Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эшектер жок болсо эмне кылат элек?

Эшектер жок болсо эмне кылат элек?

Эшектер жок болсо эмне кылат элек?

ЭФИОПИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

КАЛКЫНЫН көптүгү боюнча Эфиопия дүйнө жүзүндө он алтынчы орунда турат. Анын борбор шаары Аддис-Абебада эшектер байыркы убактан бери эле мыкты унаа болуп эсептелет. Эшектердин өз жолунда эч нерседен айбыкпаарын жакшы билген автоунаа айдоочулары аларга ыңгайланышууга аракет кылышат. Анткени алар автоунаалардан коркушпайт, жүгүнүн көптүгүнөн артын да карашпайт. Жыгач көмүр, тезек же ушуга окшогон башка нерселер менен булгангыңар келбесе, жолдон алыс болгонуңар жакшы.

Эфиопияда эшектердин саны беш миллионго жетип, ар бир он эки кишиге дээрлик бирден эшек туура келет. Миллиондогон эфиопиялыктар бири-биринен бийик капчыгай менен бөлүнүп турган тоолуу аймактарда жашашат. Ал эми өлкөнүн көпчүлүк жерин ээлеген тайпак тоо аркылуу сансыз кичинекей дарыялар агып өтөт. Андай аймактарга көпүрөлөрдү же даңгыр жолдорду салуу, кайсы өлкө үчүн болбосун, кыйынга турмак. Ошондуктан мындай жерлерге эшектен өтөр унаа жок.

Эшектер Эфиопиянын ысык өрөөндөрүнүн да, тоолуу аймактарынын да абарайына чыдамкай келишет. Алар эңкейиш, кууш, таштак, баткак жерлерге жана өңгүл-дөңгүл аймактарга да абдан ыңгайлуу. Эшектер, атүгүл, ат менен төө жүрө албаган жерлерде жүрө алышат. Миллиондогон адамдарга — өзгөчө шаардын автоунаа менен жете албай турган жерлеринде жашагандарга — кандайдыр бир жүк ташууда эшектердин пайдасы зор.

Эшектер буйтка жерлерден да, чырмалышкан бадалдар менен курчалган тар жолдордон да оңой өтүп, үйүн адашпай табышат. Көп тайгаланбагандыктан, аларга кымбат дөңгөлөктүн да кереги жок. Эшектер ар кандай көлөмдөгү жүктөрдү, кайсы жерге болбосун, жеткире алышат. Жолдогу тыгылыштан өтө албай, машинелерин «пипилдетип» айдоочулардын кыжыры кайнап отурганда, алар зуулдап эле өтүп кетишет. Ал эми бир тараптуу жолдо карама-каршы жакка бараткан эшектин ээсине айып пул төлөтүү бир да полиция кызматкеринин оюна келбейт. Андан сырткары, аларга автотуруктун да зарылдыгы жок. Кымбат машинелерге салыштырмалуу эшекти болжол менен 50 долларга эле сатып алууга болот.

Борбордо

Калкынын саны үч миллиондон ашык Аддис-Абебага эртең менен миңдеген эшекчендер агылып келе баштайт. Көп учурда алар 25 километрден ашуун аралыкты басып өтүшөт. Шаршемби менен ишембиде, соода-сатык кылуучу күндөрдө, шаарда эл өзгөчө көп болот. Борборго чейин үч сааттай кеткендиктен, жолго таң атпай чыгууга туура келет. Адатта, эшектин ээси аны жандай жүрөт, бирок көпчүлүк учурда артынан айдап алат.

Эшектерге, негизинен, каптарга салынган буудай, жашылча, отун, цемент, жыгач көмүрү, суу май куюлган челектер жана суусундуктары менен жашиктер жүктөлөт. Айрым эшектер 90 килограммга чейин же андан да оор жүк көтөрө алышат. Аларга бамбук, эвкалипт устуну сыяктуу нерселерди да сүйрөтүшөт. Баарынан кызыктуусу, саман же чөптү аябай чоң кылып артып койгондо, эшектин өзү кээде көрүнбөй да калат.

Эртең мененкисин базарга баратканда жүгү оор болсо да, эшектер ылдам басышат. Базардан кийин үйүнө кайтып келаткан адамдар жүгүнөн арылган эшектерин жай бастырып, анда-санда оттотуп жүрүп отурушат. Башка күндөрү болсо алар отун-суу ташыгыч катары кызмат кылышат. Кээде эшектер «ижарага» да берилиши мүмкүн. Ал эми алардын айрымдары күч унаа катары пайдаланылган эшектердин тобунда туруп, транспорттук жумуштарды аткарат. Кээ бир жерлерде эшектер чоң арабага да чегилет.

Жакшы кароо

Эшек багуу үчүн көп деле нерсенин кереги жок. Алар көбүнчө өздөрү оттошот жана аз эле тоют талап кылат. Эшекти жакшы караса, ал өзүнүн ээсине үйүр алып калат. Алар жылкыларга караганда акылдуураак келишет. Ошондой эле жолду жакшы эстеп калышкандыктан, жанында киши болбосо да, сегиз километрден ашуун жерден суу ташып келе алышат. Болгону, жүгүн жүктөп берген жана түшүрүп турган бирөө гана керек. Эшектин жүгүн түшүрүп алууга даяр туруу үчүн, айрымдарынын мойнуна коңгуроо да тагып коюшат.

Эшектер талыкпаган жүк ташуучулар болгону менен, канча көтөрө аларын, качан эс алуу керектигин да билишет. Жүгү өтө эле оор болуп кетсе же бир жерин өйкөп жатса, баспай жатып алышы да мүмкүн. Андай учурларда адамдар аларды түшүнбөй ачууланып, уруп-сабашат. Сен балким, Ыйык Китептеги ушундай билдирүүнү билет чыгарсың (Сандар 22:20—31).

Албетте, эшектерди жакшы багып, кароо керек. Өкүнүчтүүсү, жүгү туура эмес артылгандыктан, алар арык-чөнөккө түшүп, буту сынган учурлар да болот. Кээде алар буту ириңдеп, өпкөсүнө суук тийип, жара, мите же башка ушу сыяктуу ылаңдардан жапа чегишет. Ошол себептүү Аддис-Абебадан анча алыс эмес жайгашкан Дебре Зейт шаарчасында аларды дарылоочу жай ачылган. Анда компьютерлер, эмдөөчү, атүгүл, операция жасоо үчүн атайын бөлмөлөр жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн автоунаалар караштырылган. Ал мекемедеги мал догдурлар 2002-жылы 40 миңдей эшекти дарылашкан.

Уруу башчысы Ыбрайым Мориа тоосуна тоолуу өрөөн аркылуу эшек менен барган (Башталыш 22:3). Ысрайыл элинин күнүмдүк жашоосунда эшектер узак убакыт бою пайдаланылып келген. Ыйса Машайак да Иерусалимге салтанат менен эшек минип кирген (Матай 21:1—9).

Эфиопияда да эшектерди байыркы убактан бери эле кармашат. Алар эфиопиялыктар үчүн бүгүнкү күнгө чейин эң керектүү малдын бири. Жүк ташуучу жана башка автоунаалардын модели убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турса да, эшектердин «модели» ошо бойдон кала берет. Арийне, эшектин эмгегин баалабай коюуга болбойт!

[26-беттеги сүрөттүн булагы]

‘The Donkey Sanctuary’, Sidmouth, Devon, UK