Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Телевизор митаам «окутуучу»

Телевизор митаам «окутуучу»

Телевизор митаам «окутуучу»

ТЕЛЕВИЗОР жакшы окутуу куралы болушу мүмкүн. Ал аркылуу эч качан көрбөгөн жерлер жана элдер менен тааныша алабыз. Тропикалык жунглилерден, уюлдардагы муз каптаган жерлерге чейин, тоонун чокусунан, деңиздин түбүнө чейин «саякаттоого» болот. Атүгүл, атомдордун да, жылдыздардын да укмуштуудай дүйнөсүнө байкоо жүргүзүү мүмкүн. Ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан кабардар болобуз. Саясат, тарых, учурдагы окуялар жана маданият сыяктуу нерселер жөнүндө да маалымат алабыз. Андан адамдардын жашоосунун кайгылуу да, бактылуу да учурлары көрсөтүлөт. Телевизор көңүлүбүздү көтөрөт, үйрөтөт, атүгүл, дем-шык берет.

Анткен менен телеберүүлөрдүн көбү пайдасыз жана эч кандай тарбиялык мааниге ээ эмес. Телеберүүлөрдү көбүнчө зордук-зомбулуктун, адеп-ахлаксыздыктын көрсөтүлүшүнө каршы болгон адамдар сынга алышат. Кошмо Штаттарда өткөрүлгөн бир изилдөөгө ылайык, телекөрсөтүүлөрдүн үчтөн эки бөлүгүндө же орто эсеп менен алганда, бир сааттын ичинде алты жолу зордук-зомбулук көрсөтүлөт. Балдар өспүрүм куракка жеткенге чейин, телевизордон миңдеген зордук-зомбулукту жана киши өлтүрүүнү көрүшөт. Ал эми адеп-ахлаксыздыктын көп көрсөтүлөрү айтпаса да белгилүү. Телеберүүлөрдүн үчтөн эки бөлүгүндө жыныстык мамилелер жөнүндө сөз кылынса, 35 пайызында алар ачык эле көрсөтүлөт. Адатта, андай мамилелер бейтааныш жана никеге турбаган адамдардын ортосунда коопсуз, кадимки нерсе катары сүрөттөлөт *.

Жыныстык бузуктук жана зордук-зомбулук камтылган фильмдер дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган. Американын зордук-зомбулукка толгон, кан суудай аккан фильмдери телевизорго чыккандан кийин, аны башка өлкөлөрдүн телекомпаниялары сатып алат. Андай тасмаларда актерлордун чебер ойношу же жакшы түзүлгөн сценарий маанилүү деле эмес. Көрөрмандарды кызыктыруу үчүн, аларда, адатта, мушташуу, өлтүрүү, күчтүү таасир берүүчү көрүнүштөр жана жыныстык бузуктук камтылат. Бирок адамдардын кызыгуусун суутпаш үчүн, кино тартуучулар дайыма кандайдыр бир жаңы нерселерди чыгарып турушат. Алгач төбө чачты тик тургузган көрүнүш, бара-бара көрөрмандарга кызыктуу болбой калат. Ошол себептүү кино чыгаруучулар тасмаларында зордук-зомбулукту, жыныстык адеп-ахлаксыздыкты, ырайымсыздыкты ого бетер көркөмдөп, алардын санын көбөйтүп, көбүрөөк таасирлентүүнү көздөшөт.

Телевизордун таасири жөнүндө талаш-тартыш

Телевизордон зордук-зомбулуктун жана жыныстык бузуктуктун дайыма эле көрсөтүлө бериши көрөрмандарга кандай таасир этет? Телеберүүлөрдү сынга алгандар ырайымсыз көрүнүштөр адамды ошондой эле иштерге түртөт жана зордук-зомбулуктан жапа тарткандарга кайдыгер карап калышына себеп болот деген ойдо. Алар жыныстык мамилелердин ачык көрсөтүлүшү баш аламан жыныстык байланыштарга үндөп, адеп-ахлак принциптердин бузулушуна да алып келет деп ырасташат.

Чынында эле ошондойбу? Бул маселе боюнча ондогон жылдар бою катуу талаш-тартыштар болуп, жүздөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн, миңдеген китептер, макалалар жазылган. Ал талаштардагы негизги маселе адамдын телевизордон зордук-зомбулук көргөнү, кийин анын жашоосуна таасир тийгизер-тийгизбээрин далилдөө болгон. Мисалы, кандайдыр бир дарыны өмүрүңдө биринчи жолу ичтиң дейли. Бир нече сааттан кийин денең кызарып, дүүлүгүп чыкты. Андайда дарынын айынан аллергия болгонуңду дароо эле түшүнөсүң. Бирок дары ичер замат эмес, кийинчерээк аллергия болсоңчу? Андай учурда ага дары себеп болду деп ырастоо кыйын. Анткени көптөгөн башка нерселерге да аллергия болушуң мүмкүн.

Ошо сыяктуу эле телевизордон көрсөтүлгөн зордук-зомбулук сөзсүз эле кылмышка же жаман ишке түртөт деп ырастоо кыйын. Бирок бир катар изилдөөлөргө ылайык, андай телеберүүлөрдүн терс таасири тиери аныкталган. Айрым кылмышкерлер зордук-зомбулук кылууга көп учурда телевизордон көргөндөрү таасир эткенин айтышкан. Анткен менен адамдын мерез болуп калышына зордук-зомбулукту камтыган видеооюндар, жашоо шарты, үйбүлө мүчөлөрүнүн же досторунун жүрүм-туруму да себеп болушу ыктымал.

Бирок, кызыктуусу, буга карама-каршы ой-пикирлер да бар. Канадалык психолог: «Зордук-зомбулукту көрүү сөзсүз түрдө зордук-зомбулукту туудурарына жана анын айынан адамдар таш боор болуп каларына эч кандай далилдер жок»,— деп жазган. Ал эми массалык маалымат каражаттары жана коом боюнча Америка психологдорунун ассоциациясынын комитети мындай деп билдирген: «Телевизордон зордук-зомбулукту көп көрүү адамды зордук-зомбулукка түртүп, башкаларга ырайымсыз мамиле кылышына себеп болору күмөнсүз».

Телевизордун таасири

Жогоруда айтылгандай, адистер телевизордон зордук-зомбулукту көрүү зордук-зомбулукту пайда кыларын далилдөө мүмкүнбү деген маселе тууралуу талашып-тартышууда. Айрымдар телевизор биздин ой жүгүртүүбүзгө, жүрүм-турумубузга эч кандай таасир этпейт дешет. Бирок ойлоп көрсөңөр: жөнөкөй эле сүрөттү көргөндө же ачууланып, же ыйлап, же кубанышыбыз мүмкүн. Музыка да сезимдерибизди козгой алат. Атүгүл, кагаз бетиндеги сөздөр ой жүгүртүүгө, иш аракет кылууга түрткү бериши ыктымал. Анда кыймыл-аракет, музыка менен коштолгон сүрөттөр, чебердик менен тандалган сөздөр — баары биригип таасир этпей коёбу? Ооба, телевизордун ушундан улам азгырма болгону да таң калыштуу эмес. Анын үстүнө, ал дээрлик ар бир үйдө бар. Бир жазуучу телевизор тууралуу: «Адам кат тааныгандан баштап, өз оюн билдириш үчүн коомго ушунчалык күчтүү таасир эткен мындай бир да каражат болгон эмес»,— деп жазган.

Адамга көргөнү, укканы таасир этерин билген ишкерлер жыл сайын жарнамаларга миллиондогон долларларын коротушат. Алар жарнамалары элге таасир этерине эч шектенбегендиктен ушунча көп каражат жумшашат. Соода-сатык тармагында жарнамалардын мааниси зор. Мисалы, 2004-жылы «Кока-Кола» компаниясы суусундук сатыш үчүн, дүйнө жүзү боюнча, кагаз түрүндө да, радио, телевизор аркылуу да жарнама берүүгө 2,2 миллиард доллар сарптаган. Бул канчалык натыйжалуу болгон? Ошол жылы алар 22 миллиард доллар киреше алышкан. Жарнама берүүчүлөр жарнаманын бир эле жолу көрсөтүлүшү анча таасир этпээрин жакшы билишет. Андыктан жарнамаларды бир нече жыл бою кайра-кайра көрсөтүп, товарларын тымызын таңуулап келет.

30 секундка созулган жарнама адамдын ой жүгүртүүсүнө, жүрүм-турумуна ушунча таасир этсе, анда телевизорду бир нече саат бою көрүү таасир этпей коёбу? Бир китепте мындай деп белгиленген: «Зыянсыз көрүнгөн жөнөкөй эле көңүл көтөрүүчү телекөрсөтүү митаам „окутуучу“ сыяктуу таасир этиши мүмкүн» («Television—An International History»). Дагы бир китепте болсо: «Телевизор биздин ой жүгүртүүбүздү өзгөртө алат»,— делген («A Pictorial History of Television»). Ошондуктан: «Телевизор ой жүгүртүүмө мен каалагандай таасир этип жатабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жөндүү.

Кудайдын кызматчылары үчүн бул суроо абдан маанилүү. Телеберүүлөр көп учурда Ыйык Китептеги принциптерге жана адеп-ахлак нормаларына карама-каршы келген нерселерди сунуштайт. Ыйык Китепте айыпталган жашоо мүнөзү менен иш-аракеттер телевизордон туура нерседей, атүгүл, жетишкендик катары көрсөтүлөт. Ал эми Кудайдын жол-жоболору жана ага кармангандар баркка алынмак турсун, шылдыңга алынат. Бир китептин автору: «Тескери көрүнүштөр жакшы нерседей көрсөтүлгөнү аз келгенсип, туура нерселер таптакыр туура эместей көрсөтүлөт»,— деп кейиген. Ооба, митаам «окутуучу» дайыма «жаманды жакшы деп, жакшыны жаман деп» шыбырап турат (Ышайа 5:20).

Көргөнүбүз ой жүгүртүүбүзгө таасир эткендиктен, эмнени көрүп жатканыбызга сак болушубуз керек. Ыйык Жазмада: «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 13:20). Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Адам Кларк: «Кайсы бир адам менен жүрүү аны жакшы көрүү жана аны менен ынак мамиледе болуу дегенди билдирет. Жакшы көргөн адамыңды туурабай коё албайсың. „Досуңду көрсөт, ошондо мен сенин ким экениңди айтып берем“,— деп бекеринен айтылган эмес. Кандай жол-жоболорго карманарыңды досторуңдан биле алам»,— деген. Көпчүлүк адамдар убактысынын көбүн акылдуу деп айтууга болбогон телекаармандар менен өткөрүп, «пикир алышышат». Демейде Кудайдын ишенимдүү кызматчылары андай адамдарды эч качан конокко чакырмак эмес.

Догдур күчтүү дары жазып берсе, анын канчалык зыяндуу экенин сөзсүз текшермексиң. Туура эмес дарыны, ал турсун, туура дарыны да көп ичип алуу денсоолукка зыяндуу болушу мүмкүн. Телевизордун таасири тууралуу да ошону эле айтууга болот. Андыктан эмне көрүп жатканыбызга олуттуу кароо акылдуулукка жатат.

Элчи Пабыл Кудайдын шыктандыруусу менен «эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлонууну» кеңеш кылган (Филипиликтерге 4:6—8). Ушул кеңешти сен да колдоносуңбу? Ошондой кылсаң, бактылуу болоруң шексиз.

Шилтеме]

^ 3-абз. Американын телеберүүлөрү жана фильмдери дүйнө жүзү боюнча көрсөтүлгөндүктөн, Кошмо Штаттар менен башка өлкөлөрдүн статистикалык билдирүүлөрү бирдей эле.

[5-беттеги кыстырма]

«Телевизор демейде үйүңөргө чакырбай турган адамдар менен көңүл ачууга мүмкүндүк берүүчү каражат» (Дейвид Фрост, Британ телекөрсөтүүсүнүн диктору)

[5-беттеги кутуча]

ЖАЗМАДАГЫ ЖЫНЫСТЫК КАТЫШУУ МЕНЕН ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ТУУРАЛУУ ЭМНЕ АЙТУУГА БОЛОТ?

Зордук-зомбулук менен жыныстык катышуунун телевизордон көрсөтүлгөнү менен Ыйык Китепте жазылганынын кандай айырмасы бар? Жазмада жыныстык катышуу жана зордук-зомбулук жөнүндө көңүл ачуу үчүн эмес, насаат катары жазылган (Римдиктерге 15:4). Кудай Сөзүндө чынында эле болгон окуялар баяндалат. Алар бизге Кудайдын көзкарашын түшүнүүгө жана башкалардын кетирген каталарынан сабак алууга жардам берет.

Көпчүлүк өлкөлөрдө жарнамалар телевизор аркылуу берилет. Андагы жыныстык мамилелер менен зордук-зомбулуктар тарбиялык мааниге ээ эмес, алар акча үчүн көрсөтүлөт. Жарнама берүүчүлөр жыныстык катышууну, зордук-зомбулукту көрсөтүү менен мүмкүн болушунча көбүрөөк элдин көңүлүн бурдурууну каалашат. Натыйжада эл жарнамаларды көрөт да, андагы сунуш кылынгандарды сатып алат. Атүгүл, дикторлор да «эң кызыктуусунан», жүрөктүн үшүн алган зордук-зомбулук, согуш жана кырсык тууралуу жаңылыктардан башташат. Анткени булар башка жаңылыктарга караганда көбүрөөк кызыгуу туудурарын билишет.

Ыйык Китепте зордук-зомбулук жөнүндө жазылса да, анда адамдар өч алууга эмес, көйгөйлөрдү тынчтык менен чечүүгө үндөлөт. Ошондой эле Кудай Сөзү жыныстык жактан адеп-ахлактуулуктун маанилүүлүгүн дайыма баса белгилейт. Ал эми телевизордон көрсөтүлгөндөр бардык эле учурда жакшы нерселерге үндөй бербейт. Ыйык Китепте жазылгандар телевизордон көрсөтүлгөн нерселерден кыйла айырмаланат (Ышайа 2:2—4; 1 Корунттуктарга 13:4—8; Эфестиктерге 4:32).

[7-беттеги кутуча⁄сүрөт]

ТЕЛЕВИЗОР ЖАНА БАЛДАР

«Ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде саламаттыкты сактоо боюнча адистер менен окумуштуулар зордук-зомбулук көрүү балдарга терс таасир тийгизерин айтышкан» (Генри Кайзердин үйбүлөлүк фонду).

«Америка педиатрия академиясынын „эки жаштагы жана андан кичүү балдарга телевизор көрүүгө [болбойт]“ деген ырастоосуна [биз да кошулабыз]. Мээси өрчүп жаткан кезде, балдар денелик жактан өсүп-жетилиши жана пикир алышууга үйрөнүшү үчүн кыймыл-аракетти талап кылган оюндарды ойноп, башкалар менен аралашышы керек» (Америка улуттук массалык маалымат каражат жана үйбүлө институту).

[6, 7-беттердеги сүрөт]

Телевизор ой жүгүртүүмө мен каалагандай таасир этип жатабы?