Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бул адатты кантип таштай алам?

Бул адатты кантип таштай алам?

Жаштардын суроолору

Бул адатты кантип таштай алам?

«Мен сегиз жашыман эле мастурбациялай баштагам. Кийинчерээк Кудай буга кандай караарын билгенден кийин, алсыздыгыма жеңдирген сайын өзүмдү абдан жаман сезчүмүн. „Мага окшогонду Кудай кантип жакшы көрмөк эле“,— дечүмүн. Мен Кудайдын жаңы заманында жашайм деп үмүттөнчү эмесмин» (Луиз) *.

БАЛКИМ, сен да Луиздей болуп, ушундай адатты таштай албай жүргөндүрсүң. Жахаба андай каалооң менен күрөшүшүңдү жана ыйык рухтун жемиши болгон өзүн-өзү токтото билүү сапатын көрсөтүшүңдү каалаарын билеттирсиң (Галатиялыктарга 5:22, 23; 2 Петир 1:5, 6). Ошентсе да кээде алсыздыгыңа алдырып коюшуң ыктымал. Улам жеңилген сайын өзүңдү оңолгусмун деп эсептеп, Кудайдын адил талаптарына ылайык эч качан жашай албайм деген жыйынтыкка келишиң мүмкүн.

Пэдро да өзү жөнүндө ушундай ойдо болгон. Ал мындай дейт: «Андай адатым кайталанганда, өзүмдү абдан жаман сезчүмүн. Кечирилгис күнөө жасадым деп ойлогондуктан, тиленүү мен үчүн абдан оор эле. Тиленүүмдү: „Жахаба, мени угуп жатасыңбы же жокпу билбейм, бирок...“,— деп баштачумун». Аныкындай сезимдер Андрэде да болгон. «Мен өзүмдү жеткен экижүздүү деп эсептечүмүн,— дейт ал.— Эртең менен туруп, жаңы күн баштоо мен үчүн кыйынга турчу. Жыйналышка, кабарга араңдан зорго барчумун».

Сенин да жагдайың Луиз, Пэдро, Андрэлердикиндей болсо, көңүлүңдү чөгөрбө. Мындай адат менен сен эле күрөшүп жаткан жоксуң. Көптөгөн жаштар да, чоңдор да мастурбациялоо адаты менен күрөшүп, аны жеңишкен. Сен да жеңе аласың! *

Өзүңдү күнөөлөй берүүдөн кач

Жогоруда айтылгандай, мастурбациялоо адаты менен күрөшкөндөр көп учурда өздөрүн күнөөлөп кыйналышат. Албетте, «Кудайга жаккан кайгы» андай жаман адатты жеңүүгө түрткү берет дечи (2 Корунттуктарга 7:11). Бирок кечке эле өзүңдү «жей» берүүнүн зыяндан башка пайдасы жок. Андан тышкары, көңүлүң чөгүп, күрөшкүң да келбей калат (Накыл сөздөр 24:10).

Ошондуктан туура көзкарашта болууга умтул. Мастурбациялоо — ыпылас адаттардын бири. Ал сенин «кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу» болушуңа жана акыл-эсиңдин булганышына алып келет (Титке 3:3). Ошол эле учурда өзүн өзү мастурбациялоо бузуктук сыяктуу одоно адеп-ахлаксыздыкка кирбейт (Эфестиктерге 4:19). Андай адатың болсо, кечирилгис күнөө кетирдим деп эсептебе. Муну билүү ал күчтүү каалоого каршы турууга, күрөштү эч качан токтотпоого түрткү берет.

Адатыңа туруштук бере албай калганыңда, ындының оңой эле өчүп калышы мүмкүн. Ошондой учурда Накыл сөздөр 24:16да айтылгандарды эсте. Ал жерде: «Адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, өлүмгө дуушар болушат»,— делген. Күрөшүүдө бир нече жолу жеңилип калганың үчүн эле жаман киши болуп калбайсың. Эч убакта багынба! Тескерисинче, андай ишке барганыңа эмне себеп болгонун талдап көр да, аны кайра кайталабоого аракет кыл.

Өзүңдү жемелей берүүнүн ордуна, Кудайдын сүйүүсү, ырайымдуулугу жөнүндө көбүрөөк ой жүгүрт. Алсыздык деген эмне экенин жакшы билген Дөөт: «Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат. Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет»,— деген (Забур 102:13, 14). Ооба, күнөө кетиргенибизде Жахаба жеткилеңсиздигибизди эске алып, ырайымдуулук менен мамиле кылат (Забур 85:5). Бирок, ошол эле учурда, ал биздин оңолушубуз үчүн күч-аракет жумшашыбызды каалайт.

Ал адатыңды таштап, аны кайра кайталабоо үчүн эмне кылсаң болот?

Башкаларга ишеним көрсөтүү маанилүү

Көптөгөн өлкөлөрдө жыныстык мамилелер тууралуу кеп кылуу кеңири таралганы менен, көптөргө ал жөнүндө тийиштүү түрдө, олуттуу нерсе катары сүйлөшүү кыйын. Балким, сен да көйгөйүң жөнүндө, атүгүл, ишенген адамыңа айтып берүүдөн уялаттырсың. Бир нече жыл бою мастурбациялоо менен күрөшкөн ишенимдешибиз мындай деген: «Жаш кезимде ал жөнүндө кимдир-бирөөгө чыгынып айтып берүүнү абдан каалачумун. Өзүмдү күнөөлүү сезип, канча кыйналып жүрдүм. Бул башкалар менен, өзгөчө Жахаба менен болгон мамилеме таасир этти».

Андай көйгөйүң тууралуу кимге айтсаң болот? Биринчи кезекте ата-энеңе айтканың дурус, же болбосо рухий жактан жетилген биртууган менен бөлүшөттүрсүң. Балким, сөзүңдү: «Мени бир нерсе аябай кыйнап жатат. Ошол жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле»,— деп баштайттырсың.

Мариону мисалга алалы. Ал атасы менен сүйлөшүүнү чечкен. Атасы абдан боорукер, түшүнүктүү киши эле. Ал Мариого жаш курагында өзүнүн да ошондой адат менен күрөшкөнүн айтып берген. «Атамдын чынчылдыгы мени абдан кубаттандырды,— дейт Марио.— Ал андай адатын жеңсе, демек, мен да жеңе алам деп ойлодум. Атамдын мага кылган мамилесине эреркеп, токтоно албай ыйлап жибердим».

Андрэ да жыйналышындагы аксакалга баарын айтып бергенден кийин, өзүн жакшы сезип, жеңилдеп калган *. Ал мындай дейт: «Мени угуп жатып аксакал бир аз жашып кетти, анан Жахабанын мени сүйөрүнө ынандырып, башкаларда да ушундай көйгөй бар экенин айтты. Ал оңолушума жардам берерин жана ага байланыштуу Ыйык Китепке негизделген адабияттарды караштырып көрөрүн убада кылды. Аны менен сүйлөшүү мага эч нерсеге карабай, адатым кайталанган учурда да, күрөштү токтотпоого чечкиндүү болууга жардам берди».

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 6-абз. Бул макалада сөз көбүнчө эркектер жөнүндө жүрсө да, берилген кеңештер бардыгына тиешелүү. Анткени бул адат менен аялдар да күрөшүп келишет. Бул макалада өзүн өзү мастурбациялоо жөнүндө кеп кылынат. Никеде турбаган эки адам бири-бирин мастурбацияласа (бири-биринин жыныстык мүчөлөрүн кармап-сыласа), Кудайдын алдында олуттуу күнөө катары эсептелген бузуктук кылган болушат. Кара: «Ойгонгула!», 2004-жыл, октябрь—декабрь, 12—14-беттер, «Жаштардын суроолору: „Никеге чейинки жыныстык мамиленин эмнеси жаман?“»

^ 17-абз. Кыздар бул тууралуу апасы же жыйналыштагы рухий жетилген эже менен сүйлөшүүнү чечеттир.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Жахаба ырайымдуу экенин унутпоо эмне үчүн маанилүү? (Забур 85:5)

▪ Мастурбациялоо адатын жеңүүгө эмне жардам берет?

▪ Башкалардан жардам суроодон эмне үчүн тартынбашың керек?

▪ Канткенде туура нерселер жөнүндө ой жүгүртө аласың?

Марио жана Андрэдей болуп, мастурбациялоо адатын жеңүүдө жардам алууга болот. «Багынба!» деген кутучада айтылгандарга ылайык иш кыл. Ооба, бул күрөштө жеңүүчү боло аласың!

[19-беттеги сүрөт]

Кайра кайталанганы жеңилгениңди билдирбейт!

«Мен каршы тура албай койдум, бүттү, күрөшүп эмне кереги бар»,— деген тыянакка тез эле келүүгө болот. Андай ойлорду четке как. Бир нече жолу жеңдирип койгонуңда да, таптакыр жеңилип калдым деген ойлорго алдырба.

Мисалы, тепкич менен чыгып баратасың дейли. Тайып кетсең, кайра башынан баштап чыгат белең? Албетте, антмек эмессиң. Анда эмне үчүн ошо сыяктуу ойлорго алдырып, күрөштү токтотуп коюшуң керек?

Адатыңды жеңе албагандыктан, абийириң кыйнап, өзүңдү оңолгус, эрксиз, жакшы мамилеге татыксызмын деп эсептей башташың мүмкүн. Бул жагдайыңды ого бетер оордотот. Өзүңдү ашыкча күнөөлөй берүүдөн кач. Анткени анын айынан алдан тайып, күрөшүүгө күчүң калбай калат. Негизгиси, эң улуу адамдын, Ыйса Машайактын, жеткилең адамдар үчүн эмес, күнөөкөр адамдар үчүн өлгөнүн унутпа. Бүгүнкү күндө күнөө кетирбеген бир да адам жок («Ойгонгула» журналынын 1991-жылы 8-майда чыккан санынын (ор.) 15-бетинен алынды).

[20-беттеги сүрөт/кутуча]

Багынба!

▪ Башка нерселер тууралуу ой жүгүртүүгө аракет кыл (Филипиликтерге 4:8).

▪ Жаман каалоолорду ойготкон нерселерди көрүүдөн кач (Забур 118:37).

▪ Кудайдан «кудуреттүү күч» сурап тилен (2 Корунттуктарга 4:7).

▪ Дайыма рухий иштер менен алек бол (1 Корунттуктарга 15:58).

[20-беттеги кутуча]

Кошумча жардам

Мастурбациялоо адатын жеңүүгө байланыштуу кошумча маалыматты Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) аттуу китептин 25, 26-бөлүмдөрүнөн табууга болот.