Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башталыш китебиндеги билдирүү илимге каршы келеби?

Башталыш китебиндеги билдирүү илимге каршы келеби?

Ыйык Китептин көзкарашы

Башталыш китебиндеги билдирүү илимге каршы келеби?

КӨПТӨР илим менен Ыйык Китептин жаратуу жөнүндөгү билдирүүсү бири-бирине төп келбейт деген ойдо. Бирок мындай карама-каршылыктарды, илим менен Ыйык Китептин ортосунан эмес, илим менен фундаменталисттик христиан диндеринин көзкараштарынын ортосунан байкоого болот. Фундаменталисттер көзгө көрүнгөн жаратуулардын баары, Ыйык Китепке ылайык, 24 сааттан турган алты күн аралыгында, 10 000 жылдай убакыт мурун жаралган деп ырасташат.

Бирок Ыйык Китепте андай ой-пикирлер жолукпайт. Болбосо, өткөн кылымдарда жасалган илимий ачылыштардын көбү Ыйык Китептин ишенимдүүлүгүнө шек туудурмак. Ыйык Китепте жазылгандарды кылдаттык менен изилдөө анын далилденген илимий фактыларга каршы келбесин аныктоого жардам берет. Ошол себептүү Жахабанын Күбөлөрү фундаменталисттик диндегилердин жана креоционисттердин көзкараштарына кошулбайт. Келгиле, Ыйык Китепте чынында эмнелер айтыларын карап чыгалы.

«Эң башында»

Ыйык Китептин Башталыш китеби: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деген ары жөнөкөй, ары түшүнүктүү сөздөр менен башталат (Башталыш 1:1). Ал аятта жазылган иш-аракет, Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын ою боюнча, 3-аяттан баштап баяндалган жаратуу күндөрүндөгү иш-аракеттердин катарына кирбейт. Бул, чындыгында, көңүл бурарлык нерсе. Себеби, Ыйык Китептеги алгачкы билдирүүдө Ааламдын, анын ичинде Жердин да жаратуу күндөрү башталганга чейин эле белгисиз убакыттар бою болгону айтылат.

Геологдордун эсептөөсү боюнча, Жер 4 миллиард жыл мурун жаралган. Ал эми астрономдор Аалам болжол менен 15 миллиард жыл мурун пайда болгон дешет. Бул ачылыштар же келечекте жасала турган ачылыштар Башталыш 1:1деги маалыматка карама-каршы келиши мүмкүнбү? Жок. Ыйык Китепте «асман менен жердин» жаралган убактысы так айтылбайт. Ошондуктан илим Ыйык Китептин билдирүүсүн төгүнгө чыгара албайт.

Жаратуу күндөрү канча убакытка созулган?

Жаратуу күндөрү канча убакытты камтыган? Алар 24 сааттан турду беле? Айрымдар Башталыш китебин жазган Муса, кийинчерээк алты жаратуу күнүнөн кийинки күндү Ишемби күнүнүн үлгүсү катары алгандыктан, жаратуу күндөрүнүн ар бири 24 сааттан турууга тийиш деп ырасташат (Чыгуу 20:11). Башталыш китебинде бул ойду ырастаган маалымат барбы?

Жок. Эврей тилиндеги «күн» деп которулган сөз 24 саатка созулган убакытты эле эмес, ар кандай убакыт аралыгын да билдирет. Мисалы, Муса Кудайдын жаратууга байланыштуу иштерин жыйынтыктап, алиги 6 жаратуу күнүн жалпы жонунан бир күн деп койгон (Башталыш 2:4, «ЖД»). Андан сырткары, жаратуунун алгачкы күнүндө «Кудай жарыкты „күн“, караңгыны „түн“ деп атаган» (Башталыш 1:5). Бул жерде «күн» деп 24 сааттын жарымы гана айтылып жатат. Демек, Жазма боюнча, ар бир жаратуу күнү 24 саатка созулган деп ырастоого эч кандай негиз жок.

Анда жаратуу күндөрү канчага созулган? Башталыш китебинин 1, 2-бөлүмдөрүнөн алардын узак убакка созулганы аныкталат.

Акырындык менен жаратылган

Муса билдирүүсүн эврей тилинде жазган жана окуялардын жүрүшүн жерден карап турган адамдын көзкарашы менен сүрөттөгөн. Ушуларды жана Ааламдын жаратуу маалы же «күндөрү» башталганга чейин эле болгонун эске алуу жаратууга байланыштуу талаш суроолордун көбүнүн чечилишине өбөлгө түзөт. Кандайча?

Башталыш китебиндеги билдирүүнү кылдат талдап чыксак, бир «күндө» башталган окуя-кубулуштар экинчи же андан кийинки «күндөрдө» да улана бергенин көрөбүз. Айталы, Күн биринчи жаратуу «күнү» баштала электе эле бар болчу. Бирок анын жарыгынын Жер бетине жетишине, кыязы, булуттун калың катмары тоскоолдук кылган (Аюб 38:9). Биринчи «күнү» болсо ал булут суюла түшкөндүктөн, атмосферадан аз-аздан жарык өтө баштаган *.

Экинчи «күнү» да атмосферанын тазарышы улана бергендиктен, калың булут катмары менен океандын ортосунда мейкиндик пайда боло баштаган көрүнөт. Ал эми төртүнчү «күнү» атмосфера «асман мейкиндигинде» Күн менен Ай көрүнгөнчөлүк тазарып калган (Башталыш 1:14—16). Башкача айтканда, жерден караган адамга Күн менен Ай байкала баштаган. Булардын баары акырындык менен болгон.

Башталыштагы билдирүүдө бешинчи «күнү», атмосфера дагы деле тазаланып жаткан маалда, ар кандай асман канаттуулары, алардын ичинде жаргак канаттуулар пайда боло баштаганы айтылат. Бирок, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, алтынчы «күнү» да Кудай «топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жарата» берген (Башталыш 2:19).

Ыйык Китеп жазылган тил ар бир жаратуу «күнүндө» болуп өткөн негизги окуялардын дароо эмес, бара-бара ишке ашканын, алардын айрымдары кийинки «күндөрү» да уланышы мүмкүн болгонун түшүнүүгө жардам берет.

«Өз түрү боюнча»

Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бара-бара пайда болушу Кудай, алардын ар кандай түрлөрүн жаратыш үчүн, эволюцияны колдонгонун билдиреби? Билдирбейт. Ыйык Китепте өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн негизги «түрлөрүнүн» баарын Кудай өзү жаратканы так айтылат (Башталыш 1:11, 12, 20—25). Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын алгачкы «түрлөрү» чөйрөгө ыңгайланышуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгонбу? «Түрлөрдүн» ич ара бөлүнүшүнө кандай чектөөлөр коюлган? Ыйык Китепте бул жөнүндө эч нерсе айтылбаганы менен, анда тирүү организмдердин «түр-түрү менен жаратылганы» белгиленет (Башталыш 1:21). Демек «түрдүн» ичинде түрчөлөргө бөлүнүү мүмкүнчүлүгүнө белгилүү бир чек коюлган. Палеонтологиялык билдирүүлөр менен заманбап изилдөөлөр өсүмдүктөр менен жаныбарлардын негизги түрлөрү узак убакыт аралыгында да болор-болбос гана өзгөргөнүн тастыктайт.

Айрым фундаменталисттердин ырастоосунан айырмаланып, Башталыш китеби Аалам, Жер жана андагы тирүү организмдер салыштырмалуу жакында эле, кыска мөөнөт ичинде жаралган деп окутпайт. Чынында, Башталыш китебинин Ааламдын жана Жердеги тиричиликтин пайда болушу жөнүндөгү билдирүүсү көптөгөн акыркы илимий ачылыштарга төп келет.

Окумуштуулардын көбү философиялык көзкарашка ээ болгондуктан, Ыйык Китептеги бардыгын Кудай жараткан деген ырастоону четке кагышат. Бирок, кызыктуусу, байыркы китепте — Башталыш китебинде — Муса Ааламдын башталышы болгонун жана тиричилик бир канча убакыт бою кезек-кезеги менен, акырындык менен жаратылганын жазган. Муса илимий жактан так маалыматты мындан 3 500 жылдай убакыт мурун кайдан алган? Мунун бир гана жообу бар. Ага илимий жактан так мындай маалыматты улуу акылмандыгы, кудурети менен Асманды жана Жерди жараткан Бирөө гана бере алмак. Бул Ыйык Китептин «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганын» дагы бир ирет далилдейт (2 Тиметейге 3:16).

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Биринчи «күндө» болгон окуялар сүрөттөлгөндө, кадимки жарыкка карата эврей тилиндеги — ʹор деген сөз, ал эми төртүнчү «күндө» жарыктын булагын билдирген маʹоʹр деген сөз колдонулат.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

▪ Кудай Ааламды качан жараткан? (Башталыш 1:1).

Жер 24 сааттан турган 6 күн ичинде жаратылганбы? (Башталыш 2:4).

▪ Мусанын Жердеги тиричиликтин жаралуусу тууралуу жазгандары эмне үчүн илимий жактан так? (2 Тиметейге 3:16).

[19-беттеги кыстырма]

Башталыш китебинде Аалам салыштырмалуу жакында эле, кыска мөөнөт ичинде жаралган деп айтылбайт

[20-беттеги сүрөт]

«Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1).

[18-беттеги булак]

Universe: IAC/RGO/David Malin Images

[20-беттеги булак]

NASA photo