«Таза булактан... жаралган»
«Таза булактан... жаралган»
Бразилиядагы кабарчыбыздан
ТУЗДУ «таза булактан — күн менен деңизден — жаралган зат» деп коюшат. Себеби күндүн ачуу нуру деңиз суусун кактаганда, суу бууланып кетет да, баарыбызга белгилүү туз калат.
Бразилиянын түндүк-чыгыш жээгинен орун алган шаарлардын бири Риу-Гранди-ду-Норти туз өндүрүү жагынан көптөргө белгилүү. Абарайы ысык, жаан-чачыны аз болгондуктан жана качан болбосун, кургак шамал согуп тургандыктан, ал жер туз чыгаруу үчүн абдан ылайыктуу келет. Бразилиянын кесек тузунун жана тазаланган тузунун болжол менен 95 пайызы дал ошол жактан чыгат. Ал мамлекеттин туз өнөр жайларынын бири Арайа Бранка аттуу чакан шаарда жайгашкан.
Туз өнөр жайы
Туз өнөр жайлары күнөстүү ачык жерлерде жайгашып, адатта, чоң аймакты ээлейт. Арайа Бранканын аянты да бир кыйла. Ал жакты көргүсү келгендер чоң жол менен жүрүп олтуруп, ошондой ири өнөр жайга туш келгенде, таң калбай коюшпайт. Күн уясынан чыгып, нурун төккөндө жайылып жаткан суунун учу-кыйыры көзгө илинбей калат. Ал жактагы жасалма көлмөлөрдүн дээрлик 90 пайызы суу буулантуу максатында колдонулат. Акырында, көлмөнүн түбүндө калган туз кургап,
кристалдаша баштайт.Кай жагына көз жүгүртпө, тим эле ак шейшеп жаап салгандай, аппак туз күн нуруна чагылышып көз уялтат. Күндөн коргоочу көзайнек кийбесең, көзүңдү алдырып жибергидейсиң. Суу бири-биринен тосмо менен бөлүнүп, жыгач эшик орнотулган бир нече тайыз көлмөдөн өтүп келет да, туздуулугу жогору, коюу сууга айланат. Андай көлмөлөрдүн саны баш-аягы 67ге жетет. Анан күндүн ысык табы менен кургак шамалдын таасири астында абага секундуна 650 литр суу бөлүнүп чыгат! Ошентип, 90—100 күндүн ичинде суу толугу менен бууланып бүтөт.
Деңиз суусунда, негизинен, натрий хлориди көп өлчөмдө болгону менен, кальций карбонаты, кальций сульфаты, магний сульфаты жана башка туздар да бир аз бар. Ошол туздар деңиз суусу көлмөдөн көлмөгө өткөн сайын түбүнө тунуп, катмарланып кала берет.
Ал көлмөлөрдөн өткөн соң, туздуулугу жогору суу туз чогултуучу же кристалдаштыруучу 20 көлмөгө коё берилет. Алардын айрымдарында суу толугу менен соолуйт да, туздун катуу, калың катмары гана калат. Алп унаалар тузду майдалап, жүк ташуучу унааларга жүктөйт. Унаалар болсо аны дан тазалоочу элеваторго окшош зор көлөмдүү элеваторлорго жеткирет. Ошол жерден туз жуулат. Суусу сарыккан соң, тузсуз суу менен дагы бир сыйра чайкалат.
Анан туз баржаларга жүктөлүп, Арайа Бранканын адам колунан жаралган арал-портуна жеткирилет. Ал порт ачык деңизде, материктен 12 километр аралыкта жайгашкан. Порт узуну — 166, туурасы 92 метр келген төрт бурчтук формасында курулган, ага 100 000 тонна туз батат. Ал жактан конвейерлер аркылуу ачык деңиздеги акыркы пунктуга жеткирилет да, чоң кемелерге жүктөлүп, Бразилиянын чар тарабына жиберилет.
Кеңири колдонулган зат
Туз организмибизге аз өлчөмдө керек болгону менен, жашообуз үчүн анын мааниси зор. Ал адамдардын да, жаныбарлардын да денсоолугу үчүн зарыл. Балким, биз туздун тамактын даамын чыгарган ак зат экенин эле билеттирбиз. Бирок ал көптөгөн башка тармактарда, мисалы, химия өнөр жайында, металл өндүрүүчү өнөр жайда, кездеме токууда, фарфорго глазурь каптатууда жана сайкалдоодо колдонулат. Ал бир катар химиялык каражаттар менен самындарга да кошулат. Кыскасы, эсептер боюнча, азыр ал 14 000 максатта пайдаланылат!
Туздун кору эч качан түгөнбөчүдөй. Бир куб километр деңиз суусунан, бери дегенде, 25 миллион тонна натрий хлориди, башкача айтканда, биз тамак-ашка кошуп жүргөн кадимки туз чыгат! Байыркы учурларда ал оңой табылган заттардан болгон эмес. Алсак, Кытайда туз баалуулугу боюнча алтындан кийинки эле орунду ээлеген. Ыйык Китепте да туз тууралуу бир нече ирет сөз кылынып, анын ар кандай максатта колдонулганы айтылат.
Туздун дарылык же антисептикалык (микробдорго каршы күрөшүүчү) касиети бар болгондуктан, аны кээде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын денесине сыйпашчу (Жезекиел 16:4). Ыйык Китепте туз каймана мааниде да колдонулат. Маселен, Ыйса шакирттерин «жердин тузусуңар» деген, анткени алар тараткан кабар адамдардын өмүрүн сактап калмак (Матай 5:13). Туз өзгөрүлбөстүктүн жана туруктуулуктун символу катары да колдонулган. Ошо себептен «туз келишими» өзгөрүлгүс келишим катары каралчу (Сандар 18:19).
Арайа Бранкадагы туз өнөр жайына жасаган «саякатыбыздан» туздун канчалык баалуу, пайдалуу экенин түшүнүп, аны мурдагыдан да көбүрөөк баалоого түрткү алдык. Анын тарыхта кандай орунду ээлеп келгенин да билдик. Ошон үчүн ал «таза булактан — күн менен деңизден — жаралган заттын» азыр ушунчалык көп экенине кантип ыраазы болбой коёбуз?!
[16-беттеги сүрөт]
Туз кристалдашкан жерде иштеп жаткан туз жыйноочу унаа
Тазалана элек туз
Туз жуулган, чайкалган жана чогултулган жай