Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жаратууда эволюцияны колдонгонбу?

Кудай жаратууда эволюцияны колдонгонбу?

Кудай жаратууда эволюцияны колдонгонбу?

«Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат» (Аян 4:11).

ЧАРЛЗ ДАРВИНДИН эволюция жөнүндөгү теориясы жалпыга маалым болгондон көп өтпөй, христиан диндеринин өкүлдөрү Кудайга болгон ишенимин ошол теорияга ылайыкташтыруунун жолдорун издей башташкан.

Бүгүнкү күндө христиан диндеринин негизги агымдары Кудай тиричиликти жаратууда кандайдыр бир деңгээлде эволюцияны колдонгон деген ойду жактоого даяр көрүнөт. Айрымдар Кудай Ааламдын белгилүү бир жол менен өрчүшүн — жансыз элементтерден тирүү организмдер өрчүп олтуруп, акыры, адамдын пайда болушун — «программалап» койгон деп окутат. Бул теисттик эволюция деп белгилүү болгон окууну кабыл алгандар тиричиликтин алгачкы түрлөрүн Кудай жараткан, бирок кийин алардын өрчүү процессине кийлигишкен эмес дешет. Башкалар болсо Кудай өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн өз алдынча, эволюция жолу менен өрчүшүнө жол берген, бирок анын жүрүшүн көзөмөлдөп турган деген ойдо.

Бири-бири менен айкалышабы?

Эволюция теориясы Ыйык Китептин окууларына чынында эле шайкеш келеби? Эгер эволюция чын болсо, Ыйык Китептеги биринчи адамдын жаралышы жөнүндөгү билдирүүнү болгон окуядай эмес, адептик сабак камтыган аңгемедей гана кабыл алуу керек (Башталыш 1:26, 27; 2:18—24). Бул билдирүүгө карата Ыйса кандай ойдо болгон? «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер? — деген ал.— Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот. Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:4—6).

Бул жерде Ыйса жаратуу жөнүндө баяндалган Башталыш китебинин 2-бөлүмүндө жазылгандарды айткан. Эгер Ыйса биринчи нике жөнүндөгү билдирүүнү ойдон чыгарылган аңгеме деп эсептесе, никенин ыйыктыгын баса көрсөтүш үчүн, аны мисал катары колдонот беле? Жок. Ал Башталышта жазылган билдирүүнүн чындык экенин билген (Жакан 17:17).

Башталыштагы жаратуу жөнүндөгү билдирүүгө Ыйсанын шакирттери да ишенген. Мисалы, Ыйсанын Лука жазган Жакшы Кабардагы санжырасы Адам атага барып такалат (Лука 3:23—38). Эгер Адам ата ойдон чыгарылган каарман болсо, анда Ыйсанын санжырасындагы чыныгы адамдар менен уламыш каармандары кайсы жеринен аралашып кеткен? Санжыранын башында турган адамдар ойдон чыгарылган болсо, Ыйсаны Дөөттүн тукумунан чыккан Машайак деп ырастоо канчалык ишенимдүү болмок? (Матай 1:1). Жакшы Кабарды жазган Лука «бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканын» айткан. Демек, ал дагы Башталыш китебиндеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүгө ишенген (Лука 1:3).

Элчи Пабылдын Ыйсага болгон ишениминин Башталыш китебиндеги билдирүүгө болгон ишеними менен тыгыз байланышы бар эле. Ал: «Өлүм бир адам аркылуу келген сыяктуу эле, өлгөндөр бир Адам аркылуу тирилишет. Адам атанын айынан баары өлүштү, ал эми Машайак аркылуу баары тирилишет»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 15:21, 22). Адам ата, чынында эле, адамзаттын «дүйнөгө... күнөө киргизген, күнөө аркылуу өлүм киргизген» түпкү атасы болбосо, тукум кууп өткөн күнөөнүн залакаларын жок кылыш үчүн Ыйсанын өлүшү зарыл беле? (Римдиктерге 5:12; 6:23).

Башталыш китебиндеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүнүн калетсиздигине шек туудуруу Ыйсаны жолдойбуз дегендердин ишенимине доо кетирет. Эволюция теориясы Ыйсанын окуулары менен айкалышпайт. Аларды бириктирүүгө аракеттенүү «ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон» солгун ишенимди гана жаратат (Эфестиктерге 4:14).

«Пайдубалы» бекем ишеним

Ыйык Китеп кылымдар бою сынга алынып келген, бирок ар дайым кайра акталып чыккан. Тарыхка, илимге жана денсоолукка байланыштуу суроолор боюнча андагы айтылгандар ар дайым туура болуп келет. Адамдардын өз ара мамилелерине карата берилген кеңештери да ары натыйжалуу, ары пайдалуу. Адамдардын философиялары жана теориялары чөп сыңары жайнап өсүп чыгат да, акыры, жок болот, ал эми «Кудайыбыздын Сөзү түбөлүк турат» (Ышайа 40:8).

Эволюция илимий эле теория эмес. Ал — ондогон жылдар бою өсүп-өнүгүп келген философия. Бирок акыркы жылдары табияттын долбоорлонгонун көрсөткөн далилдер көбөйүп, аларды түшүндүрүүгө көп аракеттер жасалды. Бул Дарвиндин баштапкы окуусунун өзгөрүп, башкача айтканда, мутацияланып кетишине алып келди. Ал тууралуу кийинки макалалардан окууга чакырабыз. Андан сырткары, ушул жана 32-бетте айтылган адабияттарды окуп чыксаң болот.

Бул суроо боюнча кошумча маалымат алгандан кийин, Ыйык Китептеги өткөн окуялар жөнүндөгү билдирүүлөрдүн ишенимдүү экенине ынанаттырсың. Андан да маанилүүсү, Ыйык Китептин келечекке байланыштуу убадаларына болгон ишенимиң бекемделет (Эврейлерге 11:1). Ошону менен бирге, «асман менен жерди... жараткан» Жахаба Кудайды даңктоого түрткү аларың шексиз (Забур 145:6).

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

Бардык адамдарга арналган китеп

Китепчеде Ыйык Китептин ишенимдүүлүгүн көрсөткөн мисалдар келтирилет

Камкор Жараткан барбы? Китепте бир топ илимий далилдер берилет, камкор Кудайдын эмне себептен азап-кайгыга жол берери түшүндүрүлөт

Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат? Бул китептин 3-бөлүмүндө Кудайдын Жерге байланыштуу кандай ой-ниети бар экени талкууланат

[10-беттеги сүрөт]

Ыйса Башталыштагы жаратууга байланыштуу билдирүүнү калетсиз деп эсептеген. Ал жаңылышканбы?

Space photo: J. Hester and P. Scowen (AZ State Univ.), NASA

[9-беттеги кутуча]

ЭВОЛЮЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

«Эволюция» деген терминдин бир мааниси — «белгилүү бир багытта жүрүүчү өрчүү процесси». Бул термин бир нече маанини камтыйт. Айталы, ал жансыз нерселердеги зор өзгөрүүнү — Ааламдын өрчүшүн — сүрөттөө үчүн колдонулат. Же жандуу жаратылыштагы майда-барат өзгөрүүлөрдү, башкача айтканда, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашап жаткан чөйрөсүнүн шарттарына ыңгайланышын билдирет. Ошол эле учурда, бул сөз көбүнчө тиричиликтин жаралышы жөнүндөгү теорияга карата колдонулат. Ал теория боюнча, химиялык жансыз элементтен — өзүн өзү жараткан клеткалар пайда болуп, бара-бара улам татаал түрлөр өрчүгөн, ал түрлөрдүн эң аң-сезимдүүсү адам делет. Бул макалада «эволюция» деген терминдин ушул акыркы мааниси алынды.