Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктарымдын баарынан куткарылдым

Кыйынчылыктарымдын баарынан куткарылдым

Кыйынчылыктарымдын баарынан куткарылдым

Айтып берген: Жан Клод Франсуа

Абийирим ыйык китеп боюнча үйрөтүлгөндүктөн, мен жети жыл ичинде ондон ашуун түрмөдө жаттым. Канча азапты баштан өткөрбөйүн, баарын көтөрүп, кудайдан көп бата алдым деп эсептейм. анын себебин түшүндүрүп берейин.

МЕН 1937-жылы 9-январда Алжир мамлекетинин борбор шаарында, Алжирде, төрөлгөм. Ал кезде өлкөбүз Франциянын бийлиги астында болгондуктан, атам Француз аскеринин офицери экен. Атам кызматына байланыштуу бир нече айлап Египет, Ирак, Ливан жана Сирияда жүрө турган. Ошондуктан чиедей беш баласына көп убакыт бөлө алчу эмес.

Мен мектепти жакшы көрчүмүн, ошондуктан сабактардан жакшы баа алчумун. Ошол эле учурда, «биз эмне үчүн өлөбүз? Кудай кудурети күчтүү, боорукер болсо, эмне үчүн зулумдукка жол берет?» деген сыяктуу суроолор жөнүндө көп ойлончумун. Бирок канааттандырарлык жооп алчу эмесмин. Тиричилик кантип пайда болду экен деп да кызыкчумун. Булардын баарына Дарвиндин эволюция теориясы гана негиздүү жооп бергендей сезилгендиктен, кийин атеисттик көзкарашты жактап кеттим.

Суроолорума жооп алдым!

Жорж аттуу бир досум, Жахабанын Күбөсү, 1954-жылы мага «Эволюция жаңы дүйнөгө каршы» * деген китепче берди. Аны бир олтурганда эле окуп койдум. Китепчеде эволюция теориясы ашкереленгенден тышкары, полеонтологиялык билдирүүлөрдүн Ыйык Жазманын Башталыш китебиндеги Кудай тирүү жандыктарды «өз түрү боюнча» жараткан деп айтылгандарды ырастаарына көңүл бурулуптур (Башталыш 1:12, 25). Бирок зулумдукка байланыштуу суроомо жооп ала алган жокмун.

Жорж башкаларды Ыйык Китептин негизинде окутууга көп убактысын бөлгөн пионер болчу. Өзүм Ыйык Китепти эч качан окуп көрбөгөндүктөн, суроолорума Жорж жооп бере алат болду бекен деп кызыга баштадым. Ал башка пионерлер менен чакан бир үйдө турар эле. Ошол жакка барып аны менен жолуктум да, көптөгөн суроолорума Ыйык Китептин негизинде жооп алдым. Натыйжада Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөгө макул болуп, изилдөөдөн терең канааттануу ала баштадым. Ошондон тартып Кудай Сөзүндө камтылган, ишенимди бекемдээрлик «кенчти» окуп-изилдөөдөн тажабай келем (Накыл сөздөр 2:1—5).

Күбөлөрдүн жыйналыштарына да бара баштадым. Жыйналыш Алжирдин ортосунда жайгашкан бир ресторандын подвалында өтчү. Күбөлөр мени жылуу тосуп алышты. Бара-бара жыйналышты калтырбай калдым. Жыйналыштан кайсы бир көчөдө кандайдыр бир жолугушуу өтөрү жарыяланганда, мен да бармакчы болдум. Күбөлөр үймө-үй кабар айтканы чогулушкан экен, аны барганда билдим (Элчилер 20:20). Ошентсе да жолугушууга катышып, элге кантип кабар айтуу керектиги жөнүндө биринчи жолу түшүнүк алдым.

Үчүнчү жолкусунда мен да кабар айтканы чыгып, үй ээлери менен өзүм маектеше баштадым. Бир киши менен сүйлөшүп жатканда Ыйык Китептин бир аятын айтып, бирок кай жеринде жазылганын таппай калдым. Тиги болсо: «Чоң жигит, адегенде өзүң жакшылап билип ал да, анан элди окут»,— деди да, эшигин тарс жаап алды. Ыза болгонуман скамейкага барып отура кеттим. Анан жанагы аятты издей баштадым. Оңдой берди болуп, бир нече мүнөттөн кийин издегенимди таап, алиги кишиге кайра барып, көрсөтүп бердим.

1956-жылдын 4-мартында, өзүмдүн Кудайга арналганымды көрсөтүп, чөмүлтүлдүм. Жарым жылдан кийин олуттуу чечим чыгарууга туура келди: же жалпы пионер болуп кызмат кылууну, же кабар айтууга аз убакыт бөлүп, өлкөнүн алыскы аймагындагы бир мектепте мугалим болуп иштөөнү тандашым керек эле. Мен пионер болууну чечтим.

Ал чечимимди билгенде атам катуу каарданды. Кекиртегиме бычак такап, үйгө түнөгөнү эле келип жүрүүнү буйрук кылды. Өзүмдү өзүм камсыз кылып жүрсөм да, мындан ары үйдөн тамак да ичүүгө тыюу салынарын айтты. Ошон үчүн эртең менен үйдөн ачка кетип, түштө гана пионерлер менен тамактанчумун, анан кечинде бир аз шам-шум этип алып, үйгө келчүмүн.

Бомба менен октон аман калдым

Ошол кезде Алжирде Франциянын үстөмдүгүнөн бошонуу үчүн согуш жүрүп жаткан эле. Көтөрүлүштү басуунун аракетинде борбор шаар бомбаланып жатты. Бир эле айдын ичинде шаарга 100дөн ашуун бомба түштү. Автобустар, барлар, стадиондор жардырылды. Ошонун кесепетинен кабар айтуу да оордоп кетти: кишилер эшигин ачкандан коркуп калышты. Коменданттык саат киргизилгенден тышкары, документтерди, чөнтөк-башты текшерүү кадимки көрүнүшкө айланды.

1956-жылы 30-сентябрда, жекшемби күнү, жыйналыш өткөн жерди бир нече пионер болуп иреттеп жатканыбызда, үстүбүздөгү ресторанга бомба түштү. Андан бир топ адам өлүптүр, майып болгондор да көп экен. Бактыга жараша, биздин арабыздан эч ким жабыр тарткан жок. Декабрда болсо бир биртууган менен эл көп көчөдө кабар айтып жүргөндө, өтүп бараткан автоунаанын ачык терезесинен элди көздөй ок атылды. Биз жакын жердеги имараттын ичин көздөй чуркадык. Биртууганды жерге түртө салып, өзүм да жата калдым. Ок үстүбүздөн чуулдап өттү. Ошол окуядан кийин баарыбыз кабар айтып жүргөндө сак боло баштадык.

Колума курал алуудан баш тарттым

1957-жылы 1-мартта аскерге чакырылдым. Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирим колума курал алууга жол бербегендиктен, Кудайга тиленип — аскер башчылары менен сүйлөшүү үчүн күч, атам менен да чатакташып кетпеш үчүн жетекчилик сурап жаттым. Бактыга жараша, мени Франциянын Лилль деген шаарына, үйүмдөн алыс жакка, жиберишти.

Бир жумадан кийин Лилль чебине бардым. Ал чеп 17-кылымда жашаган Людовик XIV башкарып турган учурда курулган. Ал жактагы аскер башчыларына Ыйык Китепти колдонуп, бейтараптуулукту сактаарымды түшүндүрүп бердим. Бирок алар мени түрмөгө камап коюшту. Бир күнү эртең менен сакчы камерамдан эшикке сүйрөп чыкты да, баштан-аяк текшерип, чакан Ыйык Китебимди таап алды. Анан карга жатууну буйруп, Ыйык Китебимди жаныма таштап койду. Өзү жарым саат бою башыма мылтык такап турду. Бирок, таң калыштуусу, Ыйык Китебимди кайра берди. Ал китеп азыр да текчемде турат. Ошондон тартып ашказаным ооруп, азабын көптөгөн жылдар бою тартып жүрдүм.

Бир нече күндөн кийин командир атамдан алган катты окуп берди. Ал: «Аны баш ийдирүү керек. Керек болсо, катуу чара көргүлө»,— деп жазыптыр. Көзкарашыман баш тартпаганым үчүн, офицер караңгы камерага камап салды. Уктаган жерим — ошол камеранын тактай полу, үстүмө жамынганым кичинекей жууркан болду. Даараткана жок болгондуктан, заара ушатуу үчүн бир бурчту колдонуп жаттым. Жуунууга да, тишимди тазалоого да, тамак ичкен идишимди жууп алууга да шарт жок эле. Анан эки жумадан кийин Париждеги Френ деген түрмөгө жөнөтүлдүм.

Кийинки алты жылдан ашуун убак ичинде төрт жолу кесилип, он төрт түрмөдө жатып чыктым. Бир жылы кышында Фонтевродо — Луара ойдуңундагы он экинчи кылымда курулган кечилдер үйүндө — олтургам. Жаңыдан келгенде бардык буюм-тайымдарымды алып коюшту. Ыйык Китебимди сурай бергеним үчүн, сакчылар бир кишилик камерага алпарып бир айга камап ташташты. Ошо жерден дагы бир каардуу душман — кычыраган суук — өчүн алды: жөтөл пайда болуп, кан түкүрүп калдым.

Көп өтпөй Сомурдун жанындагы Шато-де-Тюркан деген түрмөгө которушту. Ал жактын шарты түзүгүрөөк экен. Камактагылар мурунку «чоңдордун» үй иштерин жасоого жиберилчү. Камакта жаткандардын бири кийин Алжир республикасынын президенти болгон Ахмед Бен Белла эле. Мен ага бир нече ай бою кабар айттым. Анан ал бир жолу мындай деди: «Сен Алжирдин уулу экенсиң, алжир элине каршы курал көтөрүүгө баш тартканың үчүн ушул жерде олтурасың». Ал мени көзкарашым үчүн сыйлап калды.

Башка сыноолордо да жардам алдым

Денсоолугум начарлагандан начарлап баратты. Көрсө, кургак учук жуккан экен. Ошондуктан Франциянын түштүгүндөгү санаторийге которушту. Бир нече ай бою төшөктөн турган жокмун. Дарылап жаткан доктур өпкөмдүн жабыркаган бөлүгүн операция жасап алып таштоону сунуш кылды. Мен макул болгом, бирок кан куйдурууга каршы экенимди билдиргем (Элчилер 15:29). Аныма ачуусу келип доктур операция жасоодон баш тартты. Ал кезде түрмөдө жатканыма алты жыл болуп калган.

Санаторийден кыштын так ортосунда үстүмдөгү кийимим боюнча чыгарып ташташты. Бирок Жахаба мага, Пабылга Онесепорду жибергендей, Адольф Гаратони деген биртууганды жиберди. Ал мага кам көрүп, «сооронуч болуп калды» (Колосалыктарга 4:11; 2 Тиметейге 1:16—18). Адольфтун жана Франциянын түштүгүндөгү бир доктурдун жардамы менен денсоолугум бир топ жакшыра түштү.

Ошол күндөрү көп чыгым болуп, кайсы акчамды төлөрүмдү билбей жаткам. Бир күнү эле чоочун аял келип: «Мен адвокатмын. Алжирдин президенти, мистер Бен Белла, мени муну сизге тапшырып келүүгө жиберди»,— деди. Анан бир конверт сунду. Ичинде мага керек болуп жаткандан да көп акча бар экен. Ошондо «тиленүүлөрдү уккан» Жахаба Кудайга бүткүл жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирдим (Забур 64:3).

Чоң жоопкерчилик жана татынакай жаншерик

Түрмөдөн чыккандан кийин кайрадан толук убакыттуу кызмат баштадым. Анан Парижге жакын жерде өтүлүүчү Мелун деген жыйналыштан 35 жаштагы Андре Морель аттуу жесир аялга жолугуп калдым. Анын биринчи күйөөсү — ал да Жахабанын Күбөсү экен — жол кырсыгынан каза болуптур. 1964-жылдын 26-сентябрында экөөбүз баш коштук. Ал эми 1965-жылы 1-августта атайын пионердикке дайындалдык. Андренин денсоолугу начар болсо да, 28 жыл бою кубаныч менен толук убакыттуу кызматты аркалады!

1967-жылы мен райондук көзөмөлчү болуп дайындалып, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарын кыдырып, биртуугандарды бекемдей баштадым. Франциянын түштүгүндөгү Бордо шаарынан Монакого чейин кыдырып жүрдүк. Париждин өзүндө да бир жыл кызмат кылдык. Денсоолугубуздун айынан ал иш оңой болгон жок. Ошентсе да Жахабанын жардамы менен ишенимдештерибизге 20 жыл кызмат кылдык. Ал эми 1986-жылдан тартып кайрадан атайын пионер болуп дайындалдык.

Азыркы жашоом

Азыр жетимишке барып калдым. Жахабанын өз кызматчыларына сыноолорду көтөрүүгө дайыма күч берерине көп жолу ынандым. Мен ал күчтү Кудай Сөзүнөн да алып келгендиктен, аны жыл сайын баштан-аяк окуп чыгууга аракеттенем (Ышайа 40:28—31; Римдиктерге 15:4; 2 Тиметейге 3:16).

Андре экөөбүз адамдардын жакшы кабарды кабыл алып, жашоосун Жахабага арнаганын көргөндө абдан кубанабыз. Биз 70 адам менен Ыйык Китепти изилдеп, аларга Жахабага арналууга жардам бере алганыбызга сүйүнөбүз, чексиз ыраазы болобуз. Жашообуз тууралуу ой жүгүрткөндө, забурчунун: «Азап чегип жаткан адам чакырганда, Теңир угуп, аны бардык азаптарынан куткарды»,— дегендери ар бирибизге тиешелүү экенин айкын түшүнөм (Забур 33:7).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

[27-беттеги сүрөт]

Сомурга жакын жердеги Шато-де-Тюркан түрмөсүндө

[28-беттеги сүрөт]

Аялым менен 1967-жылы жана бүгүн