Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эң сонун китеп экен»

«Эң сонун китеп экен»

«Эң сонун китеп экен»

Бул сөздөрдү Жоржияда (АКШ) жашаган түгөйлөр 2005-жылы чыккан 224-беттен турган түстүү сүрөттүү «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китеп тууралуу айтышкан. Алар: «Китеп ар бир адам түшүнө алгыдай, жөнөкөй жазылыптыр. Ошондой эле анда жогорку билимдүү адамдардын да рухий муктаждыктарын канааттандырарлык терең ойлор камтылыптыр»,— дешкен.

Ал эми Нью-Жерсиде жашаган түгөйлөр менен (АКШ) болгон окуядан көрүнүп тургандай, ал китептин аталышынын өзү эле кызыгуу туудурат. Ошол китепти алар Жахабанын Күбөлөрүнүн Флоридада болуп өткөн жыйынынан алышкан. Жыйындан кийин Багама аралдарына эс алууга кетишкен. Түгөйлөрдүн жүгүн текшерип жатканда, бажы кызматкери китепти көрүп калып, анын аталышын окугандан кийин: «Ушул суроого мен көптөн бери кызыгып жүрөм»,— деген. Жубайлар ага ошол китепти беришкенде, ал аябай кубанган.

Эртеси күнү алар деңиздин жээгинде «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин өздөрүндө калган нускасын окуп жатканда, туристтерге ар нерсе сатып жүргөн аял ага кызыгып калат. Анан ал мурунку күнү эле Ыйык Китеп эмнеге окутарын билүүгө Кудайдан жардам сурап тиленгенин айтат. Ал аял бул китепти кантип алса болорун сураганда жубайлар колундагы китебин беришкен. Ал буга абдан ыраазы болгон.

«Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби 145тен ашуун тилге которулуп, 40 миллиондон ашык нускада чыгарылган. Аны силер да алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.