долорес менен өмүрүнүн акыркы күндөрүндө кубанычын жана кайгысын, жеңиштерин жана азаптарын тең бөлүштүңөр.

Ошондой эле силерди көрүп, сүйүү менен биримдиктин кандай болорун түшүнгөнүбүздү билишиңерди каалайбыз. Эми артка жол тартканы турабыз, бизди үй-бүлөлөрүбүз жана күнүмдүк милдеттерибиз күтүп турат. Бирок биз үйлөрүбүзгө башка адам болуп барабыз, себеби биртууганыбыз Лоли менен силер көрсөткөн сүйүү зор таасир этти. Ошол сүйүүңөр бизге кайрат жана жашообузду улантууга күч берет.

Коштошуп жатып силерди биртуугандарыбыздай көрүп калганыбызды жана баарыңарга абдан ыраазы экенибизди билдиргибиз келет. Кайрадан көрүшкөнчө, достор. Жахаба силерге мындан ары да батасын бере берсин».

Долорес Гоместин туугандарынын колу.

[26-беттеги сүрөт]

Жахабанын жергиликтүү Күбөлөрүнүн айрымдары.