Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Телевизорду чеги менен көрүү үчүн...

Телевизорду чеги менен көрүү үчүн...

Телевизорду чеги менен көрүү үчүн...

«ТЕЛЕВИЗОРДУ коюп алып, жатар-жатканча баарын көрө берчүбүз»,— дейт Клодин. Айрымдар: «Телевизорду „жата калып“ көрөм»,— дешет. «Жакшы эле көп көрбөйүн дейм, бирок болбой эле көрө берем»,— дегендер да бар. Сен да телевизорду көп көрөсүңбү? Анын үйбүлөңө тийгизип жаткан таасири сени тынчсыздандырабы? Анда телевизорду чеги менен көрүүгө төмөнкү кеңештер жардам берет.

1. КАНЧА УБАКЫТ КЕТИРЕРИҢДИ АНЫКТА. «Акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деп айтылат Накыл сөздөр 14:15те. Кандай өзгөрүүлөрдү жасашың керектигин билүү үчүн, адатка айланып калган нерселерди текшерип чыгуу пайдалуу. Ан үчүн бир жума бою телевизор көрүүгө канча саат кетиргениңди күнүгө жазып тур. Ошондой эле кандай телеберүүлөрдү көргөнүңдү, эмнеге үйрөнгөнүңдү, эмне жакканын да жазып алсаң болот. Эң негизгиси, телевизордун алдында канча саат өткөргөнүңдү аныктап ал. Анын натыйжасы таң калтырышы мүмкүн. Өмүрүңдүн көбү телевизор көрүү менен өтүп кетери тууралуу ойлонуу да өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү берет.

2. КӨРҮҮ УБАКТЫСЫН АЗАЙТ. Телевизорду бир жума же бир ай бою, же болбосо бир жумада бир күн толугу менен көрбөй коюуга аракет кыл. Андан тышкары, көрүү убактысын белгилеп алсаң болот. Эгер телевизор көрүүнү күнүгө жарым саатка азайтсаң, ай сайын 15 саатың үнөмдөлөт. Ал убактыңды пайдалуу иштерге жумшай аласың. Мисалы, рухий максаттарды көздөөгө, жакшы китеп окууга же үйбүлөң, досторуң менен бирге убакыт өткөрүүгө болот. Изилдөөлөргө ылайык, телевизорду азыраак көргөндөр андан көбүрөөк ырахат алышканы байкалган.

Телевизорду уктоо бөлмөсүнө койбоо менен да аны көрүүнүн убактысын кыскарта аласың. Бөлмөсүндө телевизору бар балдар, жокторго караганда, аны бир же жарым саатка көбүрөөк көрүшөт. Андан сырткары, балдардын бөлмөсүндө телевизор болсо, ата-энелер алардын эмне көрүп жатканын билишпейт. Ата-энелер жана жубайлар телевизорду уктоо бөлмөсүнөн алып салгандан кийин, бири-бирине көңүл бурууга көбүрөөк убакыт кала турганын байкашкан. Айрымдар болсо телевизорсуз жашоону чечишкен.

3. ЭМНЕ КӨРӨРҮҢДҮ ЧЕЧИП АЛ. Албетте, жакшы телекөрсөтүүлөр да бар. Андыктан улам бир каналга коё берүүнүн же баарын ылгабай көрө берүүнүн ордуна, кайсы телекөрсөтүүнү көргүң келсе, ошону программадан карап, белгилеп кой. Анан ал башталганда гана коюп, бүтөрү менен өчүр. Же балким, аны жаздырып алып, кийинчерээк көрүүнү каалайттырсың. Ошондо аны өзүңө ыңгайлуу учурда көрө аласың, арасындагы жарнамаларды өткөрүп жиберүүгө да мүмкүнчүлүгүң болот.

4. ТАНДАЙ БИЛ. Ыйык Китепте биздин убакта адамдар «өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда ыракатты сүйүүчү» болору алдын ала айтылган. Телевизордо көрсөтүлгөн адамдардын көбү ушундай экенине макул эмессиңби? Ыйык Китепте: «Ошондойлордон алыс бол»,— деген кеңеш берилет (2 Тиметейге 3:1—5). Ошондой эле: «Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген да эскертүү камтылган (1 Корунттуктарга 15:33).

Тандай билүү үчүн өзүбүздү кармай билүү маанилүү. Жаңы эле башталган кинону көрүп калып, бирок анын анча жакшы эмес экенин билип туруп, эмне болуп бүтөр экен деп аягына чейин көргөн учурларың болду беле? Көптөр ошентишет. Бирок аны өчүрүп таштап, башка бир нерсе менен алектенип кеткенден кийин, анын эмне менен бүткөнү сага баары бир болуп калганын да байкаган чыгарсың.

Байыркы убакта, телевизор пайда болгонго чейин эле, забурчу: «Мен өзүмдүн көз алдыма кереги жок буюмдарды койбойм»,— деп жазган (Забур 100:3). Эмне көрүүнү тандоодо бул сөздөрдү эстеп жүрүүгө эмне үчүн болбосун? Кээ бирөөлөр Клодиндей болуп, телевизордон таптакыр арылууну чечишкен. Клодин мындай деген: «Телевизордун мага мынчалык терс таасир этерин билбептирмин. Кээде телевизор көрүп калганымда, мурда анча маани бербеген нерселер, азыр мени иренжитет. Мурун телевизорду ылгап көрөм деп ойлочумун, бирок андай эмес экенин эми түшүндүм. Азыр болсо жакшы телеберүүлөрдү көрүүдөн көбүрөөк ырахат алам».

[8-беттеги сүрөт]

Телевизор көрүүгө канча убакыт кетирип жатканыңды эсептеп көр

Телевизорго кеткен убактыңды пайдалуу иштерге жумша

[9-беттеги сүрөт]

Телевизорду өчүрүп салууга чечкиндүү бол!