Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мектептеги бузукулукка кантип каршы тура алам?

Мектептеги бузукулукка кантип каршы тура алам?

Жаштардын суроолору:

Мектептеги бузукулукка кантип каршы тура алам?

«Күн сайын балдар-кыздар секс тууралуу сүйлөшөт. Кыздар балдарга тийишет, атүгүл мектептен эле алар менен жыныстык катнашка барышат» (Айлин, 16 жаш).

«Мен окуган мектепте гомосексуалист балдар башкалардын көзүнчө эле адеп-ахлаксыз иштерди жасай беришет жана мунун эч кандай жаман жери жок деп ойлошот» (Микаэл, 15 жаш) *.

КЛАССТАШТАРЫҢ секс тууралуу көп сүйлөшөбү? Айрымдары, ал турсун, андай катнашка барышабы? Анда сенде да: «Мектепте жүргөндө сексти камтыган фильмдер тартылып, көрсөтүлгөн жерде иштеп жаткандай болосуң»,— деп айткан кыздыкындай сезимдер пайда болоттур. Арийне, мектептен көптөгөн өспүрүмдөр секс тууралуу сүйлөшүү же атүгүл андай катнашка баруу азгырыгына дайым дуушар болуп келишет.

Кээде классташтарыңдын «бирөөнү чабуу» жөнүндө сүйлөшкөнүн угуп калаттырсың. Бул сөз айкашы эч кандай убада бербестен эле кимдир бирөө менен жыныстык катнашта болууну билдирет. Айрым жаштар андай ишке өздөрү чала-була билген бирөөлөр менен барса, башкалары Интернет аркылуу таанышкан таптакыр чоочун адамдар менен барышат. Бирок эки учурда тең чыныгы сүйүү көрсөтүүгө максат коюлбайт. «Мындайда эки адам тең денелик кумарларын кандырууну гана көздөйт»,— дейт 19 жаштагы Дениэл.

Көптөгөн мектептерде «бирөөнү чабуу» темасы жаштардын бүйүрүн кызыткан темалардын бирине айланганы таң калыштуу эмес. 17 жаштагы бир кыз мектеп гезитине мындай деп жазган: «Дем алыш күндөрүнөн кийин балдар-кыздардын достору менен мектептин далистеринде топтошуп алып, ким кимди „чапканын“ жана анын кандай болгонун бири-бирине майда-чүйдөсүнө чейин баяндап, акыркы жаңылыктар менен „ызылдаша“ бөлүшүп жатканын угасың».

Эгерде сен Ыйык Китептеги нормаларга карманып жашоого аракет кылып жатсаң, секстен башканы сүйлөбөгөндөй көрүнгөн балдар-кыздардын арасында өзүңдү ашык адамдай сезишиң мүмкүн. Андан сырткары, көпчүлүккө кошулбасаң шылдыңга алынарың толук ыктымал. Буга кандайдыр бир деңгээлде даяр болушубуз керек, себеби Ыйык Китепте айланадагылар эмне себептен өзүңдү башкача алып жүрөрүңдү түшүнбөгөндүктөн сен тууралуу жаман нерселерди айтышы мүмкүн экени жазылат (1 Петир 4:3, 4). Анткен менен эч ким шылдың болгусу келбейт. Ошондуктан канткенде мектептен бузукулукка каршы туруп, карманган көзкараштарың менен сыймыктана аласың? Эң алды, жыныстык каалоолордун эмне себептен ушунчалык күчтүү болорун түшүнүп алганың маанилүү.

Өзүңдү түшүн

Өспүрүм куракта денелик жана эмоциялык жактан тез-тез өзгөрүүлөр болуп турат. Ошол мезгилде сенде сексуалдык күчтүү каалоолор пайда болот. Мунун табигый нерсе экенине ынандыргыбыз келет. Андыктан мектептен бөлөк жыныстагы кимдир бирөөгө тартылып жатсаң, табиятымдан эле жаман экенмин же адеп-ахлактык тазалыкты сактай албайм деп жыйынтык чыгарууга шашылба. Эгер чындап кааласаң, адеп-ахлактык тазалыкты сактай аласың. Буга эч шектенбе!

Бул куракта болуучу ар кандай сезимдер менен күрөшүүгө туура келерин билүүдөн сырткары, дагы бир нерсени эстен чыгарбашың керек. Жеткилеңсиз болгондуктан адамдардын баары жаман нерселерди кылууга жакын болушат. Ал турсун, элчи Пабыл да: «Дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат»,— деп кейиген. Ал жеткилеңсиздигинин айынан өзүн «байкуш адамдай» сезерин айткан (Римдиктерге 7:23, 24). Бирок буга карабастан ал жеңүүчү болуп чыккан, сен да жеңе аласың!

Классташтарыңды түшүн

Жогоруда сөз кылынгандай, классташтарың кечке эле секс тууралуу сүйлөй бериши же андай катнашта болгонун айтып мактанышы ыктымал. Алардын терс таасиринен сак бол (1 Корунттуктарга 15:33). Ошентсе да душман көрбө. Эмне үчүн?

Себеби алардын да сеникиндей эле каалоолору бар. Жеткилең эмес болгондуктан, алар да жаман нерселерди кылууга жакын. Бирок сенден айырмаланып, айрымдары «Кудайга караганда ыракатты сүйүшү» мүмкүн. Же табигый ынактыгы жок үйбүлөдө чоңоюшкандыр (2 Тиметейге 3:1—4). Дагы бирөөлөрүнө ата-энеси адеп-ахлак жагынан таалим-тарбия берген эместир (Эфестиктерге 6:4).

Андан сырткары, сен билимдин эң мыкты булагына — Кудай Сөзү болгон Ыйык Китепке — качан болбосун кайрыла аласың. Ал эми классташтарыңда андай булак жок. Ошондуктан алар ооздукталбаган кумарларга берилүү кандай кесепеттерди алып келерин билбеши ыктымал (Римдиктерге 1:26, 27). Муну ата-эненин баласына айдаганды үйрөтпөй туруп эле ылдам жүргөн машине берип, унааларга жык толгон жолго коё бергенине салыштырууга болот. Мындай мүмкүнчүлүккө бала абдан кубанышы ыктымал, бирок анын каргашага учурары — турган иш. Анда эмесе, курбуларың сенин көзүңчө секс тууралуу сүйлөшө баштаса же өздөрүнө кошулуп адепсиз иштерди жасоого мажбурласа, эмне кылсаң болот?

Адепсиз темалардан кач

Курбуларың секс тууралуу сүйлөшө баштаганда, өзгөчөлөнбөө үчүн аларды угууга, атүгүл сөздөрүнө кошулууга азгырылышың мүмкүн. Бирок алардын кандай ойдо калышарын ойлоп көрсөң. Андай иш-аракетиң чынында кандай адам экениңди же кандай адам болууну каалаарыңды көрсөтөбү?

Анда адеп-ахлаксыздык жөнүндө сөз жүрө баштаганын байкасаң эмне кылышың керек? Кетип калышың керекпи? Албетте! (Эфестиктерге 5:3, 4). Ыйык Китепте: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:3). Демек, сөзгө кошулбай кетип калганың адепсиз экениңди эмес, акылдуу экениңди көрсөтөт.

Андай маектерге кошулбай коюудан уялба. Анткени башка темадагы, өзгөчө, сени кызыктырбаган же катышкың келбеген иштер жөнүндөгү сөздөргө аралашпаганыңа уялбайсың да, туурабы? Мисалы, классташтарың куралданып алып уурулук кылууну сүйлөшүп жатышат дейли. Алардын жанына туруп алып пландарын угасыңбы? Анте турган болсоң, кошо катышуучу катары эсептелип каларың бышык. Ошондуктан акылдуулук көрсөтүп, ал жерден кетип каларың шексиз. Секс тууралуу сөз жүргөндө да ушинткениң абзел. Адатта, андай жерден өзүңдү такыбаа көрсөтпөй эле же шылдыңга алынбай кетип калууга болот.

Ооба, бул дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Алсак, класста жаныңа отургузулган курбуларың секс тууралуу маектерине сени да аралаштырууга аракет кылышы ыктымал. Андайда сылыктык менен, ошол эле учурда чечкиндүү түрдө сени алаксытпашын суран. Ага болбой жатса, Брендадан үлгү ал. Ал: «Мугалимден мени башка жерге отургузууну өтүндүм»,— дейт.

Кыраакы бол

Эртели-кеч классташтарыңдын айрымдары мындай маектерге эмне себептен кошулбаарыңды сурашы ыктымал. Кандай нормаларга карманарыңды сурашканда, кыраакылык көрсөтүп, кантип жооп берүүнү ойлон. Ооба, кээ бирлери көзкарашыңды түшүнүү үчүн эмес, шылдыңдоо үчүн эле суроо бериши мүмкүн. Бирок чын ниеттен сурап жатканын байкасаң, ишенимиң тууралуу сыймыктануу менен айтып бер. Көптөр классташтарына Ыйык Китептеги нормаларга карманып жашоо кандай пайдаларды алып келерин көрсөтүү үчүн «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) деген китепти колдонушкан *.

Чечкиндүү бол

Чогуу окуган бирөө денеңе колун тийгизүүгө же өбүүгө аракет кыла берсе, эмне кылышың керек? Эгер каршылык көрсөтпөсөң, андай иш-аракеттерин улантышына себеп берип коёсуң. Ыйык Китепте бузуку аялга өзүн кучактоого жана өбүүгө жол берип койгон бир жаш улан тууралуу айтылат. Ал аялдын жыныстык мамилелер жөнүндөгү сөздөрүнө кулак салып тура берген. Натыйжасы кандай болгон? «Ошол замат жаш улан союларын билбеген өгүздөй болуп... аялдын артынан жөнөдү»,— делет Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 7:13—23).

Ал эми ушу сыяктуу эле жагдайга кабылган Жусуптун эмне кылганын эстеп көрөлү. Кожоюнунун аялы азгырууга нечен ирет аракет кылганына карабай, Жусуп анын сунуштарын четке каккан. Акыры аял аны кийиминен кармап алганда, Жусуп чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүп, качып кеткен (Башталыш 39:7—12).

Эгерде классташың же башка таанышың денеңди кармалоого аракет жасаса, Жусуптай болуп, чечкиндүү чараларды көр. Айлин мындай дейт: «Эгер балдар денеме колдорун тийгизүүгө аракет кылса, „токтот“ деп айтам. Болбой эле уланта берсе, „тарт колуңду“ деп кыйкырам». Мектебиндеги балдар жөнүндө Айлин: «Өзүңдү сыйлоого көндүрүшүң керек, болбосо алар сени сыйлабайт»,— деп кошумчалайт.

Адеп-ахлаксыз сөздөргө кошулбасаң, андай иштерге барбасаң жана ыңгайы келгенде, карманган нормаларың жөнүндө сылык түшүндүрүп берсең, сени да классташтарың урматтайт. Андан сырткары, өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болосуң. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Кудайдын жүрөгүн кубантасың (Накыл сөздөр 27:11).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 22-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Адеп-ахлаксыз темадагы маектерге эмне үчүн кошулбаарыңды кантип түшүндүрөсүң?

▪ Классташың адеп-ахлаксыз иш кылууга азгырса, эмне дейсиң?

[19-беттеги сүрөт]

Секс жөнүндө сөз жүрө баштаса, кетип кал.

[20-беттеги сүрөт]

Азгырыктарга каршы тур.