Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чернобылдагы бир күн

Чернобылдагы бир күн

Чернобылдагы бир күн

УКРАИНАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

Мындан 20 жыл мурун Чернобыль атом электр станциясында тарыхта болуп көрбөгөн чоң авария болгон. 1986-жылдын 26-апрелинде төрт атом реакторунун бири аварияга учураган. Адатта, табигый жана антропогендик кырсыктардын көпчүлүгүнүн кесепетин четтетүүгө болот. Бирок бул авариядан айлана-чөйрө ушунчалык булгангандыктан, залакасы азыркыга чейин тийип келет.

АКЫРКЫ бир нече жылдан бери 9-майда мурда тегеректеги шаарларда жана айылдарда жашагандар кароосуз калган үйлөрүнө достору, туугандары менен барып турушат. Айрым учурда алар ал жакка сөөк коюу үчүн барышат. Кээде радиациянын таасирин өлчөө үчүн окумуштуулардын да барган учурлары болот. Булардан сырткары, соңку жылдары украин Туристтик фирмалары Чернобылдын тегерегине бир күндүк саякатка барып келүүнү сунуш кылып калышты.

2005-жылдын июнь айындагы «Нью-Йорк таймс» гезитинин биринчи бетине Припять шаарына кыска мөөнөттүк саякатка баруу жана анын «денсоолукка эч кандай зыян тийгизбээри» тууралуу макала чыккан *. Припять — 1970-жылдары негизделген, электр станциясынан үч километр алыс жайгашкан шаар. Анда 45 000ге жакын калк жашачу, бирок авариядан кийин, ошол аймактагы көптөгөн башка шаарлардай эле, аңгырап бош калган. Радиациянын деңгээли жогору болгондуктан, ал шаарлар кирүүгө тыюу салынган аймакка айланган. Аварияга чейин Анна жана Виктор Рудниктер Припятта бир жылдай жашашкан *.

Чернобыль (атом электр станциясы шаардын атынан аталган) Припяттан кичирээк. Припять станциядан 15 километрдей алыс жайгашкан. Эми ал жердин мурунку тургундарына аякка жылына бир жолу барып келүүгө уруксат берилген. Рудниктердин үйбүлөсү Чернобылдан болот, андыктан алар да ал шаарга барып турушат. Анда эмесе, ал түгөйдүн жубайым экөөбүздү эки жыл мурун ошол шаарга ээрчите барганы тууралуу айтып берейин.

Муңдуу саякат

Биз Киевден чыгып, түндүккө карай бет алдык. Жолдон анча чоң эмес шаарлар менен айылдарды басып өттүк. Жол боюнда тизилген үйлөрдүн бакчаларында жоогазын гүлдөп, чарбактарда кишилер иштеп жүрөт. Шаарлар менен айылдардын ортосунда жүгөрү, буудай жана күнкарама тигилген учу-кыйрына көз жетпес талаалар жатат.

Анан эле көрүнбөгөн чекарадан өткөндөй болдук. Жолдо эч кандай деле атайын көрсөткүч жок болсо да, бир нерсенин өзгөргөнүн сездик: андан кийинки айылдар жымжырт экен. Радиацияланган үйлөрдүн терезелери талкаланган, эшиктеринде кулпу турат. Бакчаларды отоо чөп басып кеткен, бул алардын эбак кароосуз калганынан кабар берип турду.

Реакторлордон 30 километр алыс жайгашкан тыюу салынган аймакка келдик. «Аймак ичиндеги радиациянын деңгээли жогору. Учурунда бул жерден 150 000ден ашуун киши мурдагы Советтер Союзунун ар кайсы жерлерине көчүрүлгөн»,— дейт Анна.

Андан көп өтпөй эле тикенек зым менен тосулган, өзүнчө бөлүнүп турган дагы бир аймактын чекарасына келдик. Кароолчулар менен алардын жыгач үйүн көрүп, бажыканадан өтүп жаткандай сезимде болдук. Ал жерден бардык унаа текшерилет экен. Кароолчу паспортторубузду карап, унаабызды каттап, анан эшикти ачты.

Ошентип, кирүүгө тыюу салынган аймактын ичине кирдик. Дарактардын жаш жалбырактуу тарбагай бутактарынан жолго көлөкө түшүп турат. Айланада көк шибер жайкалат. Мен бул жерди такыр башкача элестеткем, айталы, бактардын күйгөн сөңгөктөрүн, куурап калган куурайларды көрөм го деп ойлогом. Алды жактан ак кыштан жасалган көрсөткүч көзгө урунду. Андагы көк менен жазылган жазуу Чернобылга кирип баратканыбызды билдирип турду.

Шаарга кире бериште дарыкана көзгө урунду. Бир кездерде анда Виктордун апасы иштептир. Кир, чаң баскан айнекте күнтартип жазылган тактайча илинген бойдон калган. Борбордук сейилбактын жанында маданият үйү турат. Анна жумуштан кийин элдин баары клубка концертке шашылган убакты эскерет. Анын жанында «Украина» кинотеатры жайгашкан, анда балдар жайдын ысыгынан баш калкалап, салкында жаңы кинолорду көрүшчү экен. Эми минтип көп жылдардан бери караңгы залдын мемиреген тынчтыгын бузган каткырык-күлкүлөр угулбай калган. Анна менен Виктор бизди борбордон бир нече мүнөт жөө басып жете турган жердеги үйүнө ээрчитип барышты. Бак-шак аябай өсүп, үйдүн алды жагындагы эшигин жаап калыптыр. Короодогу отоо чөптү аралап, бирибиздин артыбыздан бирибиз ээрчип үйдүн артындагы эшикке бардык. Анда эшик жок, орду эле калыптыр.

Үйдүн ичи аңгырап бош. Дат баскан керебетте көгөрүп кеткен төшөнчү жатат. Тамдагы обой кирдеп, тарпы чыккан. Бөлмөнүн ичинин баары таштанды. Аяктан Анна эскилиги жеткен сүрөт таап алды. Анан: «Биякка келгенде бардыгы мурдагыдай болсо деп эңсээр элем. Үйдүн урандыга айланып баратканын көрүп жүрөгүм ооруйт. Бияктан кеткенибизден бери буюмдарыбыздын баарын уурдап бүтүштү»,— дейт улутуна.

Үйдөн чыгып, көчө менен жөнөдүк. Жолдун кесилишинде бирөөлөр кызуу сүйлөшүп турат. Жарым километр баскандан кийин сейилбакка жеттик. Тик жардын таман астында жай аккан дарыя көрүнөт. Каштандын агыш гүлдөрү сыдырым желге ыргалат. 1986-жылы бу дарыя аркылуу башка жакка көчүү үчүн кеме-кайык токтоочу жайдын тепкичине эл жык-жыйма толуптур.

Рудниктердин үйбүлөсү Припяттагы үйүн көрүп келүү үчүн көп жылдан бери былтыр биринчи жолу барышыптыр. Алар ал үйүнөн 19 жыл мурун, электр станциясында авария болгондо, кетишкен экен.

Ойлонор убак

2006-жылдын апрелинде Чернобыль авариясынын 20 жылдыгы белгиленет. Ал көптөргө, адамдар канча аракеттенишпесин, Жерге Кудайдын жетекчилигисиз тийиштүү түрдө кам көрө алышпаарын эскертип турат (Жеремия 10:23).

Былтыр сентябрда авариянын залакалары тууралуу илимий жаңы отчёт басылып чыккан. Бириккен Улуттар Уюмунун ошол отчётуна ылайык, авария учурунда 56 киши өлгөн жана нур оорусунан келечекте дагы 4 000ге жакын гана адам каза табат. Ал эми мурунку изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндө авария 15 000—30 000 адамдын өлүмүнө себеп болот деп божомолдонгон. «Нью-Йорк таймс» гезитинин 2005-жыл, 8-сентябрындагы санында: «Жаратылышты коргоо уюмдары тарабынан БУУнун отчёту, атом энергетикасынын кооптуулугун атайылап төмөндөтүүнүн аракети деп, катуу сынга алынган»,— деп айтылган.

Жахаба Кудай тууралуу авариядан кийин билген Виктор: «Биз эми көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз, анткени Кудайдын Падышалыгы орногондо мындай кырсыктардын такыр кайталанбаарын билебиз. Чернобылдын тегереги, туулуп өскөн жерибиз, калыбына келип, кооз бейиштин бир бөлүгү боло турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,— дейт.

Чернобыль авариясынан кийин көптөгөн адамдар Жердин кайрадан баштагыдай бейишке айланары жөнүндөгү Ыйык Китептеги убаданын аткарыларына болгон ишенимге ээ болушту (Башталыш 2:8, 9; Аян 21:3, 4). Акыркы 20 жылдын ичинде мындай ишенимге ээ болгондордун саны Украинада эле 100 000ден ашты! Кудайдын ой-ниеттерин билүүгө аракеттенгендерди алдыда жаркын келечек күтүп турат. Ага силер да жете аласыңар.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Бийлик тарабынан мындай кыскача саякаттар коопсуз деп жарыяланганы менен, «Ойгонгула!» бул суроого байланыштуу эч кандай кеңеш бербейт.

^ 5-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 1997-жыл, 22-апрель, 12—15-беттер (ор.).

[16-беттеги кутуча]

Авариянын кесепетин четтеткендердин эстелиги

Бул чоң эстелик Чернобыль атом электр станциясындагы авариянын кесепетин четтеткендер үчүн тургузулган. Алар өрт өчүрүп, бетон чүмбөт куруп радиациянын таралышын бөгөттөшкөн. Жалпы жонунан, бул ишке жүз миңден ашуун адам катышкан. Авариянын таасиринен 4 000 адам, көпчүлүгү авариянын кесепетин четтеткендер, набыт болот деп божомолдонот.

[23-беттеги сүрөт]

Чернобылга кире бериштеги көрсөткүч жана кинотеатр

Рудниктердин үйбүлөсү жана алардын Чернобылдагы үйү

[24-беттеги сүрөт]

Авария болгон атом электр станциясы. Оңдо — Рудниктердин станциядан үч километрдей алыс жайгашкан Припяттагы үйү