Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаратканга болгон ишенимимди кантип коргой алам?

Жаратканга болгон ишенимимди кантип коргой алам?

Жаштардын суроолору

Жаратканга болгон ишенимимди кантип коргой алам?

«Сабактан эволюция өтүлгөндө, мен үйрөтүлгөн нерселердин баарына карама-каршы келген ойлор айтылды. Эволюциянын далилденген окуу катары каралышы кадимкидей чочулатты» (Райен, 18 жаш).

«Анда 12лерде болчумун. Мугалимим эволюцияны аябай жактачу. Ошондуктан бардыгын Кудай жаратканына ишенеримди ачык айтуудан тартынгам» (Тайлер, 19 жаш).

«Коом таануу сабагынан берген мугалимибиз эмки жолу эволюцияны өтөрүбүздү айтканда, жүрөгүм түшүп кетти: класстагыларга ал талаш суроого кандай караарымды түшүндүрүп беришим керек эле да» (Ракел, 14 жаш).

МЕКТЕПТЕН эволюция өтүлгөндө сен, балким, Райен, Тайлер менен Ракелдерге окшоп, кыжалат болоттурсуң. Анткени бардыгын Кудай жаратканына ишенесиң (Аян 4:11). Бардыгынын аң-сезимдүү долбоорчусу бар экенин көрүп турасың. Бирок окуу китебиңде биз эволюция жолу менен пайда болгонбуз деп жазылган, мугалимиң да ошого окутат. Анан «билимдүү-илимдүүлөр» менен талашып-тартышкандай сен ким элең? Анын үстүнө, Кудай... жөнүндө айта баштасаң, классташтарың эмне дейт?

Эгерде ушул өңдүү тынчсыздануулар сенде да болсо, коркпо... Сен жалгыз эмессиң, бардыгын Кудай жаратканына ишенгендер көп. Керек болсо, окумуштуулардын арасында да эволюция теориясын жактабагандар бар. Мугалимдердин деле көбү анын чындык экенине шектенет. Мисалы, Кошмо Штаттарда беш окуучунун төртөө, окуу китептеринде кандай ырастоолор жазылбасын, Жаратканга ишенет!

Бирок сен: «Жаратканга болгон ишенимимди коргоого туура келип калса, эмне дейм?» — деп ойлоноттурсуң. Канчалык тартынчаак болсоң деле өз көзкарашыңды коргой аларыңа ишенип кой. Бирок ан үчүн даярдануу талап кылынат.

Ишенимиңди текшер!

Ата-энең Кудайга ишенсе, алар үйрөткөндүктөн эле, Жараткандын бар экенине ишенип келишиң мүмкүн. Ал эми азыр эс тартып калганыңда, Кудайга бекем «пайдубалга» негизделген ишеним менен «акылдуу кызмат» кылгың келеттир (Римдиктерге 12:1, «Мукаддас»). Пабыл ишенимдештерин «бардыгын сыноого» чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:21). Бул кеңешти өз жагдайыңда кантип колдонсоң болот?

Алгач Пабылдын Кудай тууралуу эмне деп жазгандарына көңүл буралы. «Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты... анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт»,— деген ал (Римдиктерге 1:20). Айтылгандарды эске алып, адамдын денеси, Жер, уч-кыйырсыз Аалам, түпсүз океан жөнүндө терең ойлонуп көр. Курт-кумурскалардын, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын айран-таң калтырган дүйнөсүнүн өзүңдү кызыктырган жактарына көңүл буруп: «Жараткандын бар экенине эмнеден улам ишенем?» — деп ой жүгүрт.

Мисалы, 14 жаштагы Сэм адамдын денесине көңүл бурат. «Дененин түзүлүшү абдан татаал,— дейт ал.— Анын мүчөлөрү өз ара шайкештикте иштейт. Ошон үчүн адамдын денеси эволюция жолу менен өрчүшү мүмкүн эмес!» 16 жаштагы Холли болсо анын айткандарына кошулуп: «Диабет болуп ооруурумду билгенден тартып дененин кантип иштээри жөнүндө көп нерсе билдим. Мени уйку безинин — ашказандын артында жайгашкан кичинекей органдын — аткарган кызматы абдан таасирлентет: ага кандын курамы жана башка органдардын иштеши көзкаранды»,— дейт.

Ал эми айрым жаштар башка жактарга көңүл бурат. «Биз рухий муктаждыгыбызды сезебиз, сулуулукка баа бере билебиз, билим алууга умтулабыз,— дейт 19 жаштагы Жаред.— Мен үчүн ушунун өзү эле чоң далил. Мындай өзгөчөлүктөрдүн эволюция теориясында айтылган „жашоо үчүн күрөштө“ аман калуу үчүн эч кандай зарылдыгы жок. Мен муну мындай деп гана түшүнөм: бизди жашоодон ырахат алышыбызды каалаган бирөө жараткан». Жогоруда айтылган Тайлер да ушундай тыянакка келген. «Өсүмдүктөрдүн тиричиликти шарттоодо аткарган ролун жана алардын түзүлүшүнүн таңыркатарлык татаалдыгын ойлогондо Жаратканга болгон ишенимим ого бетер бекемделет»,— дейт ал.

Жараткан жөнүндө айтып берүү, бар далилдерди жакшылап изилдеп чыгып, ага ынангандан кийин, оңоюраак болот. Ошон үчүн Сэм, Холли, Жаред менен Тайлерлердей болуп, Кудайдын кереметтүү жаратуулары тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Анан алардын эмнелерди «айтып берерине» «кулак төшө». Ошондо, элчи Пабылдай болуп, Жараткандын бар экенине ишенгенден тышкары, «жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу» Анын сапаттарын «көрө» аларың шексиз *.

Ыйык Китеп чынында эмнеге окутарын билүүгө умтул

Жаратканга болгон ишенимиңди коргоо үчүн, Кудайдын жаратуулары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуудан тышкары, Ыйык Китептин чынында эмнеге окутарын билүү зарыл. Бирок Ыйык Китепте айкын айтылбаган нерселер тууралуу талашып-тартышуунун кереги жок. Буга бир нече мисал алып көрөлү.

«Окуу китебимде Жер менен Күн системасы миллиарддаган жылдар мурун пайда болгон деп айтылат». Ыйык Китепте Жердин же Күн системасынын «жашы» айтылбайт. Анда Ааламдын биринчи жаратуу «күнү» башталганга чейин эле бар болгону жазылган, бул Аалам миллиарддаган жылдар мурун жаралган деген ырастоого каршы келбейт (Башталыш 1:1, 2).

«Мугалимибиз Жер алты күндө жаралышы мүмкүн эмес дейт». Ыйык Китепте ар бир жаратуу «күнү» 24 сааттан турган деп айтылбайт. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн, журналдын 18—20-беттерин кара.

«Сабактан адамдар менен жаныбарлардын бара-бара кантип өзгөргөнүнүн бир нече мисалын талкууладык». Ыйык Китепте Кудай тирүү жандыктарды «түр-түрү менен» жаратканы айтылат (Башталыш 1:20, 21). Бул тиричиликтин жансыз материядан пайда болбогонун жана Кудай тиричиликти жалгыз клеткадан эволюция жолу менен жаратпаганын көрсөтөт. Бирок ар бир «түр» түрчөлөргө бөлүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Демек, Ыйык Китеп ар бир «түрдүн» ичинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгонун четке какпайт.

Ишенимиң бекем болсун!

Жаратканга ишенгениң үчүн ыңгайсызданууга же уялууга эч кандай себеп жок. Далилдер болгон соң, бизди аң-сезимдүү долбоорчу жаратканына ишенүүнү толук негиздүү, атүгүл илимий жактан туура көзкараш десек жаңылышпайбыз. Чынында, сокур ишеним деп Жаратканга ишенүүнү эмес, кереметтүү иштер бар, бирок аларды жасаган эч ким жок деп окуткан эволюцияга ишенүүнү айтууга болот. «Ойгонгула!» журналынын ушул санындагы башка макалаларды карап чыккандан кийин, Жараткандын бар экенине ынандырган далилдер көп экенин байкайсың. Бул тема боюнча изилдөө жүргүзүп, ой жүгүртүп көрсөң, классташтарыңдын алдында ишенимиңди кыйла ишенимдүү коргой аласың.

Жогоруда айтылган Ракел ошенткен. «Ишенимим тууралуу айтпай коюуга болбоорун түшүнүп, мугалимиме „Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?“ деген китепти бердим,— дейт ал. — Китептин эжейимдин көңүл бурдургум келген жерлерин белгилеп койгом. Кийинчерээк эжей эволюцияга таптакыр жаңыча көзкараш менен карап калганын, эми сабактарында китептеги маалыматтарды колдонорун айтты!»

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Көптөгөн жаштар Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» (ор.) жана «Камкор Жараткан барбы?» деген китептердеги маалыматтарды окуп чыгуудан пайда алышты.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Сага мектептен Жаратканга ишенериңди кандай жолдор менен билдирүү оңой?

▪ Бардыгынын Жаратканына болгон ыраазылыгыңды кантип көрсөтө аласың? (Элчилер 17:26, 27).

[27-беттеги кутуча]

«ДАЛИЛ, ЧЫНЫНДА, АБДАН КӨП»

Бир микробиологго — Жахабанын Күбөсүнө: «Жаратканга ишенген үйбүлөдө чоңойгон, ошол эле учурда, мектептен эволюцияны окуп жаткан жаштарга эмне деп айтар элеңиз?» — деген суроо берилген. «Буга Кудайдын бар экенине бирөө үйрөткөндүктөн эмес, бардыгын өзүң изилдеп чыккандан кийин ынанганыңды далилдөөнүн мүмкүнчүлүгү катары карашың керек. Кээде мугалимдерден эволюциянын чын экенин „далилдеп берүүнү“ сураганда, далилдей алышпайт, ал теорияны алар „ошентип окутулушкандыктан“ гана кабыл алышканы айкын болот. Алардын түшкөн „торуна“ сен да түшүп калышың мүмкүн, башкача айтканда, Жараткандын бар экенине ата-энең үйрөткөндүктөн эле ишенип жүрүшүң ыктымал. Андыктан Кудайдын бар экенин өзүңө өзүң далилдей алгыдай бол. Далил, чынында, абдан көп. Аларды табуу оңой эле»,— деп жооп берген ал.

«Жаштардын суроолору» рубрикасында каралган башка макалаларды төмөнкү Веб-сайттан табууга болот: www.watchtower.org/ypu

[28-беттеги кутуча]

СЕНИ ЭМНЕ ИШЕНДИРЕТ?

Төмөн жакка Жараткандын бар экенине сени кайсы үч далил ишендирерин жаз.

1. ․․․․․

2. ․․․․․

3. ․․․․․