Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн окушум керек?

Эмне үчүн окушум керек?

Жаштардын суроолору

Эмне үчүн окушум керек?

«Мен окуганды жаман көрөм, тынчым жок. Андан көрө телевизор көргөнүм жакшы» (Маргарита, 13 жаш, Орусия).

«Эгерде мага же китеп окууну, же баскетбол ойноону тандоого туура келсе, баскетболду тандамакмын» (Оскар, 19 жаш, АКШ).

ЖОГОРУДАГЫ сөздөрдү окуп жатып окуганды билүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп жаткандырсың. Ошентсе да сен үчүн китеп же журналдан макала окуу дары ичкен сыяктуу болушу мүмкүн: сен анын пайдалуу экенин билесиң, бирок аны ичкенди жаман көрөсүң.

«Ойгонгула!» журналынын кабарчылары 11 өлкөнүн жаштарынан дилмаек алышкан. Алар окууга байланыштуу кыйынчылыктары жана алган пайдалары жөнүндө айтып беришкен. Төмөндө алардын сөздөрү келтирилди.

Окуганды эмне үчүн жаман көрөсүң?

«Көп учурда мага убакыт табуу кыйын» (Земзихан, 19 жаш, Германия).

«Окуу күч-аракетти талап кылат, а мен жалкоолоном» (Эзикиел, 19 жаш, Филиппин).

«Зериктирген китептерди оку деп кыйнаганда жаман көрөм» (Кристиан, 15 жаш, Улуу Британия).

«Эгерде китеп анча чоң болбосо, окуйм. Ал эми чоң китепти колума алгандан да корком» (Эрико, 18 жаш, Жапония).

«Мен тез эле алаксый берем. Көңүлүмдү бир нерсеге топтой албайм» (Франциско, 13 жаш, Түштүк Африка).

Кудай жолундагы жаштар Ыйык Китепти окууга чакырылат (Забур 1:1—3). Окуу сен үчүн кыйынбы? Эгер ошондой болсо, себеби эмнеде?

«Ыйык Китеп аябай чоң китеп болгондуктан, аны эч качан окуп бүтпөйм го деп ойлойм» (Анна, 13 жаш, Орусия).

«Ыйык Китептин айрым жерлери анча деле кызыктуу эмес. Аларды окуу кыйын» (Жезриел, 11 жаш, Индия).

«Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу мен үчүн оор, анткени убактымды туура эмес пайдаланам» (Эльза, 19 жаш, Улуу Британия).

«Үйдөгү жумуштар жана сабак жазуу көп убактымды алгандыктан, бул мен үчүн оңой эмес» (Сурисадай, 14 жаш, Мексика).

«Ыйык Китепти окуу — мен үчүн өзүнчө эле сыноо, жакшы көргөн иштериме бөлгөн убакытты кыскартышым керек окшойт» (Со, 14 жаш, Жапония).

Окуу көптөр үчүн, чынында эле, кыйынга турушу мүмкүн. Бирок күч-аракет жумшоонун зарылдыгы барбы? Окуудан кандай пайда аласың?

«Окуунун аркасында билимим кеңейип, башкалар менен пикир алышууда өзүмдү ишенимдүүрөөк сезем» (Мониша, 14 жаш, Индия).

«Окуганда кадимкидей эс алып, кыйынчылыктарым жөнүндө ойлобой калам» (Алисон, 17 жаш, Австралия).

«Эч качан бара албай турган жерлерге оюм менен саякаттоого мага китеп окуу жардам берет» (Дуэйн, 19 жаш, Түштүк Африка).

«Окуу менен, кандайдыр бир маалыматты башкалардан сурай берүүнүн ордуна, өзүм изилдеп таба алам» (Абиу, 16 жаш, Мексика).

Окуганды жакшы көрүүгө сага эмне жардам берди?

«Ата-энем кичине кезимден эле үн чыгарып окууга үндөчү» (Таня, 18 жаш, Индия).

«Атам менен апам элестетип окушум керек экенин көп айтышчу» (Даниел, 18 жаш, Улуу Британия).

«Атам мага Ыйык Жазманын өзүмө көбүрөөк жаккан, мисалы, Забур, Накыл сөздөр сыяктуу китептеринен окуй баштоону сунуш кылды. Эми Ыйык Китепти окуу мен үчүн оор жүк болбой, кубаныч бере турган болду» (Шарин, 16 жаш, Түштүк Африка).

«Атам менен апам мага төрт жашымда эле жазуу үстөл жана текче камдап берип, ага мен төрөлгөндөн баштап атайын сактап келген китептерди тизип коюшкан» (Ари, 14 жаш, Жапония).

Ыйык Китепти окуу эмне үчүн маанилүү деп ойлойсуң?

«Адамдардын Ыйык Китеп тууралуу айткандарынын баары эле туура боло бербейт. Ошондуктан өзүң текшерип көргөнүң жакшы» (Элчилер 17:11) (Мэтью, 15 жаш, АКШ).

«Ыйык Китепти окууда көп ойлонууга туура келет. Бирок аны окуунун аркасында ишенимим тууралуу түшүнүктүү жана ишенимдүү сүйлөөгө үйрөндүм» (1 Тиметейге 4:13) (Жейн, 19 жаш, Улуу Британия).

«Ыйык Китепти окуганда Жахаба мага сүйлөп жаткандай болот. Кээде андан аябай таасир алам» (Эврейлерге 4:12) (Обадая, 15 жаш, Индия).

«Ыйык Китепти окуудан кубаныч алууга аракеттенем, анткени андан Жахаба мен жөнүндө кандай ойдо экенин билип, пайдалуу кеңештерди таба алам» (Ышайа 48:17, 18) (Виктория, 14 жаш, Орусия).

Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды кайсы учурда окуйсуң?

«Менин күнтартибим мындай: күнүгө эртең менен баарынан мурда Ыйык Китептен бир бөлүм окуйм» (Лайш, 17 жаш, Бразилия).

«Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды сабакка баратканда окуйм. Бул тартипке төрт жылдан бери карманып келатам» (Тайти, 19 жаш, Жапония).

«Мен Ыйык Китепти күнүгө кечинде уктаар алдында окуйм» (Мария, 15 жаш, Орусия).

«„Күзөт мунарасы“ же „Ойгонула!“ журналдарынан күнүгө төрт беттен окуйм. Ошондо журналдардардын жаңы саны келгиче, баарын окуп чыгууга үлгүрөм» (Эрико, 18 жаш, Жапония).

«Мен Ыйык Китепти күнүгө эртең менен мектепке барар алдында окуйм» (Жеймс, 17 жаш, Улуу Британия).

Жаштардын жогорудагы айткан сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, окуунун аркасында өзүңдү ишенимдүүрөөк сезип, ойөрүшүң кеңейет. Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды, алардын ичинде ушул журналды окуу да сага «Кудайга жакындоого» жардам берет (Жакып 4:8). Окуу сен үчүн кыйынга турса да, эч качан багынба!

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Кудай Сөзүн окуу эмне үчүн маанилүү?

▪ Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окууга кантип убакыт табууга болот? (Эфестиктерге 5:15, 16).

ОКУП ЖАТЫП...

Окугандарыңды өзүң жөнүндө жана курчап турган дүйнө жөнүндө буга чейин билгендериң менен байланыштыр. Төмөнкү суроолор тууралуу ойлонуп көр:

Окшоштуктарды тап. Сүрөттөлгөн окуялардын китеп-журналдардан же аңгемелерден мурда окугандарым менен кандай жалпылыгы бар? Алардагы каармандар мен окуп-билген адамдарга эмнеси менен окшош?

Өзүңө карата колдон. Бул маалыматтын жагдай-шартым, жашоом жана мени тынчсыздандырган нерселер менен кандай байланышы бар? Окуп-билгендеримди кыйынчылыктарым менен күрөшүү жана жашоомду жакшыртуу үчүн кантип колдоно алам?

Курчап турган дүйнө жөнүндө ойлон. Мындан жаратылыш, айлана-чөйрө, башка улуттардын маданияты же социалдык көйгөйлөр тууралуу эмнени билдим? Окугандарымдан Жараткан жөнүндө эмнелерди биле алдым?