Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамзат тарыхындагы өзгөчө күн

Адамзат тарыхындагы өзгөчө күн

Адамзат тарыхындагы өзгөчө күн

Ал күнү Ыйса Машайактын өмүрү кыйылган. Эмне үчүн анын өлүмү зор мааниге ээ? Мунун бир нече себеби бар.

Ыйсанын өмүрүнүн аягына чейин берилген бойдон калганы адамдардын Кудай алдында актыгын сактай аларын далилдеген.

Ошондой эле Машайактын өлүмү айрымдарга келечекте аны менен асманда бийлик кылууга, ал эми башка көптөгөн адамдарга жердеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө жол ачкан.

Өлөрүнүн алдындагы кечте Ыйса сүйүүсү менен бере турган курмандыгынын символдору катары ачытылбаган нан менен кызыл шарапты колдонуп, шакирттерине: «Муну Мени эске түшүрүш үчүн кылгыла»,— деп айткан (Лука 22:19, «Мукаддас»). Сиз бул буйрукка ылайык өткөрүлүүчү маанилүү жолугушууга келесизби?

Жахабанын Күбөлөрү сизди Ыйсанын өлүмүн эскерүү кечесинде өздөрү менен бирге болууга чын жүрөктөн чакырышат. Ал быйыл шаршембиде, 12-апрелде, күн баткандан кийин өткөрүлөт. Сиз үйүңүзгө жакыныраак жайгашкан Падышалык залына барсаңыз болот. Ал өзгөчө жолугушуунун качан жана каерде өткөрүлөрүн билүү үчүн, өзүңүз жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылыңыз.