Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнеге ишенериң маанилүүбү?

Эмнеге ишенериң маанилүүбү?

Эмнеге ишенериң маанилүүбү?

СЕНИН оюң боюнча, жашоонун маңызы барбы? Эгерде эволюциянын окуулары чындык болсо, «Сайентифик америкэн» журналындагы төмөнкү ырастоо калетсиз. Анда: «Эволюция жөнүндөгү азыркы түшүнүгүбүз... жашоонун орчундуу маңызы жок дегенди билдирет»,— деп айтылган.

Айтылгандардын маанисин талдап көрөлү. Жашоонун орчундуу маңызы жок болсо, анда жашооңдо аздыр-көптүр жакшылык кылгандан жана балким, тукум улап койгондон башка максат жок дей бер. Анан бир күнү жашоо менен түбөлүккө кош айтышасың. Ой жүгүртүү, тыянак чыгаруу жана жашоонун маңызы тууралуу ойлонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ мээбиз болсо табияттын кокустугунан улам гана жаралган болуп калат.

Адатта, эволюцияны жактагандардын көбү же Кудай таптакыр эле жок, же адамзаттын жашоо-тиричилигине эч кандай кызыгуу көрсөтпөйт деп эсептейт. Анда биздин келечегибиз саясатчыларга, окумуштууларга жана диний жетекчилерге гана көзкаранды болуп калмак. Тарыхтан айкын көрүнүп тургандай, коом башаламандык, жаңжал-чатак, паракорчулук дегендердин чеңгелинде кала бермек. Эволюция теориясы чындык экен, анда «тагдырга» баш ийип: «Ичип-жейли, баары бир өлөбүз да»,— деген көзкараш менен жашай берүү туура болмок (1 Корунттуктарга 15:32).

Ал эми Жахабанын Күбөлөрү жогорудагыдай ойлорду да, алардын негизи болгон эволюцияны да жактабайт. Күбөлөр Ыйык Китептин чындык экенине ишенишет (Жакан 17:17). Ошондуктан алар андагы «өмүрдүн булагы Сенде [Кудайда]» деген сөздөрдүн калетсиздигине шектенишпейт (Забур 35:10). Забурдагы ал сөздөр чынында эле терең мааниге ээ.

Жашоонун маңызы бар. Жаратканыбыздын анын эркине жараша жашоону тандагандардын бардыгына карата сүйүүгө негизделген ой-ниети бар (Насаатчы 12:13). Анын ой-ниети боюнча, адамдар келечекте башаламандык, паракорчулук, жаңжал-чатактар, атүгүл өлүм да болбой турган дүйнөдө жашайт (Ышайа 2:4; 25:6—8). Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын миллиондогон Күбөлөрү Кудайды таанып-билүүдөн жана анын эркин аткаруудан артык башка эч бир нерсе жашоону маңыздуу кыла албаарын ишенимдүү түрдө айта алышат (Жакан 17:3).

Сенин эмнеге ишенериң чынында эле маанилүү, анткени ага азыркы учурдагы жыргалчылыгың гана эмес, келечектеги жашооң да көзкаранды. Анда табияттын долбоорлонгонун көрсөткөн далилдер көбөйгөн сайын аларга туруштук бере албаган теорияга ишенесиңби? Же Ыйык Китепте айтылгандарга — Жердин жана андагы тиричиликтин улуу Долбоорчусу «бардыгын... жараткан» Жахаба Кудай экенине — ишенесиңби? Чечимди өзүң чыгар (Аян 4:11).