Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тоноочулардан сактангыла

Тоноочулардан сактангыла

Тоноочулардан сактангыла

ТҮШТҮК АФРИКАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

МАШИНЕ тоноочулук дүйнө жүзү боюнча — Карачиден Лиссабонго, Найробиден Рио-де-Жанейрого чейин — кеңири тарап бараткан көйгөй. 1993—2002-жылдары, Америка сот статистика бюросунун билдирүүсүнө ылайык, Кошмо Штаттарда жыл сайын 38 000 машине тонолгон.

Калкынын саны Кошмо Штаттардыкынан алты эсе аз Түштүк Африкада машине тоноонун саны кыйла жогору — жылына 14 000ден ашат. Мындай окуяга кабылгандардын бир нече мисалын карап чыксак, көптөрдүн эмне себептен аны эң коркунучтуу кылмыштардын бири деп эсептээрин түшүнөбүз. Төмөндө Йоханнесбургда (Түштүк Африканын ири шаарларынын бири) жашаган адамдар менен чынында эле болгон окуялар баяндалды. Аларды окуу менен машине тоногондорго жолугуп кала турган болсок, эмне кылуу керектигин жана кылмышкерлерден жапа тартуу ыктымалдыгын төмөндөтүү үчүн кандай чараларды көрүүгө болорун биле алабыз.

Жапа тарткандар айтып берет

▪ «Сюзан аттуу курбум менен Кудай жөнүндө кабар айтканыбызга бир жылдай болуп калган. Шаршемби күндөрдүн биринде, кийинки ыйык китептик изилдөөбүзгө жөнөөр алдында, жол боюндагы бактын түбүнө токтоп, шам-шум этип алмакчы болдук. Сюзан машинеден чыгып, багажниктен тамак салынган себетти алып келди. Ал жаңыдан эле кружкамды колума карматканда, кайдан-жайдан эки киши пайда боло калды. Алардын бири Сюзандын мойнуна тапанча такаганда, жүрөгүм түшүп кетти. Машинеден чыкмакчы болуп жүткүнө бердим эле, экинчиси ичти карай түрттү. Анан бирөөсү машинени от алдырып, кайдадыр бет алдык. Ичимен: „Бүттү, эми же зордуктап, же өлтүрүп кетишет“,— деп ойлодум» (Аника, жаш келин).

▪ «Эртең менен саат 7де машине менен жумушка баратып, жолдун кесилишине токтогом. Адатта, ал жерде жумушка жалданган кишилер турчу. Эки жакка көп деле көңүл бурган эмесмин. Бир убакта кимдир бирөө ачык турган тереземе тапанчасын сунуп: „Чык, болбосо өлөсүң“,— деди. Дал ошол маалда үстүбүздөн вертолёт көрүндү. Тиги аны полиция экен деп ойлоп, мени атып жиберген бойдон качып жөнөдү. Огу моюн туштан жүлүнгө тийип өтүптүр. Ошондон кийин мойнуман ылдый шал болуп, колу-бутум кыймылдабай, денем эч нерсе сезбей калды» (Бэрри, бойго жеткен уулдун атасы).

▪ «Аялым Линзи менен түштөнгөнү бир жакка барганы жатканбыз. Мен аны машинеде күтүп отургам. Машиненин эшиги бек болгону менен, күн ысып тургандыктан, айнеги бир аз ачык болчу. Рулга колумду коюп, алдыны карап олтурганымда, бурчтан жайбаракат баскан эки киши чыкты. Ортодо сегиз кадамдай калганда, экөө бөлүнүп, бири — машиненин оң жагын, экинчиси сол жагын жандай басты. Анан эле, эшик тушка жеткенде, экөө тең тапанча алып чыкты да, мага машинени от алдырып, арткы орундукка олтурууну буйрук кылышты. Бирөөсү машинени айдап жөнөдү, экинчиси болсо башымды көтөртпөй кайтарып отурду. „Сени эмне үчүн өлтүрбөшүм керек?!“ — деп сурады ал. „Мен Жахабанын Күбөсүмүн“,— дедим. Бирок ал жолду карай өлтүрөм деп коркута берди, мен болсо Кудайга тиленип жаттым. Ойлогонум эле аялым: келсе — же менден, же машинеден дайын жок...» (Алан, кыдыруучу көзөмөлчү).

Бул окуялар кырсыктын каш-кабактын ортосунда болорун жана тоноочулардын, адатта, эмне кылышарын көрсөтөт. Көптөгөн өлкөлөрдө жолдун жээгинде бирөөнү күтүп же эс алып туруу мурдагыдай коопсуз эмес. Жолдун кесилиши да, атүгүл, үйүңдүн эшигинин алдындагы жол да коркунуч туудуруп калды.

Окуялардын аягы

Бактыга жараша, Сюзан жана Аника менен болгон окуя жакшы аяктаган. Анткени алар тоноочуларга өзүлөрүнүн башкаларга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берерин түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Бул кылмышкерлердин абийирине таасир эткен көрүнөт. «Алар бизден кечирим сурап, ушундай оор турмуштун айынан уурдап-тоноого аргасыз болуп жатканын айтышты,— дейт Аника.— Биз болсо Кудайдын жакырлык менен кыйынчылыктарга эмне себептен жол берип жатканын түшүндүрдүк». Ыйык Китептеги кабар жүрөгүн козгогондуктан, тоноочулар Аника менен Сюзандын акчасын, сааттарын кайра кайрып беришкен жана экөөнө эч кандай жамандык кылбаарын айтышкан. «Анан бири кийин машине тоногондорго кабылбаш үчүн эмне кылышыбыз керектигин айта кетти»,— дейт Сюзан. «Алар: „Мындан кийин чай ичкени жол боюна токтобойбуз деп сөз бергиле“,— деди»,— деп кошумчалайт Аника. Тоноочулар машинени токтотуп сыртка чыгып, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды ыраазычылык менен алган да, экөөнү аман-эсен коё беришкен.

Ал эми Алан, кыдыруучу көзөмөлчү, эмне болгон? Ээн жерге келгенде тоноочулар ага машинеден чыгууну буйрук кылышкан. Баалуу нерселеринен кол жууса да, ал аман калганына сүйүнгөн. «Алардын айтканы менен болуп, каршылык көрсөтпөй, дүрбөлөң салбаганым үчүн баары жакшы болуп бүттү деп ойлойм,— дейт Алан.— Бирок, балким, кыраакы болсом, андай жагдайга туш болбойт белем. Бул окуя мен үчүн сабак болду: Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн эң акыркы күндөрүндө жашап жаткандыктан, азыр камырабай жүрө турган убак эмес экенин түшүндүм». Эртеси ал аялы Линзи менен ошол жакка кайра келип, дайындалган жыйналышы менен бирге кабар айтууну улантышкан. «Ал күнү кечке тиленип жүрсөк да, эки жакты кооптоно карай бердик. Бул биз үчүн оңойго турган жок, бирок Жахаба бизге „кудуреттүү күчүн“ берди»,— дейт Алан (2 Корунттуктарга 4:1, 7).

Ал эми оор жаракат алган Бэрринин майыптар коляскасында отурганына 11 жыл болду. Ошого карабастан ал оң маанайын сактап, ачууга алдырбай келет. Анын Жахаба Кудай убадалаган, адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнө келерине болгон ишеними бекем бойдон (2 Петир 3:13). Ал жыйналыштарды калтырбайт жана ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, башкаларга ишеними тууралуу айтып берет. Бэрри мындай дейт: «Жахабага кызмат кылуу дайым кубаныч тартуулайт. Майып болгондуктан, өзүмө өзүм кам көрө албайм дечи. Бирок мен Жахабанын мага кылган жакшылыктары жөнүндө көп ойлоном. Бул мага сабырдуу болууга жардам берет. Жакында азыркы каардуу дүйнө жок болгондо, кайрадан баса турган күнүм келет!» (Ышайа 35:6; 2 Тиметейге 3:1—5).

Түштүк Африканын бийлиги тарабынан кабыл алынган чаралар машине тоноочулуктун азайышына алып келгени менен, андай кылмыш дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө кайра күч алып, көбөйүүдө. Ошондуктан Кудайдын эли кылмышкерлик менен зордук-зомбулукту Кудайдын Падышалыгы гана түп-тамыры менен жок кыларына ишенет (Забур 36:9—11; Матай 6:10).

[14-беттеги кутуча]

МАШИНЕ ТОНОГОНДОРГО КАБЫЛБАШ ҮЧҮН...

▪ Машинелер көп тонолгон аймакта баратсаң, машинеңдин эшиктери бек, терезелери жабык болсун.

▪ Жолдун кесилишине келгенде машинеңдин жүрүшүн жайлата турган болсоң, жолдун кай тарабында болбосун, бекер жүргөн шектүү кишилерден сак бол.

▪ Алдыдагы машинеден, коркунуч пайда болсо, оңой кайрылып кете алгыдай аралыкта карман.

▪ Арттан машине какса, чыгууга шашылба: ал атайы жасалышы ыктымал. Эгер кооптуу аймакта ошондой жол кырсыгына кабылсаң, тобокелге салбай, жакын арадагы милиция бөлүмүнө жеткениң коопсуз болоттур.

▪ Үйүңдүн жанында бекерпоз жүргөн чоочун кишилерден сак бол. Ошондой бирөөлөрдү байкасаң, кайрылып кетип, кечирээк келүү же жакын арадагы милиция бөлүмүнө баруу коопсузураак болушу ыктымал.

▪ Кооптуу аймакта же киши аз жерде кимдир бирөөнү күтүүгө туура келсе, астыңда жана айланаңда эмнелер болуп жатканын байкап отур. Коркунуч пайда болсо, машинеңди башка жакка айдап кет.

[26-беттеги сүрөт]

Бэрри майып болсо да, оң маанайын сактайт