Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

▪ Бразилияда табитти басуу үчүн жана арыктоо максатында амфетаминдерди колдонгондордун саны 1997—2004-жылга чейин 500 пайызга өстү («ФОЛЬЯ ОНЛАЙН», БРАЗИЛИЯ).

▪ Учкучтарда башка адистеги адамдарга караганда катарактанын өрчүшүнүн ыктымалдыгы үч эсе көп. Буга алардын космос нурларына көбүрөөк кабылганы себеп болот көрүнөт («УОЛЛ-СТРИТ ЖОРНЭЛ», АКШ).

▪ Жакынкы он жылдын ичинде Азиядагы балдардын жарымы (алардын жалпы саны 1,27 миллиард) адамга керек болгон эң зарыл нерселерден: таза суудан, тамак-аштан, баш калкалар жайдан, медициналык тейлөөдөн жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат (АЗИЯ ИНТЕРНЭШНЛ ПЛАНЫ, ТАИЛАНД).

▪ Тамекинин түтүнү менен дем алуу «мурда ойлогонго караганда алда канча кооптуу». Пуэблодо (АКШ, Колорадо штаты) офистерде, ресторандарда жана башка коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынгандан 18 ай өткөндөн кийин, жергиликтүү калктын ичинде жүрөк пристубуна чалдыккандардын саны 27 пайызга азайган («ТАЙМ», АКШ).

Испанияда ажырашуулар көбөйүүдө

2000-жылы бул өлкөдө никеге тургандардын саны ажырашкандар менен бөлөк жашагандардын санынан эки эсе көп болгон. Бирок, 2004-жылкы эсепке ылайык, үйлөнгөн ар бир үч түгөйдүн экөө ажырашып кеткен. 1981-жылы ажырашууга уруксат берген мыйзам күчүнө киргенден тартып бир миллиондон ашуун бала ата-энесинин ажырашканына күбө болгонун эмне менен түшүндүрүүгө болот? Психолог Патрисия Мартинестин айтымына караганда, «көбүнчө маданияттын өзгөрүшүнөн, диний жана адеп-ахлак нормаларынын бузулушунан, ошондой эле көптөгөн аялдар жумушка орношуп, күйөөлөрү үй тиричилигинде жардамдашпаганынан улам бекем нике түйүнүнө доо кеткен».

Кытайдагы семирүү көйгөйү

Лондондун «Гардиан» деген гезитинде Кытайда «келерки 10 жылдын ичинде ашыкча семирип кеткен адамдардын саны 200 миллионго жетери» айтылат. Түрдүү тез татым азыктары «көптөгөн шаарларга тарап кетти. Орто камсыздандырылган адамдардын саны барган сайын өсүп баратат, алар аз кыймылдап, көпчүлүк убактысын телевизордун, компьютердин же видеооюндардын алдында олтуруп, ошондой эле автоунаа айдап өткөрүшөт». Толуп кеткен балдардын саны жылына 8 пайызга көбөйүүдө. Шанхайда баштапкы класста окуган балдардын 15 пайызы азыртадан эле ашыкча толуп кетишкен.

Дарыядан табылган кокаин

Басылып чыккан бир иликтөөгө ылайык, По (Италия) дарыясынын суусун текшерүүдөн ошол жерде жашагандардын кокаинди мурда эсептелгенге караганда көп колдонушары аныкталган («Environmental Health»). Кокаин колдонгон адамдардын заарасында бензоилэкгонин болот. Адатта, сот ишинде адамдын заарасынан ушундай зат табылса, анын кокаин колдонгонун көрсөтөт. Саркынды суулар менен дарыяга кошулган бул заттын өлчөмү ошол жердин тургундарынын күнүнө 4 килограмм, башкача айтканда, 40 000 өлчөм кокаин колдонгонунан кабар берет. Бул болсо акыркы иликтөөлөрдүн көрсөткүчтөрүнөн 80 эсе көп.

Алдын алууга мүмкүн болгон өлүм

«Ушул жылы 5 жашка чейинки 11 миллиондой бала алдын алууга мүмкүн болгон өлүмгө дуушар болот»,— деп айтылат Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2005-жыл үчүн отчётунда. Балдардын өлүмүнүн 90 пайызына төмөнкү жагдайлар себеп болот: ара төрөлүү, инфекция жугуу, төрөт маалында тумчугуу, ички дем алуу органдарынын оорусуна чалдыгуу, алгачкы пневмония, ичөткөк, безгек жана КИТВ/ЖИКС. Ошол отчётто: «Көпчүлүк учурда жөнөкөй, арзан жана натыйжалуу профилактикалык чараларды көрүп, аларды өлүмдөн сактоого болот»,— деп да айтылат. Мындан сырткары, жылына жарым миллиондон ашуун аял кошбойлуу кезинде же төрөт маалында «сапаттуу жардам жетишпегендиктен» каза болот.