Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетекчиликти эмне үчүн Ыйык Китептен издөө керек?

Жетекчиликти эмне үчүн Ыйык Китептен издөө керек?

Ыйык китептин көзкарашы:

Жетекчиликти эмне үчүн Ыйык Китептен издөө керек?

«Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тиметейге 3:16).

ЖАШООДО жетекчиликти кайдан издейсиң? Бүгүнкү күндө ар кайсы темада толгон-токой кеңештер бар. Ошентсе да көптөр жетекчиликти байыркы китептен, башкача айтканда, Ыйык Китептен издешет.

Бирок илим-билим жана технология өнүккөн азыркы доордо адамдардын көбү Ыйык Китептин баалуулугуна шектенишет. Мисалы, айрым аттуу-баштуу окумуштуулар жана мугалимдер ыйык китептик принциптерди колдонулгус дешет. Чынында эле ошондойбу? Бүгүнкү күндө ар кыл кеңештер камтылган булактар көп болсо, анда эмне үчүн жетекчиликти Ыйык Китептен издөө керек?

Чындыкты камтыган китеп

Бир жолу Ыйса кудуктун жанында эс алып отуруп самариялык аял менен маектешкен. Ыйса ага: «Кудай — Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек»,— деп айткан (Жакан 4:24). Бул сөздөр Кудай чындап жактырган сыйынуунун бар экенин көрсөтүп турат. Ага «чындык боюнча» сыйынуу үчүн, сыйынуубуз Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык келиши керек, анткени чындык Кудайдын Сөзүндө камтылат (Жакан 17:17).

Ыйык Китепке ишенерин ырастаган диндер көп, бирок алардын окуулары бири-бирине кайчы келет. Ошондуктан көптөгөн адамдар Ыйык Китептин чынында эмнелерге окутарын билишпейт. Мисалы, Ыйса Кудайбы же Кудайдын Уулубу? Өлгөндөн кийин жашоо барбы же жокпу? Тозок адамдарды кыйнай турган жайбы? Шайтан чынында эле барбы? Ыйсанын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет? Биздин иш-аракеттерибиз, ойлорубуз Кудай үчүн маанилүүбү? Эгер эки адам бири-бирин сүйсө, алардын никеге чейин жыныстык катнашта болгону туурабы? Спирт ичимдиктерин ичүүгө болобу? * Көп диндин өкүлдөрү бул суроолордун жообун билебиз деп ырасташат, бирок жооптору көбүнчө бири-бирине карама-каршы келет. Демек, алардын окууларынын баары чындык болушу мүмкүн эмес (Матай 7:21—23).

Анда Кудай жөнүндөгү чындыкты жана ага кандай сыйынуу жагарын кантип билүүгө болот? Катуу ооруп жаткандыктан сага операция жасатуу зарыл дейли. Мындай учурда эмне кылмаксың? Албетте, адегенде мыкты хирург табууга аракеттенмексиң. Анын тажрыйбасын жана кесиптештеринин ой-пикирин эске алып, иштин чоо-жайын өзү менен сүйлөшмөксүң. Ошентип, мыкты адис экенине көзүң жеткенден кийин гана ага ишенип, операцияга макул болмоксуң. Сенин чечимиңе башкалар кошулбашы мүмкүн. Бирок хирургдун тажрыйбалуу экенине ынангандыктан туура чечим чыгарганыңа шектенбейсиң.

Анын сыңарындай, Кудайга жана Ыйык Китепке ишеним өрчүтүү үчүн кылдат, калыс изилдөө жүргүзүү зарыл (Накыл сөздөр 2:1—4). Кудайга кандай сыйынуу жагарын билүү үчүн, айрымдар чындыкка төп келбеген адамдык окууларга кайрылышат, ал эми башкалары Ыйык Китептин көзкарашын билүүгө умтулушат. Сенчи?

Тактыгы жана акылмандыгы

Эгер Ыйык Китепти кылдат изилдеп чыксаң, «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганына жана... пайдалуу» экенине көптөгөн далилдерди табасың * (2 Тиметейге 3:16, 17). Мисалы, ал китепте айтылган жүздөгөн пайгамбарлыктар ийне-жибине чейин аткарылган жана аларды тарыхый документтер тастыктап турат (Ышайа 13:19, 20; Даниел 8:3—8, 20—22; Михей 5:2). Ыйык Китеп илимий эмгек болбосо да, илимий жактан так. Андагы денсоолукка жана жер планетасына байланыштуу чындыктар окумуштуулардын ачылыштарына чейин эле миңдеген жылдар мурун жазылган (Лебилер 11:27, 28, 32, 33; Ышайа 40:22).

Ыйык Китеп бизге акылдуу чечимдерди чыгарууга да жардам берет. Анын барактарынан үйбүлөгө, денелик жана психикалык сак-саламаттыкка, жумушка жана күнүмдүк иштерге байланыштуу көптөгөн акылман кеңештерди табууга болот. Накыл сөздөр 2:6, 7де мындай деп айтылат: «Акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат. Ал адил адамдар үчүн куткарылуу [«акылмандыкты», «ЖД»] сактайт». Эгер Кудай Сөзүнө жетекчилик издеп кайрылсак, «жаман-жакшыны айырмалай билүү» жөндөмдүүлүгүн өрчүтө алабыз (Эврейлерге 5:14).

Ошондой эле Кудайдын Сөзү бизге жашоонун маңызы эмнеде экенин билүүгө жардам берет (Жакан 17:3; Элчилер 17:26, 27). Анда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын мааниси түшүндүрүлөт (Матай 24:3, 7, 8, 14; 2 Тиметейге 3:1—5). Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудайдын кандайча жамандыкты жок кылып, адамзатка чың денсоолук, түбөлүк өмүр берери айтылат (Ышайа 33:24; Даниел 2:44; Аян 21:3, 4).

Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу жана акылман кеңештердин булагы экенине миллиондогон адамдар ынанууда. «Ойгонгула!» журналын чыгаргандар силерди «Ыйык Китептин көзкарашы» деген дайым чыгуучу рубрикадагы макалаларды изилдөөгө чакырат. Ал макалаларда мыкты жетекчиликти Ыйык Китептен гана табууга болоруна көптөгөн далилдер келтирилет.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Бул суроолор «Ойгонгула!» журналынын кийинки сандарындагы «Ыйык Китептин көзкарашы» деген рубрикада талкууланмакчы.

^ 12-абз. Ыйык Китептин Кудайдан шыктандырылып жазылганына кошумча далилдерди Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп Кудайдын сөзүбү же адамдыкыбы?» деген китептен (ор.) таба аласыңар.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Кудайга кандай сыйынуу жагат? (Жакан 4:24).

▪ Кудайдын акылмандыгына ээ болуу үчүн эмне кылуу керек? (Накыл сөздөр 2:1—4).

▪ Кандайча Ыйык Китеп акылмандыктын булагы болуп саналат? (Эврейлерге 5:14).