Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Чоңенелер күнүн белгилейсиңби?»

«Чоңенелер күнүн белгилейсиңби?»

«Чоңенелер күнүн белгилейсиңби?»

ПОЛЬШАДА жашаган 16 жаштагы Наталья кыштын суук күндөрүнүн биринде электричка күтүп турганда, жергиликтүү гезиттин эки кабарчысы жанына келип: «Сен чоңенелер күнүн белгилейсиңби?» — деп сураган.

Польшада чоңенелер, чоңаталар, энелер, аялдар жана мугалимдер күнү майрамдалат. Адатта, кичине балдар чоңенелер жана чоңаталар күнүнө арнап атайы куттуктоо открыткаларын жасашат, ал эми чоң балдар белек же гүл камдашат.

Жогорудагы суроо берилгенде, Наталья алгач апкаарый түшкөн. Бирок ичинен Кудайга тиленген соң, ал журналисттерге: «Мен Жахабанын Күбөсүмүн, ошон үчүн чоңенелер күнүн белгилебейм»,— деп жооп берген. Журналисттер таң калып карап калышканда, Наталья жылмая: «Мен таенем менен жашайм. Ошондуктан ага каалаган учурда гүл бере алам, күн сайын көңүл бурам жана мээримдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Эмне үчүн таенеме жылына бир эле жолу урмат-сый көрсөтүшүм керек?» — деген.

Натальянын берген жообу силерге жаккандыр. Журналисттер да таасирленген. Ошондуктан эртеси анын сүрөтү менен айткандары гезитке чыккан.

Бул мисал күтүлбөгөн жерден ишенимибизге же жүрүм-турумубузга байланыштуу суроо берилип калса, жооп берүүгө даярмынбы деп өзүбүздү текшерип көрүүгө түрткү болбойбу? Кудайдын кызматчылары ишенимине байланыштуу жүйөлүү далилдерди келтирүүгө жана кай жерде болбосун, ишеними тууралуу айтууга дайым даяр болуу менен Кудайды даңктоого умтулушат (1 Петир 3:15).