Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тынчтыкка умтулуунун зарылдыгы барбы?

Тынчтыкка умтулуунун зарылдыгы барбы?

Ыйык Китептин көзкарашы

Тынчтыкка умтулуунун зарылдыгы барбы?

ЫЙСА МАШАЙАКТЫН: «Тынчтык орнотуучулар бактылуу»,— деген сөздөрү көптөргө маалым. Ал: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деп да айткан (Матай 5:5, 9). Ыйык Китепке ылайык, тынчтыкка умтулуу же тынчтык орнотуучу болуу жаңжал чыгарбоодон же жоош болуудан да көптү билдирет. Андай адам жайдары мүнөз болот жана тынчтыктын сакталышына өбөлгө түзөт.

Биздин күндөрдө тынчтыкка умтулуунун зарылдыгы барбы? Айрымдардын ою боюнча, азыркы заманда ийгиликке жеткиң келсе, алдым-жуттум, орой, ал гана эмес, ырайымсыз болушуң керек. Заманың бөрү болсо, бөрү болуп, оройго орой жооп кайтарган туурабы? Же тынчтыкка умтулуу эстүүлүккө жатабы? Андыктан Ыйсанын: «Тынчтык орнотуучулар бактылуу»,— деген сөздөрү төмөнкүдөй үч себептен улам өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

▪ МОМУН ЖҮРӨК. Накыл сөздөр 14:30да: «Момун жүрөк — денеге өмүр»,— деп айтылат. Көптөгөн медициналык изилдөөлөрдөн ачуулануу жана касташуу адамды инсульт менен жүрөк пристубуна чалдыктырышы мүмкүн экени айкын болгон. Жакында эле жүрөк оорулары тууралуу жазылган медициналык бир журналда ачуулануу уу ичүүгө салыштырылып: «Ачууландың дегиче, ооруп калдым дей бер»,— деп айтылган. Тынчтыкка умтулган адам «момун жүрөккө» ээ боло алат жана жакшы натыйжаларга жетет.

Буга далил катары 61 жаштагы Жимди алалы. Азыр ал АКШда жашаган вьетнамдыктарга кабар айтууда. Жим мындай дейт: «Аскерде алты жыл кызмат кылгам. Үч жолу Вьетнамдагы согушка катыштым. Андыктан зордук-зомбулук, каардануу жана ачууга алдыруу деген эмне экенин жакшы билем. Башыман өткөргөн нерселер жанымды жай алдырчу эмес, түнкүсүн уйкум каччу. Натыйжада стресске чалдыгып, психикалык абалым бузулду жана ашказаным жабыркап, денсоолугум начарлады». Жимге эмне жардам берген? «Мени Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөө сактап калды. Кудайдын согуш аттуунун баарын токтотуп, тынчтык өкүм сүргөн жаңы дүйнө орноторун жана кантип „жаңы адамга кийине“ аларым тууралуу билдим. Жүрөгүмө тынчтык орноп, азыр денсоолугум алда канча жакшырып калды»,— дейт ал (Эфестиктерге 4:22—24; Ышайа 65:17; Михей 4:1—4). Ооба, тынчтыкка умтулуу менен эмоциялык абалды, денелик жана рухий денсоолукту жакшыртууга болорун көптөр өз тажрыйбасынан билишти (Накыл сөздөр 15:13).

▪ БАШКАЛАР МЕНЕН ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ БОЛУУ. Тынчтыкка умтулсак, башкалар менен болгон мамилебиз жакшырат. Ыйык Китепте «каардан, кыйкырыктан, заар тилден... ар кандай жаман нерселерден» арылышыбыз керек экени айтылган (Эфестиктерге 4:31). Адатта, ачууга бат алдырган адамдар башкаларды өздөрүнөн оолактатышат жана чыныгы достору жок, жалгыз калышат. Накыл сөздөр 15:18де: «Ачуусу чукул адам чатак чыгарат, ал эми сабырдуу адам чатакты басат»,— делет.

Нью-Йорк шаарындагы жыйналыштардын биринде аксакал болуп кызмат кылган 42 жаштагы Энди зордук-зомбулукка толгон чөйрөдө өскөн. Ал мындай дейт: «Сегиз жашымдан бокс менен машыга баштагам. Атаандаштарымды адам катары көрчү эмесмин. Рингге чыкканымда: „Же мен — аны, же ал — мени“,— деген гана ойдо болчумун. Кийин кылмышкерлер тобуна кошулуп кеттим. Мушташ, чыр-чатак дегенден башыбыз чыкчу эмес. Мени бычак же тапанча менен коркутушкан учурлар да болгон. Мурунку досторумдун, дос деген аты эле болбосо, көптөрү менден корккону үчүн гана жанымда жүрүшчү».

Эндиге тынчтыкка умтулууга эмне түрткү берген? «Бир жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына бардым. Ал жердеги адамдардын ортосундагы сүйүүнү дароо эле байкадым. Тынчтыкты сүйгөн ошол адамдар менен пикирлешүүнүн аркасында жандүйнөмө бейкуттук орноп, ой жүгүртүүм акырындык менен өзгөрө баштады. Анан да көптөгөн жакшы досторду таптым»,— дейт ал.

▪ КЕЛЕЧЕККЕ БОЛГОН ҮМҮТ. Эң негизгиси, тынчтыкка умтулуу менен Жараткандын каалоосун баалаарыбызды көрсөтөбүз. Ал бизди өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп аркылуу «тынчтыкты издеп, ошого умтулууга» чакырат (Забур 33:15). Жахаба Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтүүгө ар бир адамдын мүмкүнчүлүгү бар. Ан үчүн, биринчи кезекте, Кудайдын бар экенине ишенүү, анын өмүр бере турган билимине ээ болуу жана ошого жараша иш кылуу талап. Жахаба менен ушундай бекем мамиле өрчүтсөк, «Кудайдын... тынчтыгына» ээ болобуз. Ал тынчтык жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет (Филипиликтерге 4:6, 7).

Мындан сырткары, тынчтыкка умтулуу менен биз Жахабага кандай адам болгубуз келерин көрсөтөбүз. Ошондой эле Кудай убада кылган жаңы заманда жашоону чындап каалаарыбызды далилдейбиз. Анын ыймансыз адамдарды жок кылып, момундарга «жерди мураска» бергенин өз көзүбүз менен көрөбүз. Бул кандай гана бата! (Забур 36:10, 11; Накыл сөздөр 2:20—22).

Ооба, Ыйсанын: «Тынчтык орнотуучулар бактылуу»,— деген сөздөрүнүн баалуу экени айкын. Тынчтыкка умтулсак, момун жүрөккө ээ болуп, башкалар менен жакшы мамиле өрчүтөбүз жана келечекке болгон бекем үмүткө ээ боло алабыз. «Бардык адамдар менен тынчтыкта болуу» Кудайдан ушундай баталарды алууга жардам берет (Римдиктерге 12:18).

[28-беттеги сүрөт]

«Денсоолугум алда канча жакшырып калды» (Жим)

[29-беттеги сүрөт]

«Көптөгөн жакшы досторду таптым» (Энди)