Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кимге ишенүү керек?

Кимге ишенүү керек?

Кимге ишенүү керек?

«Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу — Кудай» (Эврейлерге 3:4).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ушул сөздөргө кошуласыңбы? Бул сөздөр 2 000 жыл мурун жазылган. Андан бери адамзат көптөгөн илимий жетишкендиктерге жетти. Табияттагы ырааттуулук кандайдыр бир Долбоорчунун, Жараткандын же Кудайдын бар экенин далилдейт деп ойлогондор азыр да барбы?

Ооба, өнүккөн өлкөлөрдө да көптөр Кудайдын бар экенин жаратылыштан көрүүгө болот деген ойду жактайт. Мисалы, Кошмо Штаттарда 2005-жылы «Ньюсуик» журналы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы катышуучулардын 80 пайызы Ааламды Кудай жаратканына ишенерин көрсөткөн. Буга алардын билиминин тайкылыгы себеп болгонбу? Окумуштуулардын арасында да ошондой көзкарашка ээ болгондор барбы? 1997-жылы «Жаратылыш» аттуу илимий журналда биолог, физик, математиктердин дээрлик 40 пайызы Кудайдын бар экенине эле эмес, анын тиленүүлөрдү угуп, жооп берерине ишенери белгиленген («Nature»).

Ошол эле учурда, алардын оюна кошулбаган окумуштуулар да бар. Нобель сыйлыгынын лауреаты, доктор Герберт Хофман жакында эле илимий конференцияда табияттан тышкаркы кубулуштарга, өзгөчө, Кудайдын бар экенине, ишенүү илим менен сыйышпаарын айткан. Ал: «Мындай ишеним адамзаттын жыргалчылыгына коркунуч туудурат»,— деген. Атүгүл Кудайга ишенген окумуштуулар да өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүндөгү ырааттуулук Долбоорчунун бар экенин далилдейт деп ырастоого даашпайт. Эмне үчүн? Мунун бир себебин баса көрсөтүп, Смитсон институтунун палеобиологу Дуглас Ирвин мындай дейт: «Илимий көзкараш боюнча, эч кандай кереметтин болушу мүмкүн эмес».

Албетте, сенин кандай ойдо болууга тийиш экениңди, эмнеге ишенишиң же ишенбешиң керектигин башкалар чечишине жол берип койсоң болот. Же айрым далилдерди өзүң карап чыгып, өз алдыңча жыйынтык чыгарууну каалайттырсың. Ошондуктан кийинки макалаларда келтирилген окумуштуулардын акыркы ачылыштарын окуп жатканда: «Жараткан бар деген жыйынтыкка келүү акылга сыярлыкпы?» — деп ойлонуп көр.

[3-беттеги кыстырма]

Далилдерди өз алдыңча карап чык

[3-беттеги кутуча]

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ КРЕАЦИОНИСТТЕРБИ?

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептин Башталыш китебиндеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүлөрүнө ишенет. Бирок алар, көпчүлүк ойлогондой, креационисттик ой-пикирлерге карманбайт. Эмне үчүн? Биринчиден, креационисттердин көбү Аалам менен Жер жана андагы тиричиликтин баары мындан 10 000 жылдай мурун, 24 сааттан турган 6 күн ичинде жаратылган дешет. Бирок мындай окуу Ыйык Китепке дал келбейт *. Экинчиден, креационисттер Ыйык Китепке негизделбеген көптөгөн окууларды кабыл алышкан. Жахабанын Күбөлөрү болсо диний окууларын Кудайдын Сөзүнө, Ыйык Китепке, гана негиздейт.

Андан сырткары, айрым өлкөлөрдө «креационист» деген аталыш саясатка активдүү катышкан фундаменталисттик топторго карата да колдонулат. Алар юристтерге жана мугалимдерге өзүлөрүнүн диний окууларына байланыштуу көзкараштарын таңуулоого умтулушат.

Ал эми Жахабанын Күбөлөрү саясий бейтараптуулукту сактайт. Алар мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана бекитүү укугун сыйлайт (Римдиктерге 13:1—7). Ошол эле учурда, Ыйсанын: «Алар... бул дүйнөдөн эмес»,— деген сөздөрүнө олуттуу карайт (Жакан 17:14—16). Күбөлөр башкалар менен ишеними тууралуу сүйлөшүп жатканда Кудайдын жол-жоболору боюнча жашоонун кандай пайда алып келерине көңүл бурат. Бирок алар бейтараптуулугун бузбайт жана жарандык укукка байланыштуу мыйзамдарга башкаларга ыйык китептик нормалар боюнча жашоону таңуулаган мыйзамдарды киргизүүгө умтулган фундаменталисттик топтордун иш-аракеттерин колдобойт (Жакан 18:36).

[Шилтеме]

^ 11-абз. Ушул сандын 18-бетинде жайгашкан «Ыйык Китептин көзкарашы» аттуу рубрикадагы «Башталыш китебиндеги билдирүү илимге каршы келеби?» деген макаланы карагыла.