Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Телевизор убакытты уурдайбы?

Телевизор убакытты уурдайбы?

Телевизор убакытты уурдайбы?

КИМДИР БИРӨӨ сага телевизор көрүүдөн баш тартсаң, миллион доллар берем десе макул болот белең? Бир нече жыл мурун өткөрүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, америкалыктардын төрттөн бири макул эместигин билдиришкен. Дагы бир сурамжылоого ылайык, эркектердин көбү баарынан мурун тынчтык менен бакытты каалашарын айтышкан. Анткен менен алар биринчи кезекте чоң экрандуу телевизорго жетүүнү каалаарын билдиришкен.

Телевизор бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган. 1931-жылы ал жаңыдан чыга баштаганда, Америка радио корпорациясынын башчысы мындай деген: «Телевизор кеңири тараганда, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдардын баары анын көрөрманы болот деп күтүүгө бардык негиздер бар». Бул сөздөр ошол учурда өтө эле ашыра чаап айтылгандай көрүнсө да, бүгүн андай деп айтууга болбойт. Азыр телевизорлордун саны дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиардга жетсе, көрөрмандардын саны андан алда канча ашып түшөт. Адамдар телевизор көрүүнү жакшы көрөбү, жокпу, ал алардын жашоосунда маанилүү роль ойнойт.

Адамдардын телевизор көрүүгө канча убакыт кетирери таң калтырат. Жакында дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн бир изилдөө көрсөткөндөй, адамдар телевизор көрүүгө күнүгө орто эсеп менен 3 сааттан ашык убакыт коротушат. Мисалы, Түндүк Америкада жашагандар күнүгө 4,5 саат көрүшсө, Жапониядагылар 5 саат көрүп, тизме боюнча биринчи орунда турушат. Бул убакыттын көрсөткүчтөрү барган сайын өсүүдө. Эгер телевизорду күнүнө 4 сааттан көрсөк, 60ка чыкканда ага 10 жыл короткон болобуз. Албетте, көрүстөнүбүздө: «Бул жерге өмүрүнүн алтыдан бир бөлүгүн телевизор көрүүгө арнаган адамдын сөөгү жашырылган»,— деп жазылып турушун эч кимибиз каалабайт элек.

Адамдар телевизорду жакшы көргөндүктөн көрүшөбү? Сөзсүз эле андай эмес. Көптөр ага өтө эле көп убакыт коротуп жатышканын билишет жана убактыларын пайдалуураак иштерге жумшабаганы үчүн өздөрүн күнөөлүү сезишет. Айрымдар телевизорго баңгизатка берилгендей берилип кетишкенин айтышат. Албетте, телевизор менен баңгизатка берилип кетүүнүн айырмасы бар. Ошондой болсо да, экөөнүн ортосунда кандайдыр бир окшоштуктар да бар. Баңгизат колдонгон адам ансыз жашай албай калат. Андан баш тартууну кааласа да, анте албайт. Андай адам аны колдонуу үчүн, баарынан, коомдук, үйбүлөлүк маанилүү иштерден кечет. Жаман адатын таштоодо катуу кыйналып ооруйт. Телевизорду көп көргөндөр да ушу сыяктуу эле «ооруга» дуушар болушу мүмкүн.

Сулайман падыша: «Балды көп жеген жакшы эмес»,— деп жазган (Накыл сөздөр 25:27). Бул принципти телевизор көрүүгө карата да колдонууга болот. Телевизордон пайдалуу нерселерди биле алабыз дечи. Бирок аны көп көрүү үйбүлө менен чогуу болууга жана балдардын китеп окууга, үй тапшырмасын аткарууга жумшалчу убактысын алып, атүгүл, алардын ашыкча толуп кетишине себеп болушу мүмкүн. Эгер сен телевизорду көп көрсөң, анда аны көрүүдөн кандай пайда алып жатам деп ойлонгонуң маанилүү. Убакыт абдан баалуу нерсе, аны куру бекер коротууга болбойт. Андан тышкары, эмне көрүп жатканыбызга да көңүл буруу зарыл. Эмки макалада бул тууралуу кененирээк талкууланат.