Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга таянууну үйрөндүм

Кудайга таянууну үйрөндүм

Кудайга таянууну үйрөндүм

АЙТЫП БЕРГЕН: ЭЛЛА ТООМ

БИЗДИН үйбүлө Эстониянын түштүгүндөгү, Орусиянын чекарасынан 60 километр аралыкта жайгашкан Отепя деген шаарчага жакын жашачу. Менин мектепти бүтүрүшүм Экинчи дүйнөлүк согуштун аяк ченине, 1944-жылдын октябрына туш келди. Совет аскерлери эстон жерин немис баскынчыларынан бошотуп жатканда, үйбүлөбүз кошуналарыбыз менен чогуу — бардыгы 20 чакты адамбыз — мал-жаныбыз менен токойдо жашынып жүрдүк.

Эки ай бою айланабызда салгылаш жүрүп, бомба жарылып жатты. Биз болсо бири-бирибизге ыктай олтуруп алып, Ыйык Китептен, көбүнчө Жеремиянын ыйын окучубуз. Кудай Сөзүн ошондо мен биринчи жолу окугам. Күндөрдүн биринде бийик дөңсөөгө чыгып, чөгөлөп олтурдум да: «Согуш аяктаса, демалыш сайын чиркөөгө барып турам»,— деп Кудайга убада бердим.

Көп өтпөй салгылаштын чеги батышка ооду. Анан 1945-жылдын майында Германия артка чегинип, Экинчи дүйнөлүк согуш Европадан барып басылды. Мен, Кудайга берген убадамды аткарыш үчүн, жума сайын чиркөөгө бара баштадым. Бирок, бирин-экин кемпирлерди албаганда, аякка эч ким барчу деле эмес. Чынында, чиркөөгө баргандан уялчумун, үйгө бирөө-жарым келип калса, Ыйык Китепти шак үстөлдүн астына ката калчумун.

Көп өтпөй жергиликтүү мектепке мугалим болуп жумушка кирдим. Ал кезде коммунисттер бийликке келип калган, ошонун шарданы менен өлкөдө атеизм жактала баштады. Мен коммунисттик партияга өтүүдөн баш тарттым. Бирок бош убактымда жалаң коомдук иштер менен алек болуп, балдарга элдик бий ийримин өткөрүп жүрдүм.

Күбөлөр менен таанышуум

Сахнага чыгыш үчүн кийим-кечек керек болгонунан, 1945-жылдын апрелинде тажрыйбалуу тикмечи Эмили Саннамееске бардым. Анын Жахабанын Күбөсү экенин билген эмесмин. «Дүйнөдөгү абал жөнүндө кандай ойдосуң?» — деп сурады ал. Ошол кезде Сан-Францискодо (АКШ) тынчтык конференциясы өтүп жаткан болчу, мен: «Бул бийлик көпкө турбайт, тынчтык конференциясы ошон үчүн өтүлүп жатпайбы»,— деп жооп бердим.

Эмили болсо тынчтык жөнүндөгү саясий сүйлөшүүлөрдөн көп деле майнап чыкпаарын айтып, себебин Ыйык Китептен көрсөтүп берүүнү сунуш кылды. Бирок убактым тар болгондуктан, мээримдүү, орто жаштагы ал аялдын айткандарын угуп отургум келген жок. Аны байкаган Эмили тек гана: «Кудайдын ой-ниети боюнча, Адам менен Обо каякта жашашы керек эле?» — деп сурап койду. Суроосуна жооп таба албаганымды көрүп: «Атаңан сурап көрчү»,— деди.

Үйгө келгенде атаман сурасам, жооп бере алган жок. «Ыйык Китепти изилдеп-окуунун кереги эмне, Кудайга ишенүү эле жетиштүү»,— деп койду. Кийимдерди алганы келгенде, Эмилинин суроосуна атам жооп бере албаганын айттым. Ошондо Эмили менен эжелери Ыйык Китептерин алып келишип, Кудайдын Адам менен Обого кереметтүү бейиш үйүнө кам көрүүнү тапшырганын, алар ал жакта бактылуу болуп түбөлүк жашамак экенин окуп беришти. Кудай алардын бала-чакалуу болуп, бүт жер жүзүн бейишке айлантышын каалаганын көрсөтүштү. Бул билгендерим мага аябай жакты! (Башталыш 1:28; 2:8, 9, 15; Забур 36:29; Ышайа 45:18; Аян 21:3, 4).

Жыйналышка биринчи жолу барышым

Ошол жылы жайында Тартуга барып мугалимдик үч айлык курстан окуп келмекмин. Эмили ал шаарда жашаган бир Күбө аялдын дарегин жана «Жаратуу» деген китепти берген. Китепте Ыйык Жазмадагы негизги чындыктардын канчалык ачык-айкын түшүндүрүлгөнү мени абдан таасирлентти. Ошондуктан 1945-жылы, 4-августта алиги дарек боюнча жөнөдүм.

Эшикти кактым — жооп болгон жок. Дагы кактым, бул ирет ушунчалык катуу каккан окшойм, кошунасы эшигин ачты. Кимди издеп жүргөнүмдү билгенде ал Сальме көчөсү, 56-үй деген даректи берди. Ал жакка келсем, бир аял картошка аарчып олтурган экен: «Диний жолугушуу ушул жакта өтүлөбү?» — деп сурадым. Аял ачууланган түрдө «мени күткөн эч ким жок экенин» билдирди. Мен кете калган жокмун, ошон үчүн ал үстүңкү бөлмөгө ээрчитип барып, Ыйык Китеп изилдеп жаткандардын үстүнө кийирди. Тамактанууга тыным жасалганда, кетейин деп камданып жатсам, «кал-кал» деп калышканынан кеткен жокмун.

Тамактануу маалында терезе тушта отурган эки жигитке көңүл бурдум. Экөө тең кан-сөлдөн жок, чийдей арык экен. Кийин билсем, алар согуш маалында камактан качып, ар кай жакта бир жылдан ашуун жашынып жүрүшкөн экен *. Тынымдан кийин Фредрик Альтпере баяндама сүйлөп, «Армагедон» деген сөздү көп айтты. Бул сөздү мурда-кийин укпагандыктан, Фредрик сүйлөп бүткөндө, маанисин сурадым. Ал аны Ыйык Китептен көрсөттү (Аян 16:16). Менин ал сөздү биринчи жолу көргөнүмдү түшүнүп, Фредрик өзү да таң калды көрүнөт.

Ошондо бул жолугушууга бири-бирин жакшы билген, ишенимдүү Күбөлөр гана келмек экенин түшүндүм. Көрсө, ал алардын согуштан кийин өткөргөн биринчи жыйналышы экен! Аны кийин билип жүрөм. Ошондон кийин Кудайга таянуунун канчалык маанилүү экенин түшүндүм (Накыл сөздөр 3:5, 6). Бир жыл өтүп, 1946-жылдын августунда, 20 жашымда чыныгы Кудай Жахабага арналганымды көрсөтүп, сууга чөмүлдүм.

Үйбүлөмдүн каршылыгы

Бийликтин көрсөтмөсү боюнча, мектептерде атеизм окутула баштады. Ал Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийириме каршы келгендиктен, кесибимди алмаштырууну чечтим. Аны апама айтканымда, ал ачуусу менен атырылып келип, чачыман алды. Бул окуя үйдөн кетүүнү чечүүгө түрткү болду. Бирок атам жардам берип турарына ишендирип, кетпешимди суранганынан, калып калдым.

Иним Антс да, апама кошулуп, каршы чыкты. Бирок бир жолу биздин адабияттардын бирин окуганы сурады. Аны аябай жактырыптыр. Буга апам аябай ачууланды. Антс мектептен Кудай жөнүндө айтып калган, бирок кысым көрсөтүлө баштаганда, Күбөлөр менен жолугушуусун токтотуп койду. Ошондон көп өтпөй эле, сууга секирем деп, башы менен тийип, катуу жаракат алды. Зумбалда жатканда, өзү кыймылдабай калса да, эси-учу ордунда болчу. «Жахаба мени кечиреби?» — деп сурады ал. Мен: «Кечирет»,— дедим. Антс бир нече күндөн кийин, болгону, 17 жашында каза болду.

1947-жылдын сентябрында мугалимдик жумушуман бошонуп алдым. Апам баягыдай эле катуу каршы болчу. Бир күнү ал кийимдеримдин баарын чогултуп, ыргытып жибергенде, үйдөн кеттим. Эмили Саннамеес эжеси экөө өзүлөрүнүкүндө жашап турууну сунуш кылышты. Алар Жахаба өз кызматчыларын эч качан таштабасын айтып мени кайраттандырышты.

Согуштан кийинки сыноолор

Саннамеестер менен иштей баштадым. Фермерлердин үйбүлөлөрүнө кийим-кече тикчүбүз. Андыктан аларга Ыйык Китептеги чындыктар тууралуу айтып берүүгө көп мүмкүнчүлүгүбүз болчу. Ал кез кубанычтуу убактардан эле: тикмечиликке үйрөнүп алганыман тышкары, Кудайга кызмат кылууда бир топ тажрыйба алгам. Математика боюнча жеке сабак да берчүмүн. Анан 1948-жылы бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүн камакка ала баштады.

Кийинки жылдын октябрында, бир фермада иштеп жүргөндө, мени камакка алыш үчүн Саннамеестердикинен издеп жүрүшкөнү белгилүү болду. Хуго Суси биртуугандын фермасында жашынайын деп жатсам, аны да жаңы эле кармап кетишиптир. Бирок мен кийим-кечек тигип берип жүргөн бир аял өзүнүкүнө жашап турууга чакырып калды. Кийинчерээк фермадан фермага көчүп, кийим-кечек тигип акча таап, кабар айтуумду уланта бердим.

Кыш жаңыдан башталганда Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК, орусчасы — КГБ) кызматчылары изиме түштү. Тартуда өзүмөн бир аз улуу жигердүү пионер кыз Линда Меттигдин үйүндө элем, ошол жерден кармап, сурак жүргүзүүгө алып кетишти. Аяктан кийимимди бүт бойдон чечүүгө мажбурлашканда, карап турган жаш күзөтчүлөрдөн абдан уялдым. Бирок Жахабага тиленгенден кийин жүрөгүмө тынчтык, бейкуттук орноду.

Камалган камерамдын тардыгы ушунча экен, бут сунуп, жата алган жокмун. Суракка алып барышканда гана ал жактан чыгарып жатышты. Мага: «Биз сени Кудайдын бар экенин тан деген жокпуз. Кабар деген немеңди эле токтот! Анан бардыгы жайында болот»,— дешти. «Жашагың келеби?! Же Кудайым деп, Сибирде сөөгүңдүн сөпөт болушун каалайсыңбы?!» — деп коркутуп да көрүштү.

Үч күн бою сурактардын ортосунда атайылап кирпик кактырышкан жок. Бирок мага ыйык китептик принциптер тууралуу ой жүгүртүү жардам берди. Акыры, суракка алып жаткан тергөөчү бир ишкагазга кол коюуга чакыртты. Анда «кабар айтуумду токтотом» деп айтылыптыр. «Мен бул жагдай тууралуу көп ойлондум, эркиндикке чыгып, Кудайдын жактыруусунан айрылганымча, өмүрүмдүн аягына чейин түрмөдө жатсам да, Кудай менен болгон мамилемди сактап калганым жакшы»,— дедим. Муну уккан тергөөчү: «Мээси жок! Баарыңарды кармап туруп, Сибирге айдап жиберебиз!» — деп кыйкырды.

Күтүлбөгөн жерден эркиндикке чыгуу

Түн жарымга оогондо, тергөөчүлөр күтүүсүз жерден: «Аны-мунуңду ал да, кет»,— дешти. Мен, артыман аңдышарын билгендиктен, ишенимдештеримдикине барган жокмун: аларды билдирип коюудан сактандым. Көчөдө кетип баратканымда үч киши артыман келатыптыр. Жахабадан жетекчилик сурап тиленген бойдон караңгы көчөгө бурдум да, бир сейилбактын ичине кире качтым. Жерге жата калып, жалбырактарды жамына салдым. Алигилердин жакын арада жүргөнү угулуп, фонарларынын жарыгы көрүнүп жатты.

Бир нече саат жата берип, сууктан сөөктөрүм какшап чыкты. Акыры, бак арасынан чыгып, таш төшөлгөн жолго түштүм. Такамдын тыкылдаганы угулбасын деп, буткийимимди чечип алгам. Шаардан чыгып, жолду бойлой кеткен чоң арык менен жүрүп олтурдум. Машинелер келатканда улам жерге жата калам. Таңкы саат беш дегенде Юрий менен Меета Тоомелдердикине жеттим. Алар Тартуга жакын турушчу.

Меета көкмуштум болгон түрүмдү көрүп, мончо жаккыча шашты. Эртеси ал Тартуга барып, Линда Меттигге жолугуп келди. Линда мага: «Кел, кабар айта баштайбыз. Жакшы кабарды Эстониядагылардын баары билсин»,— деп сунуш кылыптыр. Мен чачымды жаңыча кырктырып, бир аз боёнуп, көзайнек тагынып алган соң, экөөбүз кабар айтууга кириштик. Бир нече ай бою велосипед менен көп жактарды кыдырып, жолдон фермаларда жашаган ишенимдештерибизди кайраттандырып жүрдүк.

1950-жылдын 24-июлунда Күбөлөр Отепяга жакын жердеги Ыйык Китепти изилдеп жүргөн бирөөнүн чоң чөп сарайында жыйын өткөрмөк болушту. Бул пландарыбыз МККга жетип калганын билгенибизде, жолдо келаткандардын көбүнө эскертип үлгүрүп калдык. Эртеси башка орун таап, жыйынга 115 киши катышты. Баарыбыз үй-үйлөрүбүзгө кубанып, кандай гана сыноо болбосун, берилгендигибизди сактоого ого бетер чечкиндүү болуп кайттык *.

Линда экөөбүз кабар айтып, ишенимдештерибизди кайраттандырып жүрдүк. Ошол жылы картошка терип иштеп, жаныбыздагы жумушчуларга Падышалык тууралуу кабар айткан элек. Бир ферманын кожоюну ишин таштап коюп, бизди бир саатка жакын угуп турду да: «Мындайды дайым эле уга бербейсиң» — деди.

Кайра Тартуга келгенибизде, Күбөлөрдүн көбү, Линданын апасы да камакка алыныптыр. Досторубуздун далайы, алардын ичинде Саннамеестер да камакта экен. МККнын бизди да издеп жүргөнүн билгендиктен, эки велосипед алдык да, Тартудан башка жактарга кабар айтып кеттик. Бир күнү кечинде, жаңыдан эле чөмүлтүлгөн Күбө Альма Вардьянын үйүндө жүргөндө, МККга кармалдым. Паспортумду текшерип жатып алардын бири: «Элла! Сени издебеген жерибиз калган жокко!» — деп жиберди. Бул окуя 1950-жылдын 27-декабрында болгон.

Түрмөдөн сүргүнгө айдалышым

Альма экөөбүз зарыл нерселерибизди чогулттук да, тамактанууга олтурдук. МККнын кызматкери таң калып: «Ыйлап да койбойсуңар. Камырабай тамак ичкени олтуруп жатканыңар кандай?» — деди. «Биз жаңы дайындоого кетип баратабыз,— дедик аларга.— Тамактанып алууга дагы качан мүмкүнчүлүгүбүз болорун ким билет». Мен жүндөн токулган жабуу алып алдым, кийин аны жандырып жиберип, жылуу байпак, мээлей токудум. Түрмөдө бир ай жаткандан кийин, 1951-жылдын августунда эстониялык бир катар Күбөлөр менен сүргүнгө айдалдым *.

Эстониядан — поезд менен Ленинградга (азыр Санкт-Петербург), андан ары Заполярьедеги Воркутанын (Коми республикасы) жаман жагынан аты чыккан түзөтүү эмгек лагерлерине жөнөтүлдүк. Биздин топто дагы үч Күбө бар экен. Мен мектептен орус тилин окугам, анын абдан кереги тийди. Лагерге жеткиче орусча эркин сүйлөп калгам.

Воркутадан жаш украин кызды жолуктурдук, ал чындыкты Польшадагы концлагерден тааныптыр. 1945-жылы немистер аны менен чогуу 14 биртууганды кемеге олтургузуп, Балтика деңизине чөктүрүшмөк болуптур. Бирок кеме Даниянын жээгине келип токтогон экен. Ошол кыз СССРге кайтып келгенде, кабар айтканы үчүн соттолуп, Воркутага айдалыптыр. Ал бизге чоң жөлөк болуп, көп кайраттандырды.

Биз: «Мында Жахабанын Күбөлөрү барбы?» — деп украин тилинде сурап жүргөн эки аялга да жолуктук. Алардын ишенимдештерибиз экени дароо эле билинди. Алар бизге кам көрүп, рухий жактан бекемдешти. Муну көргөндөр таңыркап: «Силерди бул жакта күтүп жатышкан го, тим эле төркүнүңөргө келгенсийсиңер»,— дешти.

Мордовия лагерлеринде

1951-жылдын декабрында медициналык текшерүүдө калкан безине байланыштуу оорум бар экени аныкталгандыктан, 1 500 километр аралыктагы Мордовия лагерине жөнөтүлдүм. Ал Москванын түштүк-чыгышында эле, экөөнүн ортосу 400 километр. Аялдар лагеринде өткөргөн кийинки жылдары Германия, Венгрия, Польша жана Украинадан келген Күбөлөрдү жолуктурдум. Ошондой эле саясий айыптар боюнча камалган эстониялык Майму менен тааныштым.

Эстониядагы түрмөдө жүргөндө Майму кыз төрөгөн экен. Кызын бир боорукер күзөтчү Маймунун энесине бериптир. Мордовиядан Майму менен ыйык китептик изилдөө өткөрүп калдым, ал билимин иш жүзүндө колдонуп жатты. Энесине кат жазып жүрүп, ал да чындыкты кабыл алып, небереси Каринге рухий тарбия бере баштады. Алты жылдан кийин Майму бошонуп чыкканда кызына барды. Карин чоңойгондо ишенимдешибизге турмушка чыкты. Алар 11 жылдан бери Таллинде, Жахабанын Күбөлөрүнүн Эстониядагы филиалында кызмат кылышат.

Мордовиядагы лагерлердин бирин капас деп коюшчу. Себеби ал катуу кайтарылган, тар, жыгач барак эле. Рухий иштерибиз үчүн мени, алты ишенимдеш эже-сиңдиге кошуп, ошол лагерге которушкан. Бирок ал жактан да «Күзөт мунарасынын» макалаларын колго көчүрүп, коңшу лагердегилерге жашыруун берип жүрдүк. Мисалы, бир кесим самынды алып, ичин көңдөй кылып оюп, макаланы салып, кайра бүтөп койчубуз.

Мордовия лагерлеринде жүргөн жылдары мен ондон ашуун аялга Жахаба тарапты жактап, анын кызматчысы болууга жардамдаштым. Акыры, 1956-жылдын 4-майында: «Бошсуң. Бар, Жахаба Кудайыңа ишене бер»,— дешти. Ошол эле айда үйүмө, Эстонияга жөнөдүм.

Кийинки элүү жыл аралыгында

Менин жумушум да, акчам да, үйүм да жок эле. Бирок келгенимен бир-эки күн өтүп Ыйык Китепке кызыккан бир аялды жолуктурдум. Ал мени күйөөсү экөө жашаган бир бөлмөлүү үйүнө жашай турууга чакырды. Карызга акча алып, жүн сатып алдым да, базарга чыгып сатыш үчүн свитер токуй баштадым. Анан Тартудагы онкологиялык ооруканадан жумуш таптым. Ал жакта ар кандай жумуш аткарып жети жыл иштедим. Ошол кезде Сибирде сүргүндө жүргөн Лембит Тоом кайтып келди. Экөөбүз 1957-жылы, ноябрда баш коштук.

МКК аңдыганын токтоткон жок. Бизде болсо тынчсызданууга негиз бар эле: рухий иш-аракетибизге салынган тыюу алына элек болчу. Ошентсе да ишенимибиз тууралуу башкаларга колубуздан келишинче айтып берчүбүз. Лембит жашообуздун ошол маалы тууралуу «Ойгонгула!» журналынын 1999-жыл, 22-февралдагы санында (ор.) баяндаган. Сүргүнгө айдалган Күбөлөр 1950-жылдардын аяк ченинен тартып, 60—70-жылдары үйлөрүнө кайтышты. 1980-жылдардын аягында Эстонияда 700дөн ашуун Күбө бар эле. Ал эми 1991-жылы Уюмубуз расмий каттоого алынгандан тартып, Эстониядагы Күбөлөрдүн саны 4 100дөн ашты!

Эстониядагы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки биринчи жашыруун жыйналышка барганыман бери 60 жылдын жүзү болду. Ошондон тартып Ыйык Китептин: «Теңирге таян, жакшылык кыл»,— деген кеңешине карманууга умтулуп келатам. Өз тажрыйбамдан улам билгеним, ошентсең, «жүрөгүңдөгү каалоолоруң ишке ашат» экен (Забур 36:3, 4).

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Алардын бири Лембит Тоом болчу. Анын өмүрбаяны «Ойгонгула!» журналынын 1999-жыл, 22-февралдагы санына (ор.) чыккан.

^ 30-абз. Бул жыйынга байланыштуу кошумча маалыматты «Ойгонгула!» журналынын 1999-жыл, 22-февралдагы санынын (ор.) 12, 13-беттеринен табууга болот.

^ 34-абз. Эстониялык Күбөлөрдүн көбү 1951-жылы, апрелдин башында сүргүнгө айдалган. Бул тууралуу «Ойгонгула!» журналынын 2001-жыл, 22-апрелдеги санынын 6—8-беттеринен (ор.) жана «Сыноолорго туруштук бергендер: Советтер Союзундагы Жахабанын Күбөлөрү» (ор.) аттуу видеофильминен көбүрөөк маалымат алууга болот.

[13-беттеги сүрөт]

«Кел, кабар айта баштайбыз. Жакшы кабарды Эстониядагылардын баары билсин». (Линда Меттиг)

[14-беттеги сүрөт]

Мордова лагеринде ишенимдештерибиз менен

Жолдошум Лембит экөөбүздүн бүгүнкүбүз