Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык дарттын дабасын илим табабы?

Бардык дарттын дабасын илим табабы?

Бардык дарттын дабасын илим табабы?

АЗЫРКЫ илимий ачылыштар аркылуу бардык дарттын дабасы табылабы? Ыйык Жазмадагы Ышайа пайгамбардын китебинде жана Аян китебинде оору-сыркоо болбой турган заманды адам өзү алып келери айтылды беле? Айрымдар, медицина тармагынын көп сандаган жетишкендиктерин эске алып, ошондой убак келиши толук мүмкүн деген ойдо.

Кээ бир өлкөлөрдүн бийлиги жана кайрымдуулук уюмдары Бириккен Улуттар Уюму менен бирдикте ооруга каршы күрдөөлдүү күрөш жүргүзүп жатышат. Алардын иш-аракеттеринин бири өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү балдарды иммундаштырууга багытталган. Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун билдирүүсүнө ылайык, ал өлкөлөрдөгү көздөлгөн максаттар ишке аша турган болсо, «2015-жылга чейин дүйнөнүн эң кедей өлкөлөрүндөгү 70 миллиондон ашуун бала бир катар ооруларга каршы жыл сайын вакцина алып же эмделип турмак. Ал оорулардын тизмесине төмөнкүлөр кирет: кургак учук, кептөөр, селейме, көкжөтөл, кызамык, кызылча, ысытма, геморрогиялык тумоо (Hemophilus influenzae), В түрүндөгү гепатит, полиомиелит, ротавирус, пневмококк, менингококк жана Жапон энцефалити». Ошондой эле саламаттыктын сакталышын шарттоочу негизги чараларды көрүү, мисалы, калкты таза суу, сапаттуураак тамак-аш менен камсыз кылуу жана гигиена эрежелерине үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бирок окумуштуулар денсоолукка кам көрүүнүн негизги чаралары менен эле чектелбөөгө умтулушууда. Учурда заманбап технологиялар медицина тармагында төңкөрүш жасап жатат дешке болот. Ырастоолор боюнча, окумуштуулардын медицина тармагындагы билими ар бир 8 жыл сайын эки эсе көбөйүүдө. Төмөндө оору менен күрөшүүдөгү акыркы технологиялык жетишкендиктердин жана ой-ниеттердин жөнөкөй гана мисалдары келтирилди.

Рентген диагностикасы. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери ооруканаларда КТ (компьютердик томография) диагностикасы кеңири колдонулат. КТ адамдын денесинин ички түзүлүшүн үч өлчөмдүү сүрөттөө боюнча көрсөтөт. Бул ыкма ооруларды жана ички бузулууларды аныктоого жардам берет.

Учурда КТ нурлануу коркунучун туудурабы, жокпу деген талаш жүрүп жатса да, медицина адистери келечекте андай жабдуулардын жакшыртылган түрлөрүнүн жардамы зор болот деп эсептешет. Чикаго университетинин клиникасынын профессор-рентгенологу Майкл Ванер: «Акыркы бир нече эле жыл аралыгында ушунчалык көп ачылыш жасалгандыктан, тим эле башың айланат»,— дейт.

Азыр КТ мурдагыдан тез иштейт, даанараак көрсөтөт, салыштырмалуу арзанга да түшөт. Жаңы томографтардын негизги артыкчылыгы — ылдам иштеши. Бул, айрыкча, жүрөк текшерүүдө байкалат. Мурунтан рентген томографтарынын көбү аркылуу жүрөктү, үзгүлтүксүз кагып тургандыктан, даана көрүү, бузулуусун так аныктоо татаал эле. «Нью сайентист» журналында түшүндүрүлгөндөй, жаңы томографтардын нуру «секунддун үчтөн бир бөлүгүндө — жүрөк бир ирет кагып бүтө электе эле — дененин бардык катмарынан өтүп», изилденүүчү органды дароо, даана көрсөтөт.

Акыркы томографтарды колдонгон врачтар, ички органдардын анатомиялык өзгөчөлүктөрүн даана көргөндөн тышкары, алардын биохимиялык иш-аракетин да байкай алат. Мындай ыкма рак клеткаларын алгачкы баскычында эле табууга мүмкүндүк бериши ыктымал.

Операция жасоодо робот колдонуу. Татаал роботтор азыр илимий фантастика эмес: алар медицина тармагында колдонулуп жатат. Бүгүнкү күндө роботтордун жардамы менен миңдеген хирургиялык операциялар жасалат. Ал операциялардын кээсинде кыймылы аралыктан башкарылган, бир нече функциялуу робот колдонулган. Ал робот скальпель, кайчы, видеокамера, электркоагулятор жана башка хирургиялык аспаптар менен жабдылган. Мындай техниканы колдонгон хирургдар өтө татаал операцияларды абдан кылдат, так аткара алат. «Хирургдардын байкоосунда, ал аспаптар менен операция кылынган адам, кадимки жол менен операция кылынгандарга салыштырмалуу, канын аз жоготот, ооруканада аз убакыт жатат жана тез тыңып кетет. Кабылдоо ыктымалдыгы да азаят»,— деп маалымдалат «Ньюсуик» журналында.

Наномедицина. Медицинанын нанотехнология колдонулган тармагы наномедицина делет. Ал эми нанотехнология — бул микроскоптук шаймандарды куруу жана башкаруу илими. Ал тармакта колдонулган ченем бирдиги нанометр деп аталат *.

Бул ченем бирдигинин канчалык кичине экенин элестетиш үчүн, мындай мисал алалы. Азыр силер окуп жаткан журналдын барагынын калыңдыгы — 100 000, адамдын бир тал чачынын калыңдыгы 80 000 нанометрге жетет. Кандын кызыл клеткасынын диаметри орто эсеп менен 2 500 нанометрди түзөт. Бактериянын узундугу — 1 000, вирустуку 100 нанометрге барат. Ал эми адамдын ДНКсынын диаметри 2,5 нанометрге барабар.

Бул технологиянын жактоочулары жакында окумуштуулар адамдын денесинин ичинде белгилүү бир медициналык процедураларды аткарган өтө кичине түзүлүштү ойлоп чыгарат деп эсептешет. Ал, адатта, наномашина деп аталган кичине механизмдер абдан так программа берилген микроскоптук компьютер менен жабдылмакчы. Кызыктуусу, ал механизмдер укмуштуудай татаал болсо да, көлөмү 100 нанометрден ашпайт дешет — алар кандын кызыл клеткасынан 25 эсе кичине болмокчу.

Нанотүзүлүштөр, ушунчалык кичине болгондуктан, майда кан тамырлар боюнча жылып, андагы жана мээдеги тромбоздор менен май чогулган жерлерди тазалап, кансызданган ткандарга кычкылтек жеткирип, атүгүл вирус менен бактерияларды жана башка зыянкеч-агенттерди аныктап, жок кылып турат деп үмүттөнүшөт окумуштуулар. Андан тышкары, нанотүзүлүштөр аркылуу дарыларды жабыркаган клеткаларга түздөн-түз жеткирүү мүмкүн болот деп болжонот.

Окумуштуулардын айтымында, рак шишигин аныктоо ыкмасы наномедицинанын таасири менен чоң өзгөрүүгө кабылат. Себеби, медицина илиминин профессору, физик жана биоинженерия адиси доктор Сэмюэл Виклин ырастагандай, «ракты жаңыдан пайда болуп келаткан кезинде эле байкоо, анын жайгашкан жерине гана күчтүү дарылар менен таасир этүү жана дарылоонун кошумча терс таасирлерин азайтуу мүмкүндүгү жогорулайт».

Бул илимий фантастикадай угулса да, айрым окумуштуулардын көзкарашы боюнча, наномедицина — сөзсүз ишке аша турган чындык. Бул тармактын алдыңкы окумуштуулары келерки он жыл аралыгында нанотехнология тирүү клетканын молекулалык түзүлүшүн калыбына келтирүүдө жана оңдоодо колдонулуп калат деп эсептешет. «Наномедицина,— дейт бул тармактын жактоочуларынын бири,— ХХ кылымдын кеңири тараган ооруларын, медицина күрөшүп жаткан ар кандай дарт менен азап-кайгынын баарын жок кылат жана көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат». Атүгүл азыр да окумуштуулар наномедицинаны колдонуу менен жаныбарларга жүргүзгөн тажрыйбалардын жакшы натыйжа берип жатканын билдирүүдө.

Геномика. Геномика — гендин түзүлүшүн изилдөөчү илим. Адамдын денесиндеги ар бир клетка жашоо үчүн мааниси зор курамбөлүктөрдөн турат. Ген — ошол курамбөлүктөрдүн бири. Ар бир адамда анын чачынын өңүн, түзүлүшүн, териси менен көзүнүн түсүн, боюнун узундугун жана денесинин башка өзгөчөлүктөрүн шарттоочу 35 000ге жакын ген бар. Биздин гендерибиз ички органдарыбыздын калыптанышында да маанилүү кызмат аткарат.

«Оорулуу» гендер денсоолукка терс таасир тийгизиши мүмкүн. Айрым изилдөөчүлөр оорунун баары гендин функциясынын бузулушунан улам пайда болот деп эсептешет. «Оорулуу» гендердин кээси ата-энебизден тукум кууп өтсө, башкалары тышкы, айлана-чөйрөдөгү зыяндуу таасирлерден улам жабыркайт.

Окумуштуулар адамды ооруга ийкемдүү кылган генди жакын арада табууга үмүттөнүшөт. Анын аркасында врачтар, айталы, рак оорусуна чалдыгууга эмне себептен айрымдар, башкаларга караганда, көбүрөөк «ийкемдүү» келерин түшүнүшмөк. Же рактын бир эле түрү бирөөндө эмне үчүн катуу күчөп кетерин, ал эми башкасында анчалык күчөбөөрүн аныктай алышмак. Геномика илими кайсы бир дарынын эмнеликтен бир адамга жардам берсе, башкасына көп жардам бербээрин билүүгө да жол ачышы ыктымал.

Мындай өзгөчө генетикалык маалыматтын негизинде «жекечелештирилген медицина» тармагы жаралышы мүмкүн. Анын кандай артыкчылыктары болмок? Бул медицина адамды өзүнүн генетикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык дарылоого мүмкүндүк берет деп ырасталат. Мисалы, силердин гениңерди изилдөө аркылуу кандайдыр бир ооруга чалдыгууга жакын экениңер аныкталса, врачтар ал ооруну эч кандай белгилери байкала электе эле табышмак. Ошондо, бул ойду жактагандардын айтымында, оору али пайда боло электе эле туура дарылануу, мүнөз тамак ичүү (диета), адаттарды өзгөртүү менен анын өрчүп кетишине бөгөт коюу мүмкүн болмок.

Ырастоолор боюнча, врачтар адамдын генин текшерүү аркылуу кандайдыр бир дарыны колдонуу тескери реакция чакырарын күн мурун аныктай алышы мүмкүн. Андай маалыматка ээ болгон врачтар силердин жеке өзгөчөлүктөрүңөрдү эске алып, дарынын туура түрүн, керектүү өлчөмдө колдоно алышмак же жазып беришмек. «2020-жылга чейин анын [жекечелештирилген медицинанын] таасири биз азыр элестете алгандан да зор болот көрүнөт,— деп маалымдалат „Бостон глоб“ гезитинде.— Коомго учурда эбегейсиз залака тийгизип жаткан кант диабети, жүрөк оорулары, Альцгеймер, шизофрения жана башка көп сандаган оорулар менен күрөшүү үчүн адамдын гендик өзгөчөлүктөрүн эске алган жаңы дары-дармектер чыгарылат».

Жогоруда айтылган технологиялар окумуштуулардын келечекке байланыштуу берген убадаларынын айрымдары гана. Ооба, медицина тармагындагы билим болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өсүп барат. Ошондо да окумуштуулар оору дегенди түп-тамыры менен жок кылар маалга али көп бар деп эсептешет. Чынында, жолду бөгөттөп турган тоскоолдуктардын саны көбөйбөсө, азайган жок.

Тоодой тоскоолдуктар

Оору менен күрөшүүдө кыска мөөнөт аралыгында ийгиликке жетүүгө адамзаттын жаратылышка кылган мамилеси жолтоо болушу ыктымал. Алсак, окумуштуулардын билдирүүсүндө, адамдын экосистемага зыян келтиришинен улам жаңы, коркунучтуу оорулар пайда болууда. «Ньюсуик» журналында Жапайы табиятты коргоо уюмунун президенти Мэри Пёрлдун мындай билдирүүсү келтирилген: «1970-жылдардын ортосунан тартып 30дан ашуун жаңы оору, алардын арасында ЖИКС (СПИД), Эбола, Лайма, адаттан тыш пневмония чыкты. Алардын көбү адамга жаныбарлардан жуккан».

Андан сырткары, азыркы адамдар жашылча-жемиштерди аз жеп, кант менен тузду, каныккан майларды көп пайдаланып калышты. Бул жана башка зыяндуу адаттар менен аз кыймылдоо жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Чылым чегүү адаты дүйнөдө миллиондогон адамдардын денсоолугуна олуттуу зыян келтирип, атүгүл өлүмгө дуушар кылууда. Жол кырсыгынан жаракат алган же набыт болгондордун саны жылына 20 миллионго чыгат. Согуш жана башка зордук-зомбулуктардан майып болуп же өмүрүнөн ажырагандар да миңдеп саналат. Ичкиликтин жана баңгиликтин айынан денсоолугун бузгандар да аз эмес.

Медицина чоң жетишкендиктерге жетсе да, айрым оорулар дагы деле күч алууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) билдирүүсү боюнча, «шизофренияга — 25, эпилепсияга (талма) — 38, депрессияга — 150 миллиондон ашуун адам кабылууда». ЖИКСти чакыруучу вирус (ВИЧ), ичөткөк, безгек, кызылча, пневмония, кургак учук миллиондогон жаштарга жана кичине балдарга жугуп, өлүмгө дуушар кылып жатат.

Оору менен күрөшүүдө дагы башка тоскоолдуктар бар. Алар — жакырлык менен бийликтеги коррупция. БДССУнун акыркы отчетторунун биринде белгиленгендей, бийлик тарабынан көмөк көрсөтүлсө, акча-каражат жетиштүү болсо, инфекциялык оорулардан каза тапкандардын көбүн сактап калууга мүмкүн болмок.

Мындай тоскоолдуктарды илимий ачылыштар менен медицинадагы зор жетишкендиктер жоё алабы? Оору-сыркоосуз заман келеби? Аны биз көрөбүзбү? Жогоруда келтирилген фактылардан бул суроолорго ачык-айкын жооп ала албайбыз. Алардын жообу Ыйык Китепте камтылат. Ал китепте оору-дарт качан түп-тамыры менен жок болору айтылган. Бул жөнүндө эмки макалада сөз жүрөт.

[Шилтеме]

^ 10-абз. Сөз алдына жалгануучу «нано» деген мүчө грек тилинен келип, эң кичине бөлүкчөлөргө карата колдонулат. Мааниси бирдиктин миллиарддан бир үлүшү дегенди билдирет.

[7-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

Рентген диагностикасы.

Ички органдар айкыныраак көрүнгөндүктөн, ооруну алгачкы баскычтарында эле байкоого болот

[Булак жөнүндө маалыматтар]

© Philips

Siemens AG

Операцияда колдонулган роботтор.

Алар татаал операцияларды өтө так аткарууга мүмкүндүк берген хирургиялык аспаптар менен жабдылган

[Булак жөнүндө маалыматтар]

© 2006 Intuitive Surgical, Inc.

Наномедицина.

Микроскоптук шаймандар врачтарга оору менен клеткалык деңгээлде күрөшүүгө жардам берет. Сүрөттө, сүрөтчүнүн элестетүүсү боюнча, кандын кызыл клеткаларындай иштеген нанотүзүлүштөр көрсөтүлдү

[Булак жөнүндө маалыматтар]

Artist: Vik Olliver (vik@diamondage.co.nz)/ Designer: Robert Freitas

Геномика.

Окумуштуулар генди изилдөө менен ооруну белгилери байкала электе эле таап, дарылоого үмүттөнүшөт

[Булак жөнүндө маалыматтар]

Chromosomes: © Phanie/ Photo Researchers, Inc.

[7, 8-беттердеги кутуча]

Алты алп илдет

Учурда медицина тармагындагы билим менен технологиялык жетишкендиктер болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти. А бирок инфекциялык оорулардын «мизи» али майтарыла элек: дүйнө жүзү боюнча алар эбегейсиз көп адамды өлүмгө дуушар кылып келет. Ал оорулардын кээси — төмөнкүлөр.

ЖИКС (СПИД)

ЖИКСти чакыруучу вирус жуккан кишилердин саны азыр 60 миллионго барат. Ал эми ЖИКСтен каза болгондор 20 миллионго жетти. 2005-жылдын ичинде эле аны 5 миллион киши жуктуруп, 3 миллиондон ашуун киши каза тапкан. Оорудан жапа тарткандардын 500 миңден көбү — жаш балдар. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн тийиштүү түрдө дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок.

Ичөткөк

Ичөткөк менен жылына 4 миллиард киши ооругандыктан, аны жакырлардын биринчи душманы деп эсептешет. Ичөткөктүн таралышына ар кандай инфекция менен булганган суу, азык-түлүк жана жеке гигиенанын сакталбагандыгы себеп болот. Бул инфекциялар жылына 2 миллиондон ашуун кишини мезгилсиз өлүмгө дуушар кылат.

Безгек

Жыл сайын 300 миллион кишиге безгек жугуп, бир миллионго жакын бейтап каза болот. Көбү — балдар. Африкада ал оору 30 секунд сайын бир баланын өмүрүн алып турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) билдирүүсү боюнча, «окумуштуулар бул дарттын „сыйкырдуу“ дарысын али таба элек; көптөр табыларына да күмөн санайт».

Кызылча

2003-жылдын ичинде кызылча оорусунан 500 миңден ашуун киши набыт болгон. Ал — өтө жугуштуу оору: аны жугузгандардын саны жылына 30 миллионго барат. Көбү — балдар. Айта кетчү жери, кызылчага каршы 40 жыл мурун эле натыйжалуу, арзан вакцина чыгарылган.

Пневмония

БДССУнун билдирүүсүндө, инфекциялык оорулардын ичинен пневмониядан — өпкөнүн сезгенишинен — көп бала өлүмгө дуушар болот. Андан жылына 2 миллионго жакын беш жашка чейинки бала чарчайт. Басымдуу бөлүгү — Африкада жана Түштүк-Чыгыш Азияда жашагандар. Көптөгөн өлкөлөрдө тийиштүү медициналык жардамдын жетишсиздиги бул оору менен күрөшүүгө жолтоо болууда.

Кургак учук

2003-жылы кургак учуктан 1,7 миллион киши өмүрүнөн айрылган. Саламаттыкты сактоо тармагынын адистерин анын дарыга туруктуу түрлөрү абдан тынчсыздантууда. Алардын кээси кургак учукка каршы колдонулуучу негизги дарылардын баарына туруктуу болуп калган. Анын туруктуу түрлөрүнүн өрчүп чыгышына дарылануусун үзгүлтүккө учураткан же врачтардын кароосунда болбогон бейтаптар себеп болот.

[9-беттеги кутуча⁄сүрөт]

Альтернативалык медицинанын таралышы

Дүйнөдө дарылануунун түрлүү ыкмасы кездешет. Аларга кадимки медицинаны жактагандар тарабынан көп колдоого алынбаган альтернативалык же элдик түрү да кирет. Өнүгүп келаткан кээ бир өлкөлөрдүн калкынын басымдуу катмары көбүнесе элдик жол менен дарыланат. Көптөр ошондой жол менен дарыланууга адистештирилген медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан барышса, айрымдары аны тек гана өз каалоосу менен тандашат.

Бирок өнүккөн өлкөлөрдө да альтернативалык медицина кеңири таралган. Анын айрым түрлөрү булар: ийне саюу, хиропрактика, гомеопатия, натуропатия, чөп-чар менен дарылоо. Бул дарылоо жолдорунун кээси илимий жактан изилденип, кандайдыр бир деңгээлде пайда берери далилденсе, кээсинин натыйжалуулугу толук далилденген эмес. Андыктан альтернативалуу медицинага болгон кызыгуунун күндөн күнгө өсүшү алар коопсузбу, жокпу, деген суроолорду жаратат. Көптөгөн өлкөлөрдө мындай ыкмалар менен дарылоо эч ким тарабынан көзөмөлгө алынган эмес. Бул өзүн өзү дарылап денсоолугуна зыян келтирүүнүн, жасалма дары-дармек жасоонун жана эмчи-домчулуктун көбөйүшүнө шарт түзөт. Көптөргө тааныштары, туугандары жакшы ниет менен эле, жетиштүү билими жок болсо да, «дарыгер»-кеңешчи боло башташат. Бул болсо организмдин ар кандай тескери реакциясын пайда кылып, оорунун кабылдоосуна алып келет.

Ал эми альтернативалык медицина атайы органдар тарабынан көзөмөлгө алынган өлкөлөрдө андай ыкма кадимки медицинада колдонулуп, врачтар тарабынан сунуш кылынат. Ошентсе да андай дарылоо ыкмалары аркылуу оору-сыркоону түп-тамыры менен жок кылуу мүмкүн болору өтө күмөн.