Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көк басуунун пайдасы менен зыяны

Көк басуунун пайдасы менен зыяны

Көк басуунун пайдасы менен зыяны

ШВЕЦИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

Көк басууда катышуучу козукарындардын кайсы бир түрлөрү өмүрдү сактайт, башкалары өлүмгө дуушар кылат. Алардын айрымдары сыр менен шарапка өзгөчө даам берсе, кээси тамак-ашты бузат. Мындай козукарындардын кайсы бир түрлөрү бак-даракта, башкалары болсо киринме бөлмөдө же китептерде пайда болот. Көк бардык жерден кездешет. Ал эмес, ушул сүйлөмдү окуп жатып дем алганыңарда организмиңерге анын споралары — чаңчалары — кирип жатышы мүмкүн.

КӨКТҮН ушунчалык кеңири таралганына ишенбесеңер, бир жерге, айталы, муздаткычка бир сындырым нан салып көргүлөчү, эмне болор экен. Көп өтпөй аны үлпүлдөк торчо каптап калат. Бул — көк басуунун белгиси.

Көк деген эмне?

Көк басууга өзүнчө класска кирген козукарындар себеп болот. Алардын жалган кебер, калпактуу, дат жана ачыткыч козукарындарды камтыган 100 000ден ашуун түрү бар. Козукарындардын 100гө жакын түрү гана адамдар менен жаныбарлар үчүн зыяндуу экени маалым. Ал эми азык же ажыроо тизмегинде маанилүү роль ойногондору көп. Алар органикалык заттардын чирип, кайра иштетилип өсүмдүктөргө керектүү азыкзатка айланышына катышат. Козукарындардын башка түрлөрү өсүмдүктөргө топурактан азыкзаттарды сиңирүүгө жардамдашып, алардын симбиозунда же биргелешкен мамиледе жашоосунда зарыл ишти аткарат. Арасында мите козукарындар да бар.

Көк басуу аба аркылуу микроспора же чаңча түрүндө тарайт. Спора ыңгайлуу шарттарда, керектүү температурада жана жетиштүү нымдуулукта өсө баштайт. Алар гиф деп аталган жипче сымал клеткаларды түзөт. Гифтер бири-бири менен чырмалыша өскөндө, үлпүлдөк кебез — мицелия — пайда болот. Дал ошону көк деп коёбуз. Ал ваннанын дубалындагы карапалардын улашкан жерлеринде пайда болсо, кир басып кеткендей же так түшүп калгандай көрүнөт.

Көк абдан тез көбөйөт. Көгөрүп кеткен нандан спорангийлерди — спораларды пайда кылган майда кара тактарды, байкоого болот. Бир спорангийдеги споралардын саны 50 000ге чейин жетет. Алардын ар бири бир нече күндүн ичинде эле жүз миллиондогон жаңы спораларды жаратууга жөндөмдүү! Көк басуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп калса, китеп, буткийим жана токойдогу кулап жаткан дарак бат эле көгөрүп кетет.

Көк кантип «тамактанат»? Азыгын адегенде жутуп, анан сиңирген адамдар менен жаныбарлардан айырмаланып, көк баарын тескерисинче кылат. Органикалык молекулалар өтө чоң же түзүлүшү татаал болсо, аларды жөнөкөй жана оңой сиңирилүүчү бирикмелерге ажыратуу үчүн, көк азык сиңирүүчү ферменттерди бөлүп чыгарат. Ал тамак издеп чабыттап кете албагандыктан, тамактын өзүндө жашашы керек.

Көк адамдар менен жаныбарлардын организмине зыян келтире ала турган микотоксиндер деген уу заттарды бөлүп чыгарат. Көктүн таасири, адатта, анын чаңчалары аба, тери аркылуу же жеген тамак менен кошо организмге киргенде, сезилет. Бирок көктүн зыяны гана эмес, пайдалуу да жагы бар.

Пайдасы

1928-жылы англис микробиологу Александр Флеминг көктүн бактерияларга каршы касиети бар экенин капысынан байкап калган. Көктүн Penicillium notatum деп аталган ал түрү бактерияларды өлтүрсө да, адам менен жаныбарлар үчүн зыянсыз. Бул ачылыш «азыркы медицинадагы эң натыйжалуу каражат деп эсептелген» пенициллиндин чыгарылышын шарттаган. 1945-жылы Флеминг кызматташтары Хоуард Флори жана Эрнст Чейн менен медицина тармагында сиңирген эмгеги үчүн Нобель сыйлыгына ээ болушкан. Ошондон тартып көк түрдүү дары-дармектерди, маселен, шакыйды, Паркинсон оорусун дарылоодо жана кандын уюшуна каршы пайдалануучу дарыларды чыгаруу үчүн колдонула баштаган.

Көк тамак-аш тармагына да жаңы даам киргизген. Мисалга сырды алалы. Сырдын бри, камабер, дания көк сыры, горгонцола, рокфор жана стилтон аттуу түрлөрү көктүн пенициллиум деген түрүнөн улам өзгөчө даамга ээ экенин билчү белеңер? Салями, соя соусу жана сыра тууралуу да ушуну айтууга болот.

Мындан сырткары, көгөрүүдө катышуучу козукарындар шарап жасоодо да колдонулат. Жетиштүү деңгээлде көгөргөн жүзүмдүн мөмөлөрү белгилүү бир убакта жыйналат да, таттуу шараптардын «мыкты» түрлөрүн жасоого колдонулат. Botrytis cinerea же көктүн асыл түрү жүзүм мөмөлөрүндөгү канттын деңгээлин жогорулатат. Ошондон улам шарапта таңдайдан кеткис татым жаралат. Ал эми шарап ачытылган жертөлөдөгү көктүн Cladosporium cellare деген өзгөчө түрү шараптын анык даамын чыгарат. Венгр шарапчыларынын макалында айтылгандай, «көктүн асылы мыкты шарап ачытат».

Зыяны

Көктүн айрым түрлөрүнүн зыяндуулугу алмустактан бери белгилүү. Б.з.ч. VI кылымда ассириялыктар (ашурлуктар) биологиялык куралдын байыркы түрүн — баштыкчалуу козукарындардын спорынья деген түрүн — колдонуп, душмандарынын кудуктарындагы сууларын ууландырышкан. Орто кылымдарда буудайды каракөсөөгө чалдыктырган ошол эле көк менен уугуудан көптөгөн адамдар кычыткыга, гангренага чалдыккан, галлюцинациядан, тарамышынын түйүлүшүнөн жапа тарткан. Эрготизм деп белгилүү болгон бул оору ал кезде «ыйык Антониянын оту» деп аталчу. Себеби аны менен жабыркагандардын көпчүлүгү айыгып кетүүнү үмүт кылып, ыйык Антониянын Франциядагы мазарына зыярат кылганы барышчу.

Көк бөлүп чыгарган эң күчтүү канцерогендүү (ракты пайда кылуучу) уу зат — афлотоксин. Азиядагы өлкөлөрдүн биринде бул уу заттын таасиринен жылына 20 000 адам набыт болот. Өмүргө коркунуч туудуруучу ал зат заманбап биологиялык курал чыгарууда колдонулган.

Бирок күндөлүк жашоодо көк денсоолукка олуттуу коркунуч туудурбайт. Бир медициналык басылмада: «Көк басууга себеп болуучу козукарындардын көбүнүн чаңчалары дем алганыбызда денеге кирип жатса да, зыянсыз»,— деп айтылат («UC Berkeley Wellness»). Адатта, көктүн таасиринен дем алуу жолдорунун астма өңдүү оорулары менен ооругандар, аллергиясы барлар, химиялык заттарга өтө сезгич келгендер, иммунитети төмөндөп кеткендер же көк менен жумушунда көп кагылышкандар, мисалы, фермерлер жапа тартышат. Ал балдар менен карыларга да өзгөчө зыяндуу.

АКШнын Калифорния саламаттык сактоо кызмат бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, көк төмөнкүдөй белгилерди чакырышы мүмкүн: оор же үстүртөдөн дем алуу, кышылдоо, энтигүү; мурундун бүтүшү; көздүн дүүлүгүшү: ачышуусу, жаш агуусу, кызаруусу; теринин дүүлүгүшү, бөрү жатыш болушу; тамактын оорушу, кургак жөтөлдүн пайда болушу.

Көк жана имараттар

Көптөгөн өлкөлөрдө көк менен күрөшүү максатында мектептердин, үйлөр менен офистердин жабылганы тууралуу угууга болот. 2002-жылдын башында Стокгольмдогу (Швеция) жаңыдан эле ачылган заманбап искусство музейин дал ушул себептен улам жабууга туура келген. Андагы көктү жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге болжол менен 4 миллион евро сарпталган. Мындай көйгөй акыркы кезде эмне үчүн көп кездешчү болду?

Буга негизинен курууда жана кооздоодо колдонулган материалдар себеп болууда. Учурда көккө туруксуз курулуш материалдары, айталы, гипс-картон көп колдонулуп жатат. Ал кат-кат картон менен гипстен турат. Гипс нымдуулукту жакшы кармайт. Ошондуктан ал ным болуп көпкө туруп калса, гипс-картондо картон менен «тамактанган» көктүн споралары пайда болот.

Куруу ыкмалары да өзгөрдү. АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү имараттардын көбү 1970-жылдарга чейин көбүрөөк желдетилчү. Бирок бара-бара жылуулукту үнөмдөө үчүн жылуулукту чыгарбоо жана жылчык-тешиктерди бүтөө жагын жакшыртуу зарыл болгон. Андыктан имараттын ичине суу киргенде, андагы нымдуулук узак убак бою сакталат да, көктүн пайда болушуна шарт түзүлөт. Бул кыйынчылыкты кантип чечүүгө болот?

Көктүн пайда болушунун толугу менен же жарым-жартылай алдын алуунун эң натыйжалуу жолу — бөлмөнүн ичи кургак, таза, ал эми нымдуулуктун деңгээли төмөн болушуна кам көрүү. Эгер кайсы бир жер ным болуп калса, аны тез арада кургатуу жана кайрадан ным болушуна жол бербөө керек. Чатыр менен саркынды аккан түтүк-жолдорду таза жана жакшы абалда кармоо зарыл. Пайдубалга суу топтолбош үчүн, анын айланасы дөңсөөрөөк болсун. Үйдө кондиционер бар болсо, саркындылар чогулуучу жабдуулары таза, суу түтүкчөлөрү бузук-сыныксыз болууга тийиш.

Адистердин ою боюнча, «көк менен күрөшүүдө эң негизгиси — нымдуулуктун деңгээлин көзөмөлдөө». Бул жөнөкөй чаралар өзүңөр менен үйбүлөңөрдү көктүн жагымсыз таасиринен коргойт. Көктү отко салыштырууга болот: ал же зыян, же зор пайда алып келиши мүмкүн. Аны кандай колдонуп жатканыбыздан жана көзөмөлдөй алар-албасыбыздан көп нерсе көзкаранды. Албетте, көк басууда катышуучу козукарындар тууралуу дагы көп нерселер белгисиз. Ошентсе да Кудайдын кереметтүү жаратуулары жөнүндө аз да болсо билүүдөн пайда гана алабыз.

[22, 23-беттердеги кутуча⁄сүрөт]

ЫЙЫК КИТЕПТЕ КӨК ТУУРАЛУУ АЙТЫЛАБЫ?

Ыйык Китепте «үйдүн», башкача айтканда, имараттын өзүндөгү «пес оорусу» тууралуу айтылат (Лебилер 14:34—48). «Жара» деп да аталган бул «пес оорусун» айрымдар жалган кебер же көк болгон деп эсептешет. Бирок бул — тек гана божомолдоо. Кандай болбосун, үйдүн ээси жарасы бар таштарды Кудайдын Мыйзамына ылайык чыгарып, үйдүн ички шыбагын кырып, шектүү көрүнгөн нерсенин баарын шаардын сыртындагы «таза эмес жерге» алып барып таштоого милдеттүү болчу. «Жара» кайра пайда болсо, үйдү таза эмес деп жарыялап, аны талкалап салышчу. Мындай кылдат көрсөтмөлөр Жахабанын өз элине болгон терең сүйүүсүн, алардын жыргалчылыгына кам көргөнүн чагылдырып турган.

[21-беттеги сүрөт]

Көктөн алынган дарылар көптөрдү өлүмдөн сактап калган.

[23-беттеги сүрөт]

Гипс-картон жана винил обою ным тартып тургандыктан, көгөрүп кетет.