Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алдыбызда кандай келечек турат?

Алдыбызда кандай келечек турат?

Алдыбызда кандай келечек турат?

АЛДЫДАГЫ 10, 20 же 30 жыл ичинде заман кандай жагына өзгөрөт болду экен? Террорчулук күч алып турган азыркы маалда келечекти ойлоодон да коркосуң. Технология ургалдуу өнүгүп жатат. Дүйнөлөшүү элдердин жана өлкөлөрдүн өз ара көзкарандылыгын күчөтүүдө. Ал эми дүйнөнүн төбөлдөрү бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, чечекейи чеч болуп жашоого жол ачат болду бекен? Айрымдар ошентет деген ойдо. Алар 2015-жылга чейин дүйнөнүн төбөлдөрүнүн жакырчылыктын жана ачарчылыктын чегине бөгөт коёруна, ЖИКСтин (СПИД) жайылышын токтоторуна, таза сууга жетпегендердин же санитардык талаптарга жооп бербеген шарттарда жашагандардын санын эки эсе азайтарына үмүттөнүшөт. («Күмөн санаткан көрүнүштөр» деген кутучаны карагыла.)

Бирок адамдардын келечекке байланыштуу ой жооруулары көп учурда суу кечпей калат. Мисалы, мындан бир нече он жылдыктар мурун бир окумуштуу 1984-жылга чейин фермерлер суу астында жүрүүчү трактор менен океандын түбүн айдап калат деп «пайгамбарлык кылган». Ал эми башка изилдөөчү 1995-жылы жол кырсыктарынын алдын алуучу компьютер менен жабдылган автоунаалар чыгарылып калат деген. Дагы бирөө 2000-жылга чейин 50 000 адам ачык космосто жашап, иштеп калат деп ырастаган. Алар азыр ошол айткандарына өкүнүп жүрүшкөндүр. Бир журналист белгилегендей, «айтылуу акылмандардын акылсыздыгын ашкерелөө жагынан убакыттан өтөрү жок».

Жолкөрсөткүчүбүз

Адамдарга келечекке үмүт артуу мүнөздүү, анткен менен алардын ой-божомолдоолору көбүнчө чыныгы жашоо менен төп келишпей калат. Анда бизди чынында эмнелер күтүп турганын кайдан биле алабыз?

Бу суроого жооп алыш үчүн, мындай мисал карап көрөлү. Силер чоочун өлкөдө автобуста баратасыңар дейли. Тегерек-чет бейтааныш көрүнгөнүнөн, туура багытта баратамбы деп тынчсыздана башташыңар мүмкүн. Дагы канча жол жүрүш керек? Кайсы аялдамадан түшөм? Буларды терезеден эки-жакты карап, жол белгилерине көңүл буруп, жолкөрсөткүч карта менен салыштырып аныктап билүүгө болот.

Эртеңкини ойлоп тынчсыздангандар да ушундай абалда. Алар жалпы адамзаттын тагдыры кандай болорун билгиси келет. Кызыгышканы — бүткүл дүйнөдө тынчтык орнойбу? Орносо, качан? Ушул суроолорго Ыйык Китептен — «жолкөрсөткүчтөн» — жооп алууга болот. Аны кунт коюп окуу менен, «жол белгилерине» — дүйнөдөгү окуяларга — кылдат көңүл буруу менен учурдагы окуялардын маанисин жана алдыда дагы эмнелер болорун кененирээк биле алабыз. Ал эми ириде азыркы көйгөй-кыйынчылыктардын себебин билип алышыбыз абзел.

Каргашалуу башталыш

Ыйык Китептеги билдирүү боюнча, Кудай жеткилең аял менен эркекти — Адам менен Обону — жаратып, бейиш багына жайгаштырган. Алар 70—80 жыл гана эмес, түбөлүк жашай алышмак. Кудай экөөнө: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле»,— деген. Ал Адам менен Обонун урпактары менен чогуу бүтүндөй жер бетин бейишке айлантышын каалаган (Башталыш 1:28; 2:8, 15, 22).

Бирок Адам менен Обо Кудайга каршы чыгып, бейиш үйүнөн ажырап калышкан. Ал гана эмес, алар жүрө-жүрө денелик жана рухий жактан бузулуу процессине моюн сунушкан. Күн өткөн сайын алардын өмүр менен кош айтышар маалы жакындай берген. Эмне үчүн? Жаратканынан баш тартуу менен алар күнөө кетиришкен, ал эми «күнөө үчүн жаза — өлүм» (Римдиктерге 6:23).

Адам менен Обо акыры өлгөн. Бирок алар ага чейин бала-чакалуу болушкан. Алардын балдары Кудайдын баштапкы ой-ниетин ишке ашыра алышат беле? Жок, себеби аларга ата-энесинин жеткилеңсиздиги тукум кууп өткөн. Чынында, муундан муунга, Адамдын урпактарынын баарына (алардын ичинде бизге да) күнөө менен өлүм тукум кууп өтүп келатат. «Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди,— деп айтылат Ыйык Китепте,— күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти» (Римдиктерге 3:23; 5:12).

«Кай жакта баратканыбызды» аныктоо

Адам менен Обонун козголоңу адамзатты ары узак, ары азаптуу жолго салган. Ал жол ушул күнгө дейре арый элек. Ыйык Китепте айтылгандай, адам баласы «курулай убаракерчиликке... баш ийген» (Римдиктерге 8:20). Бул сөздөр адамзаттын аракетин кандай гана таамай сүрөттөйт! Адам атанын урпактарынын арасында чыгаан инсандар: окумуштуулар, медицина кызматкерлери жана техника адистери болуп келген. А бирок Кудайдын ой-ниетин жүзөгө ашырууга — жер жүзүнө тынчтык орнотуп, адамзатты чың денсоолук менен камсыз кылууга — алардын биринин да кудурети жеткен эмес.

Адам менен Обонун козголоңунун капшабы ар бирибизге тийген. Катаал адилетсиздиктин, жүрөкзаада кылган кылмышкерликтин, жанга баткан өнөкөт кеселдин азабын тартпай, кымбат же жакын адамдан ажыроонун күйүтүн билбей, кимибиз четте калдык. Эми эле телегейиң тегиз болуп турганы менен, кырсыкты кайдан деп болбойт. Жашоодо өзүбүздү бактылуу-таалайлуу сезген учурлар болгону менен, жалпы жонунан, Кудайдын байыркы кызматчысы Аюб айткандай, «адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон» (Аюб 14:1).

Адамзаттын басып өткөн жолун, азыркы муңдуу абалын карап туруп, келечегибиз кең болот деп ойлоо курулай үмүттөй сезилиши мүмкүн. Бирок Ыйык Китеп Кудайдын учурдагы жагдай-шарттардын түбөлүккө созулушуна жол бербээрине ишендирет. Анткени анын адамзатка байланыштуу ой-ниети жакында ишке ашат (Ышайа 55:10, 11). Буга ишенүүгө кандай негиздер бар?

Ыйык Китепте белгиленгендей, биз азыр «акыркы убак» деп аталган оор доордо жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Бирок «акыркы убак» деген сөз айкашы Жер кыйрап, андагы тиричилик-жашоонун тыйпыл болорун көрсөтпөйт. Тескерисинче, азыркы «дүйнөнүн» акырын, бизди азапка салган шарттардын жакында жоюларын айгинелейт (Матай 24:3). Ыйык Китепте акыркы күндөргө таандык окуялар жана адамдардын мүнөзү баяндалган. Алардын айрымдары 8-беттеги кутучада келтирилди. Алар аркылуу, терезеден эки-жакты карагандай, дүйнөдөгү абал-шартты байкасак болот. Жолкөрсөткүчүбүз Ыйык Китептин жардамы менен биз өзүбүздүн «кай жакта баратканыбызды», башкача айтканда, дүйнөнүн акырына абдан аз калганын аныктайбыз. Алдыда дагы кандай окуялар болот?

Келечегибиз

Адам менен Обо козголоң чыгарар замат, Кудай «түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты» орноторун билдире баштаган (Даниел 2:44). Ал көптөр тилеп жүргөн Падышалык адамзатка сөз менен айтып бүткүс баталарды алып келет (Матай 6:9, 10).

Кудайдын Падышалыгы жүрөгүбүздөгү бүдөмүк түшүнүк эмес, жер жүзүндө албан өзгөрүүлөрдү жасай турган, асмандагы чыныгы өкмөт. Ал аркылуу Кудай адамзатка байланыштуу бардык убадасын аткарат. Ан үчүн ал эң алды «жерди кыйраткандарды» жок кылары айтылат (Аян 11:18). Ал эми Кудайга баш ийгендер эмне болот? Кудай өз Сөзүнө жаздыргандай, «алардын бардык көз жашын аарчыйт», ошондуктан «өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт» (Аян 21:4). Мындай шарттарды орнотуу кайсы адамдын колунан келмек. Адамзатка байланыштуу ой-ниетин Кудай өзү ишке ашырат, анткени ага жалгыз гана анын кудурети жетет.

Кудайдын Падышалыгы алып келүүчү баталарды сен да аласыңбы? Жакан 17:3тө: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деп жазылган. Жахабанын Күбөлөрү ошондой билим алууну каалагандарга жардамдашууга даяр. Алар рухий билим берүү программасын 230дан ашуун өлкөдө жүргүзүп, 400дөн ашуун тилде рухий темадагы адабияттарды чыгарууда. Эгер ыйык китептик окуулар тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же 5-беттеги даректердин бирине кат жазсаңар болот.

[6-беттеги кутучат]

«„Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз“,— дегендер, кулак салгыла, силер эртең эмне болорун билбегендер...» (Жакып 4:13, 14).

[6-беттеги кутуча]

Ыйык Китепте алгачкы эркек менен аял жаратылгандан берки тарых баяндалган. Анда өткөндөгүлөр гана эмес, келечекте боло турган окуялар да маалымдалат. Бирок Ыйык Китепти түшүнүү үчүн, аны тереңирээк изилдөө зарыл.

[7-беттеги кутуча]

«Күнөө» бул туура эмес иш-аракетти билдирет же жамандык жасоого болгон ийкемдүүлүктү туюнтушу мүмкүн. Биз жарык дүйнөгө келгенден эле күнөөлүүбүз. Бул кылган ишибиздин баарына таасир этет. «Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок» (Насаатчы 7:20).

[7-беттеги кутуча]

Тагы бар барактан фотокөчүрмө жасалса, ага да так түшөт. «Түпнускабыз» Адамда күнөөнүн «тагы» болгондуктан, ал «көчүрмөлөрүнө», башкача айтканда, урпактарына, демек, бизге да өткөн.

[8-беттеги кутуча]

«Өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Жеремия 10:23). Ошондуктан адамдардын бүткүл дүйнөгө тынчтык орнотууга жасаган аракетинен натыйжа чыкпай келет. Адам «бутуна» Кудайдан көзкарандысыз «багыт берүү» үчүн жаратылган эмес.

[9-беттеги кутуча]

Забурчу Кудайга: «Сенин сөзүң — бутума шам, жолума жарык»,— деген (Забур 118:105). Ыйык Китеп, шам сымал, туура жакка багыт алышыбызга жардам берет. Ал жолубузга жарык чачкандыктан, адамзаттын келечеги кандай болорун биле алабыз.

КҮМӨН САНАТКАН КӨРҮНҮШТӨР

БУУга мүчө болгон өлкөлөр 2000-жылдын сентябрында 2015-жылга чейин бир катар максаттарга жетүү чечимин бир добуштан кабыл алышкан. Ал максаттардын кээси булар:

ачарчылыктан жапа тартып жаткандардын жана күнүнө бир доллардан кем киреше тапкандардын санын эки эсеге кыскартуу;

бардык балдарга башталгыч билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү;

билим берүү системасынын бардык баскычында жыныстар ортосундагы теңсиздикти жоюу;

беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдү 66 пайызга кыскартуу;

энелердин өлүмүн 75 пайызга кыскартуу;

КИТВнын (ВИЧ)/ЖИКСтин (СПИД), безгектин жана өмүргө коркунуч туудуруучу башка оорулардын да таралышын токтотуу, санын кыскартуу;

таза суунун жетишсиздигинен жапа тарткандардын санын 50 пайызга азайтуу.

Бул максаттар ишке ашабы? Көздөгөн максаттардын чыныгы жашоодон алыс экенин дүйнөнүн 2004-жылдагы абалы айгинелегендиктен, дүйнөдөгү саламаттык сактоо кызматтарынын жетекчилери алардын ишке ашарына күмөн санашат. «Дүйнөнүн 2005-жылдагы абалы» аттуу китептин алгы сөзүндө мындай деп белгиленет: «Жакырлык көп жактан кендирди кесип турат. Көптөгөн өлкөлөрдө КИТВ/ЖИКС өңдүү оорулар качан жарылары белгисиз бомба сыяктуу чоң коркунуч туудурууда. Суу аркылуу таралган, бирок алдын алууга мүмкүн болгон инфекциялар акыркы 5 жыл ичинде 20 миллионго жакын баланы өлүмгө дуушар кылган. Жүз миллиондогон адамдар таза суунун жана жөнөкөй эле тазалыктын жоктугунан кир шартта жана жакырчылыкта жашап жатат».

[8, 9-беттеги кутучалар]

АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН АЙРЫМ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Болуп көрбөгөндөй согуштар (Матай 24:7; Аян 6:4).

Ачарчылык (Матай 24:7; Аян 6:5, 6, 8).

Эпидемиялар (Лука 21:11; Аян 6:8).

Тартипсиздиктин көбөйүшү (Матай 24:12).

Жердин кыйратылышы (Аян 11:18).

Катуу жертитирөөлөр (Лука 21:11).

Жашоону кыйындаткан оор күндөр (2 Тиметейге 3:1).

Акчаны сүйүүчүлүк (2 Тиметейге 3:2).

Ата-энеге баш ийбестик (2 Тиметейге 3:2).

Элдешпестик же табигый туугандык сезимдердин жетишсиздиги (2 Тиметейге 3:3).

Кудайга караганда ыракатты сүйүүчүлүк (2 Тиметейге 3:4).

Өзүн өзү кармай албастык (2 Тиметейге 3:3).

Жакшы нерсени жек көргөндүк (2 Тиметейге 3:3).

Келе жаткан коркунучтарды тоотпогондук (Матай 24:39).

Шылдыңдоочулардын акыркы күндөрдүн далилдерин четке кагышы (2 Петир 3:3, 4).

Кудайдын Падышалыгы тууралуу дүйнө жүзү боюнча кабарлоо (Матай 24:14).

[Булак]

© G.M.B. Akash/Panos Pictures

© Paul Lowe/Panos Pictures

[9-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар тараткандыгы менен белгилүү.