Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандарыбызга

Окурмандарыбызга

Окурмандарыбызга

«ОЙГОНГУЛА!» журналынын ушул санын барактап чыгып, анын көркөмдөлүшүндө жана мазмунунда өзгөрүүлөр жасалганын байкасаңар керек. Анткен менен көпчүлүгү мурунку бойдон калды.

«Ойгонгула!» көздөгөн максатын ондогон жылдар бою ишке ашырып келет. 4-бетте айтылгандай, «журнал ар кайсы курактагы адамдарга арналган, аны үйбүлө менен чогуу окуса болот». Ал дүйнөдөгү окуяларды талкуулайт, түрдүү маданияттар менен тааныштырат, жаратылыштын керемет-кубулуштары тууралуу баяндайт, денсоолукка байланыштуу суроолорду карайт жана илимден алыс адамдарга илимий далилдерди түшүндүрөт. «Ойгонгула!» мындан ары да ушундай маалыматтарды камтып, окурмандарын дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар кылууну уланта берет.

1946-жылдын 22-августундагы санында: «Журналдын негизги максаты чындыкты жактоо болуп саналат»,— деп айтылган. Өзүнүн убадасына туруп, «Ойгонгула!» дайыма так жана ишенимдүү, кылдат изилденген жана текшерилген маалыматтарды жарыялоого умтулуп келет. Бирок анын «чындыкты жакташы» ушуну менен эле чектелген эмес.

Баарынан маанилүүсү, «Ойгонгула!» окурмандарынын көңүлүн ар дайым Ыйык Китепке буруп келген. Андыктан журналдын ушул санынан тартып ыйык китептик темадагы макалалар мурункуга караганда көбүрөөк чыга баштайт (Жакан 17:17). «Ойгонгула!» Ыйык Китептеги кеңештердин азыртадан эле жашообузду маңыздуу өткөрүүгө, өзүбүздү бактылуу сезүүгө кантип жардам берерин да көрсөтө берет. Маселен, Кудай Сөзүнө негизделген насааттарды камтыган «Жаштардын суроолору» жана «Ыйык Китептин көзкарашы» аттуу рубрикалар өзгөрүлбөйт. Журнал окурмандарынын көңүлүн азыркы ыркы кеткен дүйнө тынчтык өкүм сүргөн жаңы дүйнө менен алмашарына бурат (Аян 21:3, 4).

Дагы эмнелер өзгөрөт? Эми «Ойгонгула!» чыгып жаткан 82 тилдин көпчүлүгүндө журнал айына бир жолу чыгат (буга чейин айына эки жолу чыгып келген) *. 1946-жылдан бери чыгып келаткан «Төгөрөктүн төрт бурчунда» аттуу рубрика мурдагыдай эки эмес, бир бетке чыгат. Ал эми 31-бетте «Кантип жооп берет элеңер?» деген жаңы рубрика пайда болду. Рубриканын мазмуну кандай жана ал эмнеси менен кызыктуу?

Анда 31-бетти карайлы. Ал рубрикадагы айрым тапшырмалар жаш окурмандарга арналган, ал эми кээ бирлери Ыйык Китепти жакшы билгендерге терең ойлонууга түрткү берет. «Качан болгон?» аттуу бөлүктү колдонуп, Ыйык Жазмада айтылган маанилүү тарыхый окуялардын качан болгонун жана кайсы бир адамдардын качан жашаганын көрсөткөн убакыт сызыгын түзүүгө болот. Рубрикадагы суроолордун көбүнүн жообу журналдын ошол эле санына чыгып турат. Жооптор камтылган кутуча тескерисинен жайгашкан. Ал эми «Бул санда» деген бөлүктүн суроолорунун жоопторун журналды окуп чыгып таба аласыңар. Даяр жоопторду окуурдан мурун изилдөө жүргүзүп көрсөңөр жана билгендериңерди башкаларга айтып берсеңер кандай? «Кантип жооп берет элеңер?» деген бул рубрикадагы ыйык китептик суроолорду үйбүлөңөр же досторуңар менен да талкууласаңар болот.

Мындан 60 жыл мурун «Ойгонгула!» журналында: «Журнал калыс маалымат берүүгө умтулат. Ал дүйнө жүзүндөгү акниет адамдардын бардыгына арналган... Журнал жаш-кары дебей, калктын калың катмары үчүн кызыктуу, мазмундуу жана ойөрүштү кеңейтерлик болот»,— деп айтылган. «Ойгонгула!» өзүнүн убадасына туруп келатканы анын дүйнө жүзүндөгү окурмандарынын бардыгына маалым. Эмесе, журнал мындан ары да ушул максатын жүзөгө ашыра берерине силерди ынандыргыбыз келет.

Басып чыгаргандар

[Шилтемелер]

^ 6-абз. «Ойгонгула!» айрым тилдерде үч айда бир жолу чыгат, андыктан ал басылмаларда рубрикалардын айрымдары болбошу мүмкүн.

[3-беттеги сүрөт]

Журнал 1919-жылы «Алтын кылым» деген ат менен чыккан, 1937-жылы — «Сооротуу», 1946-жылы «Ойгонгула!» деп өзгөртүлгөн.

[4-беттеги сүрөт]

«Ойгонгула!» окурмандарынын көңүлүн көптөн бери Ыйык Китепке буруп келет.

Guns: U.S. National Archives photo; starving child: WHO photo by W. Cutting