Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окуп-билгендерин жогору баалаган

Окуп-билгендерин жогору баалаган

Окуп-билгендерин жогору баалаган

ЖАКЫНДА 2004-жылдын май айында рак оорусунан каза тапкан аялдын өлөр алдында жазган каты табылган. Денсоолугу күтүүсүздөн начарлап кеткендиктен, ал катынын аягына чыкпай да, аны эч кимге жөнөтүүгө үлгүрбөй да калган. Кийин ал катты окугандар көзүнө жаш алып, Кудайга болгон ишеними бекемделгенин айтышкан.

Каттын ээси Сюзан Коннектикуттагы Жахабанын Күбөлөрүнүн аксакалына биринчи жолу өспүрүм кезинде телефон чалганын эскерет. Ошондой эле өспүрүм курагында эмнелер болгонун баяндап берет. Жүрөк козгогон ал катты Сюзандын апасы былтыркы жылдын аяк ченинде алып, көчүрмөсүн Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгына жөнөткөн.

Сюзан катында 1973-жылы Коннектикуттагы аксакалдын телефон номурун маалымдамадан таап алганын жазат. «Ошол жылы мен 14тө элем. „Күзөт мунарасы“ жана „Ойгонгула!“ журналдарын окуп чыккандан кийин, бул чындык болуш керек деген чечимге келдим. Күбөлөрдү эч качан жолуктурбагандыктан, маалымдамадан карап, башкы сандары меникине окшош болгон номурга чалдым. Генрих биртууган * менин Жахабанын Күбөлөрүнүн бирин да тааныбаарымды билгенде, таң калды».

Оор кыйынчылыктар

Катта баяндалгандай, Сюзан он жашында апасынын Коннектикуттагы сиңдисине убактылуу жашаганы барган. Бирок көп өтпөй Сюзан Флоридада жалгыз жашаган апасына таежеси менен калгысы келерин айткан. Сюзан өзүнүн абалын «Стокгольм синдрому деп аталган абалга» * салыштырган. Андайда «адам ага кысым көрсөткөн бирөө менен жакшы мамиледе болуп калат». Сюзан чынында эле көп кордук көргөн.

«Таежем жана аны менен жашаган киши мага өтө катаал мамиле кылышчу. Үйгө бирөө-жарым да көп келбей турган. Мектепке жиберишкенде, эртең менен тамак беришчү эмес. Апам жетиштүү акча салып турса да, үстүмдө түзүгүрөөк кийимим жок болчу. Менин болгону бир эле ичкийимим бар эле, ал эми таежемдин менден бир аз кичүү эки кызында баары бар болчу»,— деп жазат Сюзан. Ушуларды жазган себеби, таежеси анын Ыйык Китепти изилдеп жатканын укканда кандай кыйынчылыктар башталарын билгенин түшүндүргүсү келген.

Билимин тереңдетүү

«Генрих биртууган мени рухий жактан жетилген Лора менен тааныштырды. Ал көптөгөн ыйык китептик суроолорума жооп берүү үчүн бир топ убакыт бөлдү. Экөөбүз кир жуучу жайда жолугуп жүрдүк»,— деп жазат Сюзан. Ал катында буга чейин бир да жолу өзү чечим чыгарып көрбөгөнүн, бирок Лора менен маектешүүдөн жана «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» (англ.) деген Ыйык Китепке негизделген адабиятты окуп чыккандан кийин, өз алдынча чечим чыгара баштаганын айтып берген.

Ал мындай деп улантат: «Жума күнү кечинде таежеме Жахабанын Күбөлөрү менен маектешип жүргөнүмдү айттым. Ал ошондо мени ашкананын ортосуна түнү бою уктатпай тургузуп койду. Ушундан кийин мен Жахабанын Күбөсү болом деп бекем чечтим».

Ошол убактан тартып Генрих биртууган Сюзанды, Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бериш үчүн, адабияттар менен камсыз кыла баштаган. «Жахабанын Күбөлөрүнүн 1974-жылдагы жылдык китеби эсимден кетпейт. Анда Экинчи дүйнөлүк согушка чейин жана согуш жүрүп жатканда нацисттик Германиядагы Күбөлөрдүн кандай куугунтуктарды көтөргөнү жазылган... Анан Генрих биртуугандан жаттап алыш үчүн Падышалык ырларын жаздырып берүүнү сурандым. Бир жылдын ичинде 1966-жылы чыккан „Чын жүрөгүңөр менен ырдагыла“ (англ.) деген ыр китептеги 119 ырдын баарын жаттап, ырдап калгам»,— дейт Сюзан.

«Ошондой эле Генрих биртууган ыйык китептик баяндамалар, драмалар жана жыйындын программасы жазылган кассеталарды берип жүрдү. Ал аларды №10 трасса боюнча бир устундун жанына калтырып кетчү. Мен ошол жерден алып алчумун... Абалымдан улам көңүлүм чөкчү болду: мүмкүнчүлүгүмө жараша колумдан келгендин баарын жасап жатсам да, бир да жыйналыш жолугушууларына катышпагандыктан, күрөшүүгө күчүм жетпей калат го деп ойлоно баштадым».

Кийинки эки жыл Сюзан үчүн өзгөчө оор болгон. Ал өзү тааныган Жахабанын эки Күбөсү менен байланышпай калган. Бирок жаттап алган бардык ырлары ал үчүн өзүнчө «каргышка» айланган. Эмне себептен? «Анткени ырлардын „Жахабанын эли оңой жашоо издебейт“ деген сөздөрүн улам эстей берчүмүн,— дейт Сюзан.— Бул ырды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиядагы концлагерде жаткан Күбө жазганын билчүмүн, бул мени ого бетер кыйначу. Өзүмдү суу жүрөк сезип, Жахаба мени таштап койду го деп ойлой баштагам» *.

Көптөн күткөн эркиндик

«18 жашка чыкканда жашоом чукул өзгөрдү. Ал убакка чейин Күбөлөрдүн бири да келген эмес, себеби эшигибизде „коңгуроо какпагыла“ деп жазылган эле. Бирок ошол күнү башка жыйналыштагы Күбө келиптир. Үйдө эч ким жок болгондуктан, аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Негизи, мен билгенден, ишемби күндөрү эч качан жалгыз калчу эмесмин. Бул жолугушууну Жахабанын мени таштагысы келбээринин далили катары кабыл алдым. Ошондуктан мен тааныган Генрих биртууганга телефон чалып, өзүнчө жашоого даяр экенимди айтып, кеңеш сурадым. Алар мага жардам беришти».

Сюзан 1977-жылы апрель айында башка жерге көчүп кеткен. Андан ары катында мындай делет: «Кийинки жылы бардык жыйналыш жолугушууларына, жыйындарга катышып, кабар айта баштадым. Апам менен да кайра байланыштым. Ал менин ошол жылдары жаман мамилеге дуушар болуп, кандай азап чеккенимди билген да, элестеткен да эмес. Апам дароо жардам берип, муктаж болгон нерселеримдин баары менен камсыз кылды. Анын Аляскага көчүп кеткенине бир нече жыл болуп калган. Ал Ыйык Китептеги чындыкка абдан кызыккандыктан, жанында болуш үчүн, 1978-жылы мен да Аляскага көчүп бардым. Апам Жахабанын Күбөсү болуп, азыркыга чейин берилгендик менен кызмат кылууда».

«Жыйналышка бара баштаганымда, Генрих биртууган Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына, Бруклинге, топ менен барууну уюштуруп, мени да чакырды. Бул жашоомдогу унутулгус баалуу белектердин бири болду жана Жахабанын уюмуна өмүр бою ыраазы болууга түрткү берди. Бул тууралуу ушуну эле жазайын. Кыскача жазганымдын себеби, катымды аягына чыгууга жетишип калайын деп жатам».

Жогоруда жазылгандар алты жарым беттик каттын үзүндүлөрү гана. Катынын аягында Сюзан: «Өткөн айда катуу ооруп, ооруканада жаттым, өлөрүмө аз калды го... Жок дегенде, эки жумача денсоолугум болуп турса, бир иштеримди бүтүрүп алат элем деп Жахабага тиленем... Көпкө жашайм деп ойлобойм. Анткен менен мен үчүн чындыкта жүргөн жылдарым эң бир бактылуу, эң бир сонун убак болду».

Каттын аягында ээсинин аты-жөнү жазылган да, кол коюлган да эмес, ал эч кимге жөнөтүлбөптүр. Катты таап алгандар анын кимге арналганын билишкен эмес. Андыктан, жогоруда айтылгандай, аны Сюзандын апасына салып жиберишкен.

Сюзан жөнүндө кошумча маалымат

Сюзан 1979-жылы 14-апрелде чөмүлтүлгөндөн кийин, апасы Флоридага кайтып келген. Сюзан, сыягы, Аляскадагы «Түндүк уюл» жыйналышындагылар менен жакшы мамиледе болгондуктан, ошол жакта калган. Көп өтпөй ал пионер болуп, толук убакыттуу кызмат кыла баштаган. Анан 1991-жылы Флоридага кайра көчүп барганда бир аксакалга турмушка чыккан. Ал дагы толук убакыттуу кызмат кылган пионер болчу. Сюзан көз жумгандан көп өтпөй, күйөөсү да каза болгон.

Сюзандын оорусу күчөп, толук убакыттуу кызматты улантуу мүмкүн болбой калганга чейин күйөөсү экөө тең пионер болушкан. Аларды көптөр жакшы көрүшчү. Сюзан жыйырма жылдан ашуун пионер болуп кызмат кылган. Анын сөөгүн коюу маалында Флоридада айтылган баяндама «Түндүк уюл» жыйналышына трансляцияланган.

Сюзандын жазган каты Жахабанын кызматчылары катары алып жаткан рухий баталарыбызды жана тирилүүгө болгон кереметтүү үмүтүбүздү жогору баалоого жардам берет (Элчилер 24:15). Ошондой эле Сюзандын жашоосу Кудайдын Ага жакындагандардын баарына жакын экенин көрсөтүп турат (Жакып 4:7, 8).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Генрих биртууган аялы менен 1993-жылы кырсыктан улам каза болгон.

^ 6-абз. Кара: «Ойгонгула!», 1999-жыл, 22-декабрь, 7-бет, ор.

^ 13-абз. «Жахабаны мактап ырдагыла», №29 ыр, «Күбөлөр, алга!», ор.

[23-беттеги кыстырма]

«Чындыкта жүргөн жылдарым эң бир бактылуу, эң бир сонун убак болду»

[21-беттеги сүрөт]

Сюзан он жашында

[23-беттеги сүрөт]

Сюзан күйөөсү Жеймс Сеймур менен