Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн Жаратканга ишенишет?

Эмне үчүн Жаратканга ишенишет?

Эмне үчүн Жаратканга ишенишет?

Илимдин түрлүү тармагын аркалаган көптөгөн адистер табият долбоорлоодон улам пайда болгон деген ойду жакташат. Алардын көзкарашы боюнча, жердеги тиричиликтин татаал түзүлүшүнүн келип чыгышына кокустук себеп болгон деген ырастоо — акылга сыйбас нерсе. Ошол себептүү Жаратканга ишенген окумуштуулар менен изилдөөчүлөр аз эмес.

Алардын кээси — Жахабанын Күбөсү. Алар материалдык Ааламдын Долбоорчусу жана Куруучусу Ыйык Китепте айтылган Кудай экенине ишенишет. Эмне үчүн? «Ойгонгула!» журналынын кабарчысы аны билүү максатында ошол окумуштуулардын айрымдары менен дилмаек курду. Алардын оюн билүү силерге да кызыктуу болоттур *.

«Тиричиликтин акыл жеткис татаалдыгы»

ВОЛЬФ ЭККЕХАРТ ЛЁННИГ:

«Мен 28 жылдан бери өсүмдүктөрдөгү генетикалык өзгөрүүлөрдү изилдөө тармагында иштеп жүрөм. Анын ичинде 21 жыл Макс Планк атындагы коомдун өсүмдүктөр селекциясы боюнча институтунда (Кёльн, Германия) эмгектендим. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында аксакал болуп кызмат кылганыма да 30 жылдай болуп калды».

«Генетика боюнча жүргүзгөн тажрыйбаларым жана биологиянын физиология менен морфология өңдүү тармактарын изилдөө тиричиликтин сансыз, көбүнесе абдан татаал формалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Изилдөөлөр мени тиричиликтин, атүгүл анын эң жөнөкөй формаларынын да жаралышына себеп болгон аң-сезимдүү Башталыш бар экенине ого бетер ишендирди.

Окумуштууларга тиричилик формаларынын канчалык татаал экени жакшы маалым. Бирок аны алар көбүнесе эволюция менен гана байланыштырып коюшат. Бирок, менимче, Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүгө каршы айтылган ой-пикирлер, илимий жактан текшере келгенде, төгүн болуп чыгат. Мен андай ой-пикирлерди ондогон жылдар бою текшерип келатам. Тирүү организмдерди, Ааламды башкарып турган мыйзамдарды жана алардын Жердеги тиричиликти шарттоо үчүн жеткилең түрдө ишке киргизилгенин кылдат изилдеп чыккандан кийин Жараткандын бар экенин моюнга алууга туура келди».

«Бардык нерсенин себеби бар»

БАЙРОН ЛЕОН МЕДОУЗ:

«Мен Кошмо Штаттарда жашап, Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарманын лазердик физика тармагында иштейм. Учурда бүткүл дүйнөлүк климатты, абарайын жана башка кубулуштарды контролдоодо колдонулган техникалык жабдууларды өнүктүрүү жагында иришип жатам. Килмарнок (Виргиния штаты) шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынын аксакалымын».

«Менин изилдөөлөрүм көп учурда физикалык мыйзамдарга байланыштуу. Мен ар дайым кайсы бир кубулуштун кандайча жана эмне себептен болуп жатканын түшүнүүгө умтулам. Адатта, изилдөөлөрүмдүн жыйынтыгы бардык нерсенин себеби бар экенин айкын көрсөтөт. Ошондуктан мен табияттагы тирүү организмдердин башкы себеби Кудай экенин моюнга алуу илимий жактан негиздүү деп эсептейм. Табияттагы мыйзамдар ушунчалык туруктуу болгондуктан, алардын Уюштуруучу же Жараткан тарабынан бекитилгенине ишенбей коё албайм.

Далилдер ушунчалык айкын болсо, окумуштуулардын көбү эмне үчүн эволюцияга ишенет? Же ал далилдерге эволюцияны жактагандар калыптанып калган көзкарашы менен карашабы? Окумуштуулар чөйрөсүндө бул — боло жүргөн көрүнүш. Бирок изилдөөнүн же байкоонун натыйжасы, канчалык негиздүү көрүнбөсүн, сөзсүз эле туура болбошу мүмкүн. Айталы, лазердик физика боюнча изилдөө жүргүзгөн адам жарык — бул толкун, себеби ал, үн толкундары сыяктуу эле, толкун катары таралат деп ырасташы ыктымал. Бирок анын ырастоосу бардык фактыларга негизделген эмес. Анткени башка далилдер боюнча, жарык фотон деп аталган бөлүкчөлөр түрүндө жайылат. Ошол сыяктуу эле, эволюцияны жактагандардын көзкарашы айрым гана фактыларга негизделген. Алар фактыларга да өзүлөрүнүн калыптанып калган көзкарашы менен карайт, бул, албетте, чыгарган тыянактарына таасир тийгизбей койбойт.

Эволюцияны жактаган «мен-мен» деген адистер анын жүрүшүнө байланыштуу бир ойго келе албай жатышса, айрымдардын ал теорияны далилденген факты катары кабыл алганы мени таң калтырат. Мисалы, математиктердин кээ бирлери 2ге 2ни кошсо, 4 болот, башкалары, жок, 3 же 6 болот деп жатса, математиканы так илим катары кабыл алат белең? Эгер илим далилдөөгө, текшерүүгө, тажрыйба жүзүндө далилдеп берүүгө мүмкүн болгон нерселерди гана кабыл алса, тиричиликтин бардык түрлөрүнүн «ата-теги» бир болгон деген теорияны илимий фактыга дал келет дей албайбыз».

«Жоктон бар болбойт»

КЕННЕТ ЛЛОЙД ТАНАКА:

«Мен геологмун. Учурда Кошмо Штаттардын Геологиялык кызматында (Флагстафф, Аризона штаты) иштейм. Дээрлик 30 жылдан бери геологиянын ар кайсы тармактарында эмгектенип келатам, алардын ичинде планета геологиясы боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөргө да катышкан учурларым болот. Менин көптөгөн илимий макалаларым жана Марстын геологиялык карталары белгилүү илимий журналдарга чыкты. Жахабанын Күбөсү катары ыйык китептик агартуу ишине ай сайын 70 саат бөлөм».

Мени эволюция теориясы чындык деп окутушса да, Ааламдын жаралышы үчүн талап кылынган зор энергия күч-кубаттуу Жараткансыз эле пайда болуп калганына ишене алчу эмесмин. Эч бир нерсе жоктон бар болбойт эмеспи. Андан тышкары, Ыйык Китептин өзүнөн да Жараткандын бар экенинин көптөгөн далилдерин таптым. Ал китепте мен иришип жаткан тармакка тийиштүү илимий фактыларга төп келген бир топ мисалдар камтылган. Алсак, анда Жер шар формасында экени жана «жок нерсенин үстүнө» илинип коюлганы айтылат (Аюб 26:7; Ышайа 40:22). Бул фактылар адамдар тарабынан ачыла электе эле Ыйык Китепке жазылып коюлган.

Өзүбүз тууралуу ойлонуп көрөлү. Биз сезүү органдарына, аң-сезимге, ой-жүгүртүү, пикир алышуу жөндөмдөрүнө жана ар кандай сезимдерге ээбиз. Мындайча айтканда, башкалардын сүйүүсүн сезип, ошону баалап, аларга да сүйүү көрсөтө алабыз. Эволюция теориясында болсо биздин мындай асыл сапаттарга эмне себептен ээ экенибиз түшүндүрүлбөйт.

«Эволюцияны далилдөө үчүн колдонулган маалымат булактары канчалык ишенимдүү, алардын канчасы чындык?» — деп ойлонуп көрөлүчү. Геологиялык билдирүүлөр толук эмес, татаал жана чаташкан. Эволюцияны жактагандар эволюциянын жүрүшүн илимий усулдарды колдонуу менен тажрыйба жүзүндө көрсөтүп бере алышпайт. Окумуштуулар алдыңкы технологиялардын жардамы менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшсө да, табылган далилдерди түшүндүрө келгенде, өз ой-көзкараштарына алдырып коюшат. Далилдер толук эмес болсо же алар күткөндөгүдөй болбосо, адатта, өз ой-пикирлерин коргоого өтүшөт. Алар үчүн окумуштуулар чөйрөсүндөгү аброюн, кадырын сактап калуу маанилүү.

Окумуштуу катары да, Ыйык Китепти изилдеген адам катары да мен так түшүнүккө жетүү үчүн, бардык белгилүү далилдерге жана илимий изилдөөлөргө шайкеш келген чындыкка жетүүгө аракеттенем. Менимче, Жаратканга ишенүүгө бардык негиздер бар».

«Клетканын долбоорлонгонунун айкын далилдери»

ПАУЛА КИНЧЕЛО:

«Менин клетка жана молекулалык биология менен микробиология тармагында иштегениме бир нече жыл болуп калды. Азыр Атлантадагы (Жоржия штаты, АКШ) Эмори университетинде эмгектенем. Ошол эле учурда, орус тилинде сүйлөгөндөргө ыйык китептик билим берүү ишине ыктыярдуу түрдө катышып жатам».

«Биология боюнча билим алып жатканда мен төрт жыл бою клетканы жана анын түзүлүшүн изилдедим. ДНК менен РНК, белок, зат алмашуу процесси жөнүндө көбүрөөк билген сайын, алардын канчалык татаал, ырааттуу уюшулганына таң калдым. Чынында, клетка жөнүндө билгенибизден билбегенибиз көп экен! Клетканын долбоорлонгонунун айкын далилдери мага Жараткандын бар экенине ишенүүгө дагы бир негиз берет.

Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Жараткан ким экенин — Жахаба Кудай экенин — билдим. Ал аң-сезимдүү Долбоорчу эле эмес, мага кам көргөн боорукер, мээримдүү Ата экенине шектенбейм. Ыйык Китеп жашоонун маңызын түшүндүрөт жана бактылуу келечекке үмүт берет.

Мектептен эволюцияны окуп жаткан балдар эмнеге ишенерин билбей кыйналышы ыктымал. Эгер алар Кудайга ишенишсе, ишеними сыналат. Бирок жаратылыштагы толгон-токой кереметтерге байкоо жүргүзүп, Жараткан жана анын сапаттары жөнүндөгү билимин тереңдете беришсе, алар сыноодон жеңүүчү болуп чыгышат. Андай иш-аракеттерди мен да жасап, Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүнүн так экенине жана илимге каршы келбээрине көзүм жетти».

«Мыйзамдардын укмуштуудай жөнөкөйлүгү»

ЭНРИКЕ ЭРНАНДЕС ЛЕМУС:

«Мен толук убакыттуу кызмат кылган Жахабанын Күбөсүмүн. Ошол эле учурда, физик-математикмин. Мехико улуттук университетинде иштейм. Менин жумушума жылдыздардын эволюциясында болуучу гравотермалдык коллапс (же гравитациялык термодинамика кыйроосу) делген кубулуштун термодинамикалык касиетин изилдөө кирет. ДНКнын чынжырчасын изилдөөгө да катышкам.

Тиричиликтин өтө татаалдыгы анын кокустуктан улам пайда болуп калышы мүмкүн эмес экенин айгинелейт. Мисалы, ДНК молекуласы сансыз көп маалымат камтыйт. Бир эле хромосоманын кокусунан пайда болуп калуу ыктымалдыгы, математикалык эсеп менен алганда, 9 триллион ыктымалдыктын 1ин да түзбөйт, башкача айтканда, андай мүмкүндүк жокко эсе. Аң-сезимсиз күчтөр аябагандай татаал түмөн сандаган тирүү организмдердин эле эмес, бир эле хромосоманын жаралышын шарттаган деп ишенүү, менимче, акылсыздык.

Андан тышкары, материянын татаал түзүлүшүн — анын микроскоптук деңгээлинен тартып, жылдыз аралык булуттардын кыймылына чейин — изилдегенимде, алардын кыймылын башкарып турган мыйзамдардын укмуштуудай жөнөкөйлүгү мени абдан таасирлентти. Ал мыйзамдар Улуу Математиктин эмгеги гана болбостон, Залкар Сүрөтчүнүн тарткан сүрөтүнүн четине коюлган колу деп ойлойм.

Менин Жахабанын Күбөсү экенимди билишкенде, көптөр таң калышат. Кээде алар Кудайга кандайча ишенип калганымды сурашат. Аларды түшүнөм: диндердин көбү дининдегилерди эмнеге окутулуп жана эмнеге ишенип жатканын текшерүүгө үндөбөйт эмеспи. Ал эми Ыйык Китеп бизди «ой жүгүртүүгө» чакырат (Накыл сөздөр 3:21). Табияттагы долбоорлоонун далилдеринин баары жана Ыйык Китепте камтылган далилдер мени Кудайдын бар экенине эле эмес, биздин тиленүүлөрүбүздү угарына да ишендирет.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бул жерде келтирилген окумуштуулардын көзкарашы эмгектештеринин көзкарашына дал келбеши ыктымал.