Аркарларды издеп...
Аркарларды издеп...
Жадыраган жаз күндөрүнүн таңында карталар менен камераларыбызды алып, шляпа, бышык буткийим кийип, джипке отурдук да, алыска сапар тарттык. Көздөгөн максатыбыз — Кипрдеги Троодос тоосунда жайгашкан Пафос токоюна барып, өтө сак келген аркарларды көрүп келүү. Алар кандай жаныбарлар болду экен?
АРКАРДЫН бир түрү муфлон деп аталат. Муфлондордун тукумдаштары Жер ортолук деңиздин бүт аймагында кездешет. Бирок бизди кызыктырган аркарлардын Кипр тоолорун мекендээрин жана маралдай сымбаттуу, текедей шамдагай келерин укканбыз. Бул жаныбарларды бийик тоолуу жерлерден гана көрүүгө болот.
Чоң жолдон тоонун этегин көздөй бурулуп, бир нече убакыттан кийин кооз өрөөнгө туш келдик. Тоо боорундагы мөмөлүү бактардын арасынан айылдар дүпүйө көзгө урунат. Кичине жүрө түшкөн соң жолубуз өңгүл-дөңгүл болуп, кээде машинебиз тик жарларды бойлоп өтүп жатты. Акырында болжогон жерибизге — токойчунун үйүнө — жеттик. Биз 60 000 гектарга созулган кызыл карагайлар жана арчалар жыш өскөн Пафос токоюнун ортосунда кофе ичип, токойчу Андреастын аркарлар жөнүндөгү кызыктуу кебине кулак түрүп отурдук.
Кипрде кездешкен аркар-кулжалар эң чоң жапайы сүт эмүүчү жаныбарлар экенин жана мындан мурун аралда абдан көп болушканын уктук. Бул жапайы койлордун сүрөттөрү грек-рим мозайкаларынын көбүнө түшүрүлгөн, ал эми орто кылымдардын чыгармаларында аксөөктөрдүн Пафос токоюнда аларга мергенчилик кылып, көңүл ачканы жазылган.
Андреас бизди тосмого алып келе жатып аркар-кулжалар жөнүндө кеңири айтып берди. Көрсө, мылтык менен аңчылык кылуунун натыйжасында, бир кездерде алардын тукуму кескин азайып, жок болуп кетүү коркунучу пайда болгон экен. Ошондуктан 1938-жылы бул жаныбарларды коргоо үчүн, өлкөдө аңчылык маселеси кайрадан каралган. Токойчулар менен полиция кызматкерлери мыйзамсыз аңчылыкка каршы биргелешип күрөш жүргүзүшкөн. Андан бир жыл өткөндөн кийин, токойдо мергенчилик кылууга тыюу салынган. Бул чаралардын жана 1960-жылдары көрүлгөн башка аракеттердин аркасында аркар-кулжалардын тукумдап-көбөйүшүнө эң сонун шарт түзүлгөн.
Биринчи кездешүү
Андреасты ээрчип баарыбыз тосмодон өткөндөн кийин, бадалдар менен дарактарды аралай бастык. Токойчу акырыныраак болушубузду суранып, тоонун
боору менен өйдө алып чыкты. Күндүн нуру төгүлгөн талаачада үч аркар, эки козунун оттоп жүргөнүн көрдүк. Аркардын жүнү ачык күрөң, боору боз сур, бою бир метрдей экен.Алар бизге көңүл бурбай оттой беришти, анткени жылдын ушул маалында шибер чөп баш көтөртпөйт. Бирок козулар оюн салганын токтотуп, биз тарапты көздөй бир-эки кадам шилтегендей болушту. Кубанганыбызды айтпа! Тилекке каршы, камеранын шарк-шурк эткени аларды үркүтүп жиберди. Көз ачып-жумгуча алар токойго качып кирип, көздөн кайым болушту.
Аркарларды көргөнүбүзгө төбөбүз көккө жете сүйүнүп, токойду жөө аралоо менен аларды табияттын кучагынан кайрадан көрүүгө бел байладык. Андреас бизге таң аткыча күтө турууну сунуш кылды: ошондо жаныбарлар азык издеп, токойдон чыгышат экен. Биз өрөөнгө чатыр тиктик да, маңдайыбыздагы бийик тоо аркарларды издөөгө ылайыктуу жай экенине ынанып, жатууга камындык. Жылдын жылуу мезгилинде аркар-кулжалар бийик тоолорду мекендешет, ал эми кышында, чокуларды кар каптаганда, төмөн түшүп, коруктан да чыгып кетишет.
Аркар-кулжалардын кууту күзүндө башталат. Кышында алар 10—20дан болуп топ-тобу менен жашайт. Ал эми апрель—май айларында туут башталганда, биз коруктан көргөндөй, чаканыраак топторго бөлүнүп жайылышат. Кулжалары (эркектери), адатта, өзүнчө жайылат.
Токойдогу кулжа
Эртеси таңга жуук машинени калтырып, кайра тоону көздөй бет алдык. Токой тынчтыкка бөлөнүп, бак-дарактарга боз түшүп турган. Айлананын жымжырттыгына суктанып турганыбызда, кокусунан маңдайыбыздан кулжа көрүнө калды. Келбети сындуу, чымыр, төшү каралжын келип, кышкы коюу жүнү дээрлик түлөп калган экен. Башын кылчая буруп, кара кирпиктүү көздөрү менен бизге кекирейе тигилип, таноолорун кыймылдата биз тараптан жыт искеп жатты. Анын буралып, артын карай ийилген жоон мүйүздөрү, бери дегенде, 40 сантиметрдей бар! Ал кечээ биз көргөн аркарлардан кыйла чоңураак, болжолу, 35 килограммдай келсе керек.
Биз демибизди ичибизге катып, тымтырс болуп калдык. Ошентсе да бул өтө сак жаныбар жыт алып калган көрүнөт: башын силкип алды да, заматта көздөн далда болду. Аркар-кулжаларга эки күн бою байкоо жүргүзүү бизге эстен кеткис таасир калтырды. Бул үчүн Жаратканга кандай гана ыраазыбыз! Себеби ал: «Токойдогу жаныбарлардын баары Меники, тоодогу миңдеген мал да Меники»,— деп айтпады беле (Забур 49:10).
[13-беттеги сүрөт]
Top right: Oxford Scientific/photolibrary/Niall Benvie; European Mouflon: Oxford Scientific/photolibrary
Кипр аркары (арттагысы) жана Европа аркары.