Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаш бойдон калуу мүмкүнбү?

Жаш бойдон калуу мүмкүнбү?

Жаш бойдон калуу мүмкүнбү?

«Биздин өмүр жашыбыз — жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болсок — сексен жыл... Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт» (Забур 89:10).

«ЖАШ карыбас болсочу» дегендей, эч качан алдан-күчтөн тайбай, чың денсоолукта, тунук акыл-эс менен түбөлүк жашап жатканыңарды элестетсеңер... Мындай жашоо силерге кыялда гана болчудай сезилеби? Анда мына бул көрүнүш тууралуу ойлонуп көрөлү: кээ бир тотукуштар жүз жылга чейин жашаса, чычкандар негедир үч эле жыл жашайт. Жашоо мөөнөтүнүн мындай айырмачылыгынан улам кээ бир биологдордо, карылыкты чакыруучу кандайдыр бир себеп бар, ал себеп билинсе, аны жоюуга болот деген ой жоруулар туулган.

Дары-дармек чыгаруучу компаниялар карылыкка каршы натыйжалуу каражаттарды чыгарууга багытталган изилдөөлөрдү каржылоого даяр. Карылыкты жайлатуу маселеси Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин төрөлгөн, учурда жетимишке бел байлап калган адамдарды өзгөчө тынчсыздандырууда.

Генетика, молекулалык биология, зоология жана геронтология сыяктуу илимий тармактарда карылыктын жүрүшүн изилдөө башкы орунду ээлеп келет. «Эмне себептен карыйбыз?» деген китебинде Стивен Остад мындай дейт: «Карылыкты изилдеген геронтологдор арасында кызуу болбосо да, байкалуу жандануу пайда болду. Биз карылыктын негизги себебин чечмелөөгө жакындап калдык» («Why We Age»).

Карылыктын себебин түшүндүргөн ой-божомолдоолор көп. Кай бирлердин ою боюнча, анын себеби — клеткалардын эскириши же жарактан чыгышы. Башкалар карылыкты программаланып коюлган деп эсептешет. Эки ойду тең туура дегендер да бар. Деги карылык процессинин жүрүшү канчалык терең изилденген? Ага каршы натыйжалуу каражат табылабы?

[2, 3-беттердеги таблица/сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

ЖАШООНУН БОЛЖОЛДУУ УЗАКТЫГЫ

Аары 90 күн

Чычкан 3 жыл

Ит 15 жыл

Маймыл 30 жыл

Аллигатор 50 жыл

Пил 70 жыл

Адам 80 жыл

Тотукуш 100 жыл

Пил ташбака 150 жыл

Алп секвойя 3 000 жыл

Мырза карагайдын түрү 4 700 жыл

[3-беттеги сүрөт]

Айрым тотукуштар жүз жылга чейин жашаса, адамдар 80 жашка жетип-жетпейт. Окумуштууларды тынчсыздандырган суроо — «картаюуга эмне себеп болот?»