Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакында оору-сыркоо болбойт!

Жакында оору-сыркоо болбойт!

Жакында оору-сыркоо болбойт!

КӨПТӨР оору-дарттан тиги дүйнөгө барганда биротоло кутулабыз деп ойлошот. Бирок кеңири таралган бул ишенимден Ыйык Китептин окуусу кескин айырмаланат. Андагы убадаларга ылайык, адамзат келечекте жер бетиндеги бейиште өмүр сүрөт (Забур 36:11; 113:24). Ал бейиште баары жеткилең денсоолукта, түбөлүк бактылуу болуп жашашат.

Ал эми азыр биз эмне себептен ооруйбуз жана өлөбүз? Оору-дарт качан жок болот? Бул суроолорго Ыйык Китептен жооп табабыз.

Оорунун чыныгы себеби. Адам ата менен Обо эне, биздин түпкү ата-энебиз, жеткилең болуп жаратылгандыктан, чың денсоолукка ээ болушкан (Башталыш 1:31; Мыйзам 32:4). Алар жер бетинде түбөлүк жашашмак. Кудайга өз ыктыяры менен каршы чыкканга чейин алар оору деген эмне экенин билишкен эмес (Башталыш 3:17—19). Кудайдын бийлигин четке какканда Адам ата жана Обо эне Жараткан — жеткилең өмүрдүн Булагы — менен болгон мамилесин үзүшкөн. Ошондуктан жеткилеңсиз болуп калышкан. Натыйжада алар, Кудай эскерткендей, ооруп, акыры, өлүшкөн (Башталыш 2:16, 17; 5:5).

Адам менен Обонун козголоңунан кийин, алардын балдары да жеткилең болмок эмес (Римдиктерге 5:12). Мындан мурунку макалада белгиленгендей, азыр окумуштуулар адамдын генинде тукум кууп өткөн бузулуу бар экенин, ошондон улам адам баласы ооруп, өлүп жатканын моюнга алышат. Жакында эле бир катар окумуштуулар, кеңири изилдөөлөрдөн кийин: «Организмде жашоонун алгачкы баскычынан тартып эле кандайдыр бир токтоосуз биологиялык механизм „от алат“ да, дене акырындык менен өзүн өзү буза баштайт»,— деген тыянакка келишкен.

Адамдын колунан келбейт. Ооба, окумуштуулар оору-сыркоо менен күрөшүүдө албан жетишкендиктерге жетти. Анткен менен оорунун келип чыгуу себебин аныктоо өтө татаал болгондуктан, аны толук жок кылуу алардын колунда эмес. Муну Ыйык Китепти изилдегендер жакшы билет. Себеби Ыйык Китепте: «Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт»,— деп айтылган (Забур 145:3).

Бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, «адамдын колунан келбеген» нерсе, «Кудайдын колунан келет» (Лука 18:27). Жахаба Кудай оору-кеселдин чыныгы себебин жоюп, ооругандардын баарын айыктырат (Забур 102:3). Кудайдын Сөзүндө мындай убада берилет: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (Аян 21:3, 4).

Эмне кылуу керек? Ыйса Машайак келечектеги оору-сыркоосуз дүйнөдө жашаш үчүн эмне кылуу керектигин айкын түшүндүрүп берген. Ал: «Түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деген (Жакан 17:3).

Ыйык Китепте Кудай жөнүндөгү билим жана анын Уулу Ыйсанын окутуулары камтылган. Анда биздин азыркы жашообузду жакшыртууга жардам бере турган кеңештер да бар. Ал эми, эң маанилүүсү, Кудайдын убадасы боюнча, анын тилалчаак кызматчылары келечекте оору-дарт деген болбой турган заманда жашашат. Ооба, Кудай сага «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпай» турган дүйнөдө жашоону сунуш кылат (Ышайа 33:24).

[11-беттеги кутуча]

Теңсалмактуу көзкараш

Ыйык Китеп өмүрдү баалоого үндөйт. Жахабанын Күбөлөрү өмүрдү баалаарын денсоолугуна тийиштүү түрдө кам көрүү менен көрсөтүшөт. Алар баңгизат колдонушпайт жана чылым чегишпейт. Кудай өз кызматчыларынан спирт ичимдиктери менен тамак-аш ичүүдө теңсалмактуу болууну да талап кылат (Накыл сөздөр 23:20; Титке 2:2, 3). Мындай иш-аракеттер менен бирге жетиштүү эс алуу жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берет. Ал эми ооругандар тажрыйбалуу медицина адистерине кайрылышы орундуу.

Ыйык Китеп бизди эстүү болууга чакырат (Титке 2:12, «ЖД»). Бүгүнкү күндө көптөр дарылануунун жолун тандоодо теңсалмактуулугун сактабай, рухий саламаттыгына зыян келтирүүгө чейин барышат. Дарылануунун шектүү түрлөрүн тандап, өзүлөрүнө зыян келтирип алгандар да аз эмес. Башкалары болсо акчасын, убактысын натыйжасыз, атүгүл кооптуу дары-дармекке же дарылануу ыкмаларына коротууда.

Бирок жеткилең денсоолукка ээ болуу азырынча мүмкүн эмес. Ошентсе да оору-кесел дегендер болбой турган келечекти күтүп жаткан маалда Ыйык Китепте камтылган акылмандыктын аркасында денсоолугубузга теңсалмактуу кам көрө алабыз.