Альгамбра Ислам Гранадасынын бермети
Альгамбра Ислам Гранадасынын бермети
ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
«Чыгыштын бул сепилине байланыштуу канчалаган уламыштар менен жомоктор чыгарылган, канчалаган ырым-жырымдар, чыныгы окуялар айтылган. Испан жана араб тилдеринде ал сепил күбө болгон сүйүүнү, жоо сайышты, эр азаматтардын айбатын даңктаган нечен ырлар, балладалар жазылган» (Вашингтон Ирвинг, XIX кылымдагы америка жазуучусу).
ЖОГОРУДА поэтикалык тил менен сүрөттөлгөн ордо — Альгамбра. Испаниянын Гранада деген шаарында жайгашкан ал кооз ордо — араб-перс архитектурасынын түштүк Европада сакталып калган бирден-бир көрүнүктүү үлгүсү. Анын атагын Испанияны бир нече кылымдар бою башкарып турган мусулман маврлар чыгарышкан *.
XI кылымда эмир Зави бен Зири Гранада көзкарандысыз мамлекетин негиздеген. Ал мамлекет 500 жылдай доор сүрүп, колөнөрчүлүк, маданият жагынан бийик ашууларды багындырган. Ал эми 1492-жылы Гранаданы католик монархтары Фердинанд менен аялы Изабелла тартып алган себептүү мусулмандардын бийлиги аяктаган.
Маврлардын Гранадасы өзгөчө 1236-жылы Кордова шаарын христиандар тартып алгандан кийин гүлдөгөн. Гранада ислам Испаниясынын борборуна айланып, анын башкаруучулары Европада буга чейин болуп көрбөгөн, «дүйнөдөгү эң бир кооз курулма» аталып калган Альгамбраны салышкан.
Альгамбра — кенен сарай комплекси. Ал туш тарабынан чеп менен курчалып, артында бийиктиги 3 400 метрге жеткен мөңгүлүү Сьерра-Невада тирелгендиктен, салтанаттуу көрүнөт. Альгамбра 150 метр бийиктиктеги Сабика деген токойлуу дөңсөөдөн орун алгандыктан, астындагы шаарга үстөмдүк кылгансып турат. Дөңсөөдөн Гранада шаары алаканга салгандай көрүнгөнү үчүн, XIV кылымдын акыны Ибн-Зумрук ал дөңсөөнү колуктусуна суктана караган күйөөгө салыштырган.
Шаардын ичиндеги шаар
«Альгамбра» деген сөз араб тилинен которгондо «кызыл» дегенди билдирет. Минтип аталышынын себеби сепилдин дубалдарын курууга кызыл кыштар колдонулганында болсо керек. Бирок айрымдар араб тарыхчыларынын оюна кошулушат, алар сепил түнкүсүн шамдардын жарыгы менен салынгандыктан, дубалдары кызгылт көрүнүп, ушинтип аталып калган деп эсептешкен.
Альгамбра ири сепил гана эмес, Гранада шаарынын ичиндеги өзүнчө шаар. Бийик чептердин курчоосунда гүлзар-бак, чатырлар, сепил ансамбли, алькасаба (же сепил) жана чакан медина (же шаар) орун алган. Маврлардын чеберлери Альгамбраны араб оймо-чиймелери менен Европанын Кайра жаралуу дооруна таандык стилин айкалыштырып курушкан.
Альгамбранын кооздугу — мавр жана байыркы грек чеберлеринин кол эмгеги. Адегенде өңү, касиет-түзүлүшү, көлөмү боюнча бири-бирине ылайык, төп келген, жөнөкөй таштар тандалып алынган. Ошондон кийин гана курулуп, кооздолгон. Бир искусство адисинин айтымында, «мавр куруучулар, эреже катары, курулманын өзүн жасалгалап-кооздошкон, жасалгаларды кошо курушчу эмес».
Альгамбрада сейилдөө
Альгамбрага аттын такасындай ийилген, Акыйкаттык босогосу деген чоң арка аркылуу киресиң. Бул аталыш ал жакта мусулманчылык басымдуулук кылып турганда, бийлер чогулуп, элдин майда-барат иш-маселелерин, талаш-тартыштарын териштиргенинен кабар берет. Шаар дарбазасынын алдында кайсы бир маселелерди кароо Ортоңку Чыгышта адаттагы иштерден болгон. Ал тууралуу Ыйык Китепте айтылат *.
Альгамбра сыяктуу араб сарайларынын кооздолушунун өзгөчөлүктөрү — дубалдарга кочкор мүйүздөнтүп, куш тырмактантып, түмөн түрмөктөнтүп чегилген араб оймо-чиймелери. Аларды колунан көөрү төгүлгөн чеберлер ишке ашырганы айкын. Айрым аркалардын оймосун карап турсаң, тим эле зымга тарткандай тегиз, акиташ тектен жаралган урчуктардай кооз көрүнөт. Зиллиз же сайкалданган карапа такталар да сарайга көрк берет. Алар менен татаал геометриялык сүрөт түзүлүптүр. Пайдубалындагы мындай түстүү, кооз беттеме дубалдардын
сары-боз шыбагынын өңүнө куп келишип турат.Альгамбранын сарайынын аянтчаларынын ичинен Арстандар аянтчасы өзгөчө таасирлентет. Ал «араб жана испан архитектурасынын айкалышынын үлгүсү» болуп эсептелет. Гранада шаары боюнча бир жолкөрсөткүчтө: «Кээ бир чебер, көркөм иштерди кайрадан жаратуу мүмкүн эмес... Мунун калетсиздигине Гранада Альгамбрасындагы Арстандар аянтчасы да далил»,— деп белгиленген. Шыңгадай түз түркүктөр тизилген галереялар менен курчалган аянтчанын ортосунда 12 арстан турат, алардын үстүнө оргуштап суу чыгып турган казан орнотулган. Чын эле, аянтча Испаниянын кооз жерлеринин бири экен.
Салкын бак
Бактары, фонтандары жана көлмөлөрү да Альгамбрага кайталангыс көрк берет *. Энрике Сордонун китебинде белгиленгендей, «араб бактары чыныгы бейишти элестетер эле» («Moorish Spain»). Бул жактан ислам архитектурасынын басымдуулугу дароо эле байкалат. Испан жазуучусу Гарсиа Гомес мындай деген: «Куранда бейиш барпайган бактуу... суусу мол жай катары сүрөттөлөт». Альгамбранын курулушунда да сууга өзгөчө маани берилген, себеби кагыраган чөлдө жашаган маврлар үчүн суу кол жеткис кенч эле. Куруучулардын ою боюнча, суу абаны салкындатып, шылдыраган үнү менен кулактын кычуусун кандырмак. Ал эми төрт бурчтуу көлмөлөр испан асманынын өңү сыңары, көгүлтүр тартып, сарайдын аянтын кеңейткенсийт.
Альгамбрага маңдайлаш Серро-дель-Соль дөңсөөсүндө Гранада эмирлеринин жайкы резиденциясы, Генералиф, жайгашкан. Ал сарай-бакча араб ландшафт чеберчилигин *. Бир кездерде ал Альгамбра сарайы менен көпүрө аркылуу туташып турчу экен. Ал жакта Гранаданын бийлик башчылары эс алса керек. Короосуна чыксаң, Тектир сууга туш болосуң. Бул жактын кооздугу, абасынын тазалыгы, аңкыган жыттардын түрдүүлүгү келгендерди өзүнчө ырахатка бөлөйт.
чагылдырат. Ошондуктан «дүйнөдөгү ары кооз, ары жайлуу бактардын бири» атыкканМаврдын көз жашы
Гранаданын акыркы башкаруучусу Боабдил (Мухаммед XI) шаарды Фердинанд менен Изабеллага тарттырып жиберип, үйбүлөсү менен тоого качкан. Аны азыркы Эль-Суспиро-дель-Моро — Маврдын көз жашы — деген жерге барып баш калкалаган дешет. Ошол жактан Альгамбра дапдаана көрүнгөн. Боабдил атактуу кызыл сепили менен коштошуп, ага акыркы жолу көз чаптырганда, энеси: «Эркектей болуп коргой албаган немеңди, аялдай болуп кошок кошуп жокто!» — дептир.
Учурда Альгамбрага жылына үч миллионго жакын турист барып турат. Алар да, Боабдилге окшоп, Гранаданын бермети болуп эсептелген араб сепилин шаардагы дөңсөөдөн айкын көрө алышат. Ал жакка силер да барып кала турган болсоңор, маврлардын акыркы башкаруучусунун эмнеликтен мынчалык муңканганын түшүнөрүңөр шексиз.
[Шилтемелер]
^ 4-абз. Б.з. 711-жылы араб-бербер баскынчылары Испанияны басып алганынын натыйжасында жарым аралдын басымдуу бөлүгүн жети жыл бою мусулмандар башкарып калышкан. Дээрлик эки кылымдын ичинде Кордова эң чоң шаарга жана, кыязы, Европадагы эң ири маданий борборго айланган.
^ 13-абз. Мисалы, Кудай Мусага: «Элге адилет өкүм чыгарып турушу үчүн... жерлерге [«дарбазаларга», «ЖД»]... башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөрдү дайында»,— деген (Мыйзам 16:18).
^ 17-абз. Арабдар Испанияда, деги эле Жер ортолук деңизди жээктеген аймактарда бак отургузууда Персия менен Византиянын абаттандыруу стилин колдонушкан.
^ 18-абз. Аталышы «Женнат аль-Ариф» деген араб сөзүнөн келип чыккан. Кээде ал «асман тиреген бактар» деп которулганы менен, мааниси боюнча, «куруучунун багы» дегенге жакыныраак.
[15-беттеги сүрөт]
Line art: EclectiCollections
All except top photo: Recinto Monumental de la Alhambra y Generalife
Алькасаба
[16-беттеги сүрөт]
Арстандар аянтчасы
Генералиф бакчасы
All photos: Recinto Monumental de la Alhambra y Generalife
Above photos: Recinto Monumental de la Alhambra y Generalife; bottom photo: J. A. Fernández/San Marcos
Тектир суу