Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бул китепти баш көтөрбөй окудум»

«Бул китепти баш көтөрбөй окудум»

«Бул китепти баш көтөрбөй окудум»

▪ Былтыр бүткүл дүйнө жүзүндө өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындарында ыйык китептик негизги окууларды изилдөөгө арналган 224 беттүү, түстүү сүрөттүү жаңы китеп чыкканы жарыяланды. Китеп «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» (ор.) деп аталат.

Бир келин: «Китепти баш көтөрбөй окудум. Ал Ыйык Китепти изилдөө үчүн эң сонун курал экен, буга чейин мындай китепти окуган эмесмин. Андагы маалымат кыска-нуска берилиптир»,— деп жазган.

«Окуган сайын кызыгууң артат. Ар бир бөлүмдүн аягында эмкисинде эмнелер талкууланары айтылыптыр. Китепти окуп жатканда көзүмөн жаш тегеренген учурлар да болду. Андагы мага жаккан ойлордун баарын жазып бүтүрө албайм!» — дейт башка окурман.

Дагы бир окурман мындай деп ыраазылык кат жазган: «Бул китеп чынында эч нерсеге салыштырылгыс рухий кенч экен. Анын дагы көптөгөн адамдарга Кудайдын кызматчысы болууга жардам берерине ишенем».

«Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» аттуу китеп 140тан ашуун тилге которулган. Аны силер да алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.