Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тигине, учуп баратышат!

Тигине, учуп баратышат!

Тигине, учуп баратышат!

КҮН кечтеп калган. Аба салкын тартып, күздөн кабар берип турат. Аңгыча мемиреген тынчтыкты кайдан-жайдан пайда болгон каздардын каркылдаганы бузду. Алар так төбөбүздө учуп баратыптыр. Жыйырма чактыдай каз эки ачакей тартып, күчтүү канаттарын кагып, асманга бет алышкан экен. Арасынан бир каз каалгый солго бурулду да, топтун аягына барып кошулду. Аларды карап туруп менде: «Каздар эмнеге эки ачакей тартып учат, каякка баратышат болду экен?» — деген суроолор туулду.

Каздар — аккуулар сыяктуу эле, өрдөктөр тукумуна кирген сууда сүзүүчү куштар. Дүйнө жүзүндө алардын 40ка жакын түрү бар. Каздар негизинен Азияда, Европада жана Түндүк Америкада кездешет. Алардын кеңири маалым түрлөрүнүн бири — канада дудук казы. Ал ак жаак, узун кара моюндуу болот. Эркегинин салмагы — 8 килограммга, керилген канатынын узундугу 2 метрге чейин жетет. Бул каздар Аляскада жана Канаданын түндүгүндө жайлашат. Ал эми кыштоо үчүн алыскы түштүккө, Мексикага, учуп кетишет.

Канада дудук казы үчүн жер которуунун убагын туура баамдоо абдан маанилүү. Алар түндүккө эрте учуп келсе, жер тоң, чөп али чыга элек болот. Ошондуктан дудук каздар жазды ээрчип алыскы түндүккө учуп жүрүп отурат. Ошентип, көздөгөн жерине жетишкенде, алар жупташат да, өз уясынын айланасындагы аймакка ээлик кылат.

Каздар эки ачакей болуп учкандыктан «башчысынын» багытты, ылдамдыкты же бийиктикти алмаштырганына жараша тез иш-аракет кылышат. Адистер «башчысы» пайда кылган аба агымында абанын каршылыгы азайгандыктан, артындагы каздарга учуу жеңилирээк болот деп эсептешет. Жер которгондо, адатта, алардын бир нече тобу чогуу учат, ал эми чоңдору кезектешип «башчы» болуп турушат.

Дудук каздар көпчүлүк учурда мурда уялаган жерине кайтып келишет. Уясын, адатта, кадимки эле чырпык, чөп жана эңилчектерден салышат. Алар түгөйүнө болгон берилгендигин өмүрүнүн акырына чейин сакташат. Эгер түгөйү өлүп калса, тирүү калганы, албетте, башка түгөй таап ала алат. Бирок көпчүлүк учурда жалгыз калат.

Ургаачысы (соносу) төрттөн сегизге чейин жумуртка тууп, аны болжол менен 28 күн басат. Жөжөлүү каздар уясын аябай коргошот. Өздөрүнө же жөжөлөрүнө коркунуч туулганда, алар абдан жаалдуу болушат, атүгүл ач жырткычка канаты менен катуу сокку бере алышат.

Жөжөлөр «ата-энеси» менен жумурткада жаткан кезинде эле «сүйлөшө» башташат. Алардын чыгарган үнү ар түрдүү болот: бирде канааттанууну, бирде тынчсызданууну билдирип чыйпылдашат. «Ата-энелери» да бири-бири жана балапандары менен пикирлешип, түрдүү үндөрдү чыгарышат. Орнитологдор канада дудук казы, бери дегенде, 13 түрдүү үн чыгарат дешет.

Каздар, чынында эле, «акылдуу» (Накыл 30:24). Арийне, бул үчүн бардыгын, алардын ичинде асманда учуп жүргөн канаттууларды да жараткан Жахаба Кудай атак-даңкка татыктуу (Заб. 103:24).

[25-беттеги кутуча/сүрөт]

Билесиңерби?

● Жаңы чыккан жөжөлөр «ата-энесине» кошулуп уясын биротоло таштап кетишет. Алар, адатта, чогуу жүрүшөт.

● Тоо казы жер которуп учуп баратканда Эверест тоосунан да жогору, 9 километр бийиктикке чейин көтөрүлөт.

● Каздардын айрым түрлөрү тынымсыз 1 600 километр уча алышат.

● Топтун учуу ылдамдыгы «башчысынын» ылдамдыгы менен бирдей болсо да, артта учуп бараткан каздар канатын азыраак кагышат. Ошондуктан алардын жүрөгүнүн жыйрылуу ритми жайыраак болот.

[Булак жөнүндө маалымат]

Top left: U.S. Fish & Wildlife Service, Washington, D.C./Duane C. Anderson

[24-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Flying geese: © Tom Brakefield/CORBIS