Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Чогуу тамактануу өз ара ынактыгыбызды бекемдейт»

«Чогуу тамактануу өз ара ынактыгыбызды бекемдейт»

«Чогуу тамактануу өз ара ынактыгыбызды бекемдейт»

ҮЙБҮЛӨҢӨР менен күнүнө канча жолу чогуу тамактанасыңар? Өкүнүчтүүсү, бүгүн ар кандай иштин көптүгүнөн же убакыттын тардыгынан көптөгөн үйбүлөлөрдүн башын бириктирүү кыйын. Үйбүлө мүчөлөрүнүн бирге отуруп тамактанышы денелик муктаждыкты канааттандыргандан сырткары, ортодогу мамилени бекемдеп, жагымдуу пикир алышууга өбөлгө түзөт.

Алгирдас аялы Рима жана үч кызы менен Европанын түндүгүндөгү өлкөдө, Литвада, жашайт. «Мен иштеген, кыздарым окуган күндөрү да кечки тамакты бирге ичүүгө аракет кылабыз. Дасторкон үстүндө отурганда баарыбыз өзүбүздү эркин сезебиз. Күнүбүз кандай өткөнүн айтып, кыйынчылыктарыбыз, ой-максаттарыбыз жөнүндө, эмне жагып, эмне жакпай жатканын сүйлөшөбүз. Ал убакта рухий нерселер тууралуу да ой бөлүшөбүз. Ошондуктан чогуу тамактануу өз ара ынактыгыбызды бекемдейт»,— дейт Алгирдас.

Ал эми Рима: «Тамак жасап жатканда кыздарым менен жакшы сырдашабыз. Алар ашканада мени менен аны-муну жасаганды жакшы көрүшөт, анын үстүнө, өздөрүнө керектүү нерселерге да үйрөнүшөт. Ошентип, жумушубузду да бүтүрөбүз, чер жазышып да алабыз»,— деп кошумчалайт.

Алгирдас жана Рима балдары менен бирге тамактануудан көп пайда алышууда. Силер деле үйбүлөңөр менен, атүгүл жалгыз бой ата же эне болсоңор да, чогуу тамактанууга аракет кылсаңар, анын акыбети кайтпай койбойт.