Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бирин сүйгөндөр никеге чейин жашай берсе болобу?

Бири-бирин сүйгөндөр никеге чейин жашай берсе болобу?

Ыйык Китептин көзкарашы

Бири-бирин сүйгөндөр никеге чейин жашай берсе болобу?

БИР сурамжылоодон өспүрүмдөрдүн дээрлик 90 пайызы бири-бирин сүйгөн эки жаштын үйлөнө электе жыныстык катнашта болушунун эч жаманы жок деген ойдо экени аныкталган. Андай ой жүгүртүү массалык маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылып, өөн иш катары эсептелбейт. Телеберүүлөрдө жана кинотасмаларда махабат сезиминин жыныстык мамилелерге алып келиши табигый нерседей көрсөтүлөт.

Ал эми Кудайга жагууну каалагандар болсо бул дүйнөдө кабыл алынган көзкараштарга карманбайт, себеби андай көзкараштар Ибилистин — дүйнөнүн башкаруучусунун — ой жүгүртүүсүн чагылдырарын билишет (1 Жакан 5:19). Алар «адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган» экенин түшүнгөндүктөн, өз сезимдерине жетеленүүдөн сак болушат (Жеремия 17:9). Акылдуу адамдар жетекчилик издеп Жаратканга жана анын Сөзүнө кайрылышат (Накыл сөздөр 3:5, 6; 2 Тиметейге 3:16).

Жыныстык мамиле — Кудайдын белеги

Ыйык Китепте: «Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет»,— деп айтылат (Жакып 1:17). Никеде караштырылган жыныстык мамилелер — ошондой баалуу белектин же батанын бири (Рут 1:9; 1 Корунттуктарга 7:2, 7). Андай мамиле эркек менен аялга балалуу болууга жана денелик, сезимдик жактан эң бир назик, жагымдуу жол менен бири-бирине жакындоого мүмкүнчүлүк берет. Сулайман падыша: «Жаш кезде алган... аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын»,— деп жазган (Накыл сөздөр 5:18, 19).

Жахаба берген белектерин колдонуудан кубаныч алышыбызды каалайт. Ошондуктан ал бизге жашоого керектүү эң сонун мыйзамдарды жана принциптерди берген (Забур 18:8, 9). Ал — «сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңир» (Ышайа 48:17). Асмандагы Атабыз, сүйүүнүн өзү болуп туруп, бизге ырахат алып келе турган нерселерди жасоого жөндөн-жөн эле тыюу салып коймок беле? (Забур 33:11; 36:4; 83:12; 1 Жакан 4:8).

Никеге чейинки жыныстык мамиле чыныгы сүйүү эмес

Эркек менен аял расмий түрдө баш кошкондо «бир дене» болуп калышат. Ал эми үйлөнө электер жыныстык катнашта болушса, тактап айтканда, бузуктук кылышса, алар да «бир денени» түзүшөт, бирок Кудайдын көз алдында ыпылас «дене» катары каралышат *. Андан сырткары, андай мамиле чыныгы сүйүүгө жатпайт. Эмне үчүн? (Марк 10:7—9; 1 Корунттуктарга 6:9, 10, 16).

Себеби алар бири-бирине байланыштуу эч кандай милдет алышпайт. Андан сырткары, алардын өзүн сыйлоо сезимине доо кетиши, жан дүйнөсү жараланышы мүмкүн. Бузуктук оорууга чалдыктырып, каалабаган кош бойлуулукка алып келиши да ыктымал. Баарынан өкүнүчтүүсү, ал Кудайдын адил нормаларын бузууга жатат. Бузуктук кылган киши экинчисинин азыркы жана келечектеги жыргалчылыгы менен бактысын көп ойлобойт же таптакыр ойлобойт.

Ал эми Кудайдын эли бузуктукту ишенимдешин «пайдалануу», мындайча айтканда, анын укугуна кол салуу деп эсептейт (1 Тесалоникалыктарга 4:3—6). Мисалы, өзүн Кудайдын кызматчысымын деген киши никеге чейин жыныстык катнашка барса, жыйналыштын тазалыгын бузат (Эврейлерге 12:15, 16). Ал өзү менен бузуктукка барган адамды адеп-ахлактык тазалыгынан ажыратат жана аны, бойдок же турмушка чыга элек болсо, келечекте адеп-ахлактык жактан таза бойдон үйбүлө куруу укугунан кол жуудурат. Андан сырткары, өз үйбүлөсүнүн жакшы атын булгайт, ошол эле учурда, экинчисинин үйүндөгүлөрүнүн эл караган бетин жер каратат. Ошондой эле алар Кудайдын адил мыйзамдарын жана принциптерин бузуу менен аны капалантып, сыйлабаарын көрсөтүшөт (Забур 77:40, 41). Жахаба андай жаман иштерге барганына өкүнбөгөндөрдү жазалайт (1 Тесалоникалыктарга 4:6). Ошондуктан Ыйык Китепте: «Ойноштук кылуудан качкыла»,— деп бекеринен айтылган эмес (1 Корунттуктарга 6:18).

Силер бири-бириңерди сүйүп, үйбүлө курууга ниеттенип жатасыңарбы? Анда сүйлөшүп жүргөн маалдан тартып ишенүүгө жана сыйлоого татыктуу экениңерди далилдей баштагыла. Төмөнкүлөр тууралуу ойлонуп көрсөңөр: өзүн өзү башкара албаган жигитке кыз кантип толук ишене алат? Ал эми жигитке жагуу үчүн же өзүнүн сезимдерин канааттандыруу үчүн Кудайдын мыйзамын бузган кызды сүйүү, сыйлоо оңой болобу?

Кудайдын сүйүүсүнөн улам берген мыйзамдарын бузгандар эмнени сепсе, ошону оруп алышат (Галатиялыктарга 6:7). Ыйык Китепте: «Ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат»,— деп айтылган (1 Корунттуктарга 6:18; Накыл сөздөр 7:5—27). Ооба, үйлөнө электе жыныстык катнашка барган жубайлар чындап өкүнүшсө, Кудай менен болгон мамилелерин калыбына келтирүүгө бүт күчүн жумшашса жана бири-бирине болгон ишенимин бекемдөөгө умтулушса, бушайман кылган сезимдерин акырындык менен басаңдата алышат. Анткен менен алардын мурдагы жаман жүрүм-туруму, адатта, жашоосуна оңой менен өчпөс так калтырат. Үйлөнө электе бузуктук кылып алышкан бир жаш жубайлар азыр катуу өкүнүшөт. Күйөөсү кээде: «Үйбүлөбүздөгү келишпестиктер сүйлөшүп жүргөндө адеп-ахлактык тазалыгыбызды сактабаганыбыздан улам болуп жаткан жокпу?» — деп ойлонот.

Чыныгы сүйүү өзүнүкүн көздөбөйт

Чыныгы сүйүү махабат сезимдери менен коштолсо да, ал «адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт» (1 Корунттуктарга 13:4, 5). Ооба, сүйүү башка адамдын жыргалчылыгын жана түбөлүк бактысын ойлойт. Андай сапат эркек менен аялга бири-бирин урматтоого жана Кудай туура көргөн жол менен — «нике төшөгүндө» — гана жыныстык мамиледе болууга түрткү берет (Эврейлерге 13:4).

Үйбүлөдөгү өз ара ишенүү жана коопсуздук жубайларды бактылуу кылат. Бул, өзгөчө, балдар төрөлгөндө маанилүү. Анткени Кудай балдардын сүйүү өкүм сүргөн, туруктуу жана тынч чөйрөдө чоңоюшун каалайт (Эфестиктерге 6:1—4). Никеде гана эки адам бири-бирине чындап ынак боло алат. Алар турмуштун ачуу-таттуусун тең бөлүшүүгө, өмүрү өткөнчө бири-бирине кам көрүүгө жана колдоо көрсөтүүгө чын жүрөктөн убада беришет (Римдиктерге 7:2, 3).

Аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы жыныстык мамилелер үйбүлө түйүнүн бекемдейт. Өзүлөрүн башынан адептүү алып жүргөн жубайлар никени баалагандыктан, абийири айыптабагандыктан жана Кудайга тил албастык көрсөтпөгөндүктөн, жыныстык мамиледен көбүрөөк кубаныч алышат жана үйбүлөсү бактылуу болот.

[Шилтеме]

^ 9-абз. «Бузуктук» деп которулган грек сөзү үйлөнө электердин жыныстык мамилелерге байланыштуу бардык иш-аракеттерине карата айтылат. Аларга жыныстык мүчөлөр колдонулган иш-аракеттер жана ооз аркылуу жыныстык катнашка баруу да кирет. (Кара: «Ойгонгула!» 2004-жыл, октябрь—декабрь, 12-бет; «Күзөт мунарасы» 2004-жыл, 1-март, 10-бет, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.)

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

Никеге чейинки жыныстык мамилеге Кудай кандай карайт? (1 Корунттуктарга 6:9, 10).

Бузуктук эмне үчүн зыян алып келет? (1 Корунттуктарга 6:18).

Кыз-жигит бири-бирин чындап сүйөрүн кантип көрсөтө алат? (1 Корунттуктарга 13:4, 5).