Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биохимик менен курулган дилмаек

Биохимик менен курулган дилмаек

Биохимик менен курулган дилмаек

1996-ЖЫЛЫ Лихай университетинин (Пенсильвания штаты, АКШ) профессор-биохимиги Майкл Бихинин «Дарвиндин кара кутусу — биохимия эволюцияны таймашка чакырат» деген китеби жарык көргөн. «Ойгонгула!» журналынын 1997-жыл, 8-майдагы (ор.) санында «Биз кокустуктан улам пайда болгонбузбу же жаратылганбызбы?» аттуу катар макалаларда Бихинин ошол китебинен үзүндүлөр келтирилген. «Дарвиндин кара кутусу» чыккандан тартып, он жыл ичинде, эволюцияны жактаган окумуштуулар Бихинин ырастоолорун төгүнгө чыгарууга аракеттенишкен. Ал католик болгондуктан, сынчылар илимий түшүнүгүнө диний көзкарашынын таасир этишине жол берип койгон деп айыпташкан. Башкалары анын ой жүгүртүүсү илимге коошпойт деп ырасташкан. Профессор Бихинин ой-пикирлеринин эмне себептен мындай талаш-тартыштарды туудурганын билүү үчүн, «Ойгонгула!» журналынын кабарчысы дилмаек курду.

«ОЙГОНГУЛА!»: ТИРИЧИЛИК АҢ-СЕЗИМДҮҮ ДОЛБООРЧУ БАР ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕЙТ ДЕГЕН ТЫЯНАККА КЕЛИШИҢИЗГЕ ЭМНЕ СЕБЕП БОЛДУ?

ПРОФЕССОР БИХИ: Адатта, биз татаал механизмди же түзүлүштү көргөндө, анын кимдир бирөө тарабынан долбоорлонуп курулганына шектенбейбиз. Күндөлүк турмушта колдонуп жүргөн шаймандарды: чөпчапкыч, автоунаа же жөнөкөй эле буюмдарды алалы. Мисалы, капканды да бирөө жасаган, себеби анын ар кандай бөлүкчөлөрү белгилүү бир кызмат аткарыш үчүн, тагыраак айтканда, чычкан кармаш үчүн ылайыкташтырылып чогултулган.

Илимдин өркүндөшү менен тиричиликтин жөнөкөй түрлөрүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк ачылды. Ал эмес, окумуштуулар молекулалык деңгээлдеги тиричиликтин түрлөрүндөгү ар кандай иш-аракет аткарган татаал механизмдерге байкоо жүргүзүп жатышат. Мисалы, тирүү клеткаларда «жүк ташуучу унаалар» — клетканын бир тарабынан экинчи тарабына керектүү азыкзат жеткирип туруучу чакан молекулалар — бар. Клеткаларда «жүк ташуучу унааларга» оңго-солго бурулууну көрсөтүп турган көп сандаган молекулалык «жол белгилер» да болот. Айрым клеткалар суюктукта жылып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген, кайыктын кыймылдаткычы сыяктуу молекулалык кыймылдаткычтар менен камсыз кылынган. Мындай татаал иш-аракетти аткарган механизмди башка жактан жолуктурган болсо, адам анын кимдир бирөө тарабынан иштелип чыгарылганына күмөн санамак эмес. Андыктан, Дарвиндин теориясында кандай ырастоолор келтирилбесин, бул татаал түзүлүш долбоорлоодон улам пайда болгон дегенден башка түшүндүрмө бере албайбыз. Эгер биз татаал механизмдердин кандайдыр бир максат менен долбоорлонгонун түшүнсөк, бул молекулалык системалардын да долбоорчусу болгон десек жаңылышпайбыз.

«ОЙГОНГУЛА!»: СИЗДИН ОЮҢУЗ БОЮНЧА, КЕСИПТЕШТЕРИҢИЗДИН КӨБҮ АҢ-СЕЗИМДҮҮ ДОЛБООРЧУ БОЛУУГА ТИЙИШ ДЕГЕН ОЙ-БҮТҮМҮҢҮЗГӨ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КОШУЛБАЙТ?

ПРОФЕССОР БИХИ: Менин ой-бүтүмүмө көптөгөн окумуштуулардын кошулбаган себеби, алар аң-сезимдүү долбоорчу бар деп ырастоо илимий түшүндүрмө менен сыйышпайт деген көзкарашта. Бул аларга табияттан тыш нерседей көрүнөт. Ошондуктан долбоорчу бар деген тыянакты көптөр жактырбайт. Бирок мен илим дайыма далил көрсөткөн багыт менен жүрөт деп окутулгам. Менимче, айдан ачык далилге негизделген ой-бүтүмдү окумуштуулар тарабынан философиялык көзкараш деп эсептелгендиктен гана четке кагуу — чечкинсиздиктин белгиси.

«ОЙГОНГУЛА!»: АҢ-СЕЗИМДҮҮ ДОЛБООРЧУ БАР ДЕГЕН ЫРАСТОО ТҮРКӨЙЛҮКТҮН БЕЛГИСИ ДЕГЕНДЕРГЕ ЭМНЕ ДЕЙТ ЭЛЕҢИЗ?

ПРОФЕССОР БИХИ: Долбоорчу бар деген тыянак түркөйлүккө жатпайт. Себеби ал билбегенибизге эмес, билгенибизге негизделген. Дарвин мындан 150 жыл мурун «Түрлөрдүн келип чыгышы» деген китебин чыгарганда, тирүү организмдер жөнөкөйдөй көрүнгөн. Окумуштуулар клетка өтө жөнөкөй болгондуктан, деңиз массасынан өзүнөн өзү пайда болуп калган деп ойлошкон. Ал эми ошондон бери илим клеткалардын түзүлүшү өтө татаал, XXI кылымдын техникасынан да алда канча татаал экенин ачты. Бул клетканын ой-максат менен жаратылганын айгинелейт.

«ОЙГОНГУЛА!»: СИЗ АЙТЫП ЖАТКАН ТАТААЛ МОЛЕКУЛАЛЫК ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ ЭВОЛЮЦИЯ ТАБИГЫЙ ТАНДАЛУУ ЖОЛУ МЕНЕН ЖАРАТКАНЫ ИЛИМИЙ ТАЖРЫЙБА АРКЫЛУУ ДАЛИЛДЕНГЕНБИ?

ПРОФЕССОР БИХИ: Илимий темаларда жазылган адабияттарды изилдеп чыга турган болсоңор, Дарвиндин теориясы боюнча молекулалык түзүлүштөрдүн кантип пайда болгонун тажрыйба жүзүндө көрсөтүүгө, анын илимий моделин түзүүгө эч ким олуттуу күч-аракет жумшап көрбөгөнүн билесиңер. Менин китебим чыкканына он жылдын жүзү болду, ошондон бери Улуттук илимдер академиясы жана Америка илим өркүндөтүү ассоциациясы өңдүү бир катар уюмдар илимий кызматкерлерин тиричилик аң-сезимдүү долбоорчунун бар экенин далилдейт деген ырастоону төгүнгө чыгаруу үчүн иш-чара көрүүгө бир нече ирет чакырды. Андан эч кандай майнап чыга элек.

«ОЙГОНГУЛА!»: ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ЖЕ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ӨРЧҮШҮНДӨ КЕМЧИЛИК БАР ДЕП ЫРАСТАГАНДАРГА ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРМЕКСИЗ?

ПРОФЕССОР БИХИ: Тирүү организмдердин түзүлүшүндөгү кээ бир өзгөчөлүктөрүнүн кандай кызмат аткарарын билбегендиктен эле, алар эч кандай маанилүү роль ойнобойт деп ырастоо туура эмес. Мисалы, бир убактарда «калдык орган» деп аталган органдар адамдын денесинин жана башка организмдердин кемчилиги бар экенинин далили катары каралган. Айталы, аппендикс же сокур ичеги жана бадам сымал бездер калдык органдар деп эсептелип, хирургиялык жол менен алынып салынчу. Бирок кийин ал органдардын иммун системасында маанилүү кызмат аткарары аныкталган соң, «калдык орган» деп эсептелбей калды.

Биологияда айрым өзгөрүүлөрдүн пайда болушуна кээде, чынында эле, кокустук себеп болот. Бирок менин автоунаамдын бир жери кабырылып же дөңгөлөгүнүн жели чыгып калса, бул анын долбоорчусу болгон эмес экенин көрсөтпөйт да. Ошол сыяктуу эле, биологиядагы кайсы бир кубулуштардын өз алдынча пайда болушу молекулалык татаал, жогору деңгээлде өрчүгөн тиричиликтин кокустуктан улам пайда болгонун билдирбейт. Андай татаал түзүлүштөр кокустан пайда болгон деп ырастоо — жаңылыштык.

[12-беттеги кыстырма]

«Менимче, айдан ачык далилге негизделген ой-бүтүмдү окумуштуулар тарабынан философиялык көзкараш деп эсептелгендиктен гана четке кагуу — чечкинсиздиктин белгиси»