Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Камчатка эң кооз жерлердин бири

Камчатка эң кооз жерлердин бири

Камчатка эң кооз жерлердин бири

ОРУСИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ҮЧ КЫЛЫМДАН ашуун мурун орус изилдөөчүлөрү Азия аркылуу чыгышка бет алып, Тынч океандын түштүгүндө жайгашкан, Беринг деңизин Охота деңизинен бөлүп турган, тоолуу жарым аралга туш болушкан. Аймагы Италиядан бир аз чоңураак келген Камчатканын көз жоосун алган кооздугу көптөр үчүн дагы деле белгисиз бойдон кала берүүдө.

Британ аралдары менен географиялык бир кеңдикте жайгашса да, Камчатканын климаты катаалыраак келет. Анын деңизге жакын жерлеринде кыш анча суук болбойт, бирок айрым жерлеринде 6 метрге, атүгүл, кээде 12 метрге чейин кар жаайт. Жайында болсо көп учурда туман каптап, катуу шамал согуп турат. Жери минерал заттарга бай Камчаткада жаан-чачын көп болгондуктан, мөмөлүү бадалдардын, бийик чөптөрдүн, жыты аңкыган роза сыяктуу, ар түркүн гүлдөрдүн дүркүрөп өсүшүнө шарт түзүлөт.

Камчатканын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн таш кайыңдары ээлейт. Алардын сөңгөгү, бутактары катуу шамалдан, калың кардан улам ийилип, буралып калат. Ушундай катаал шарттарда жай өссө да, кайыңдардын бутактары менен тамырлары бекем келет. Андыктан ал бактар бардык жерде, ал турсун, жардын боорунда да туурасынан өсө берет! Анын жалбырактары июнда, кар кете электе, ачылат жана август айында кыштын жышааны болуп, саргара баштайт.

Жанар тоолор, гейзерлер жана ысык булактар

Тынч океандын жээктерин курчаган, сейсмдик кырчоого кирген Камчаткада аракеттеги 30 жанар тоо бар. Ажайып кооз Ключи сопкасы, деңиз деңгээлинен 4 750 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Евразиядагы аракеттеги эң ири жанар тоолордун бири болуп саналат. 1697-жылы, орус изилдөөчүлөрү Камчаткага биринчи жолу баргандан бери, ал жарым аралдагы жанар тоолор 600дөн ашуун жолу атылган.

1975—1976-жылдары Толбачик жанар тоосунда пайда болгон жаракадан 2 500 метр бийиктикке от бүркүлүп чыккан. Андай учурда чагылган чартылдап, күл аралаш уюлгуган кара булуттардын жаркыраганын көрүүгө болот. Толбачик дээрлик бир жарым жыл сайын атылып тургандыктан, төрт жаңы дөңсөө жаралган. Жанар тоодон чыккан ысык күл көлдөрдүн, дарыялардын соолушуна себеп болуп, өсүмдүктөрдү күйгүзүп кеткен. Ошонун кесепетинде тирүү жандын баары кырылып, ал жердин көпчүлүк бөлүгү чөлгө айланган.

Эл жанар тоолордон алысыраак отурукташкандыктан, көп киши өлгөн эмес. Бирок Кихпиныч жанар тоосунун этегиндеги Ажал өрөөнүнөн өткөндөр дайыма сак болууга тийиш. Себеби жел жокто, айрыкча жазында, жанар тоодон чыккан уулуу газдар абага тарап, тирүү жандарга коркунуч туудурат. Мисалы, ошол өрөөндөн бир жолу он аюунун жана башка жаныбарлардын өлүгү табылган.

Узон кальдерасы катары белгилүү болгон тоонун чокусундагы чөйчөк сымал терең ойдуңда ылай жана балырлуу көл кайнап, бууланып турат. 1941-жылы ошондой аймактын тегерегинде гейзерлер табылган. Андай гейзерлердин айрымдары ар бир эки-үч мүнөт сайын атылып турса, башкалары бир нече күндө бир гана жолу атылат. Петропавловск-Камчатский шаарынын түндүгүндө, 180 километр алыстыкта жайгашкан ал укмуштуудай кооз жерди көргүсү келгендер, ал жакка вертолёт менен гана бара алышат. Бирок экологиялык тең салмактуулук бузулбашы үчүн, гейзерлердин кооздугуна суктанууну каалагандардын саны чектелүү болууга тийиш. Андан сырткары, коргоо максатында Камчатканын алты аймагы Дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизилген.

Камчаткадагы температурасы 30—40 градуска чейин жеткен көптөгөн ысык булактар ал жакка баргандардын көңүлүн көтөрүп, узакка созулган, катаал кыштын мизин майтаргансыйт. Кайнар булактардан чыккан жылуулук электр энергиясын пайда кылуу үчүн да колдонулат. Белгилей кетчү нерсе, Орусиядагы эң алгачкы геотермиялык электр станциясы дал ушул жарым аралда курулган.

Аюулар, лосостор жана суу бүркүттөрү

Камчатканы 10 000ге жакын күрөң аюу мекендейт. Алардын салмагы орто эсеп менен 150—200 килограммга чейин жетет, ал эми кээ бирлери мындан үч эсе оор болот. Ительмендердин, Камчатканын жергиликтүү калкынын, уламышына ылайык, аюу качандыр бир кездерде алардын досу болгон. Ошондуктан алар бул жаныбарларга аяр мамиле кылышкан. Кийинчерээк курал-жарактын колдонулушунан улам андай достук мамилелер бузулган. Учурда табиятты коргоо кызматкерлери күрөң аюулардын тукум курут болуп кетишине тынчсызданууда.

Адатта, аюулар кишилерден оолак жүргөндүктөн, аларды чанда эле көрүүгө болот. Анткен менен алар июнда, лосостор икрасын таштай баштаганда, дарыяга келип «тойлоп кетишет». Бир аюу жыйырмадай балык жеп коё алат. Алар эмне үчүн мынча тойбос келет? Аюулар жай айларында семирип, жетишерлик май топтошу керек, анткени чээнге киргенде, алар ошонун эсебинен кыштан чыгат.

Канатын жайганда кулачынын узундугу эки жарым метрге жеткен ак куйрук суу бүркүтү — лосостордун дагы бир душманы. Денесинин көпчүлүк бөлүгү кара болсо да, канаты менен шынаа сымал куйругу ак түстө. Алардын саны азыркы күндө 5 000ге жетет жана күн санап азайып барат. Бүркүттөр дүйнө жүзү боюнча ушул жарым аралды гана мекендейт, бирок кээде Алясканын Алеут жана Прибылов аралдарында да кездешет. Ал куштар, адатта, бир эле уяга жумурткалап, уясын жыл сайын кеңейте беришет. Уясынын туурасы кээде 3 метрге жеткендиктен, бак көтөрө албай сынып кетет.

Камчатканын эли

Азыркы мезгилде Камчаткада көбүнчө орустар жашайт, ал эми жергиликтүү калкы болуп саны бир нече миңге жеткен жарым аралдын түндүгүндө жашаган коряктар эсептелет. Ошондой эле жергиликтүү калкка ар бири өз эне тилинде сүйлөгөн чукчалар менен ительмендер кирет. Элинин көбү Камчатканын борбору болгон Петропавловск-Камчатскийде отурукташкан. Жарым аралдын калган бөлүгүндө элдер көп деле жашабайт. Көпчүлүк айыл-кыштактар жээкти бойлой жайгашкандыктан, аларга кеме же самолёт менен гана жетүүгө болот.

Камчатканын экономикасында краб кармоо жана балык уулоо негизги роль ойнойт. Туурасы бир жарым метрден ашык Камчатка ири крабы кеңири таралган. Алар соода-сатык үстөлдөрүнө өзгөчө көрк кошот.

1989-жылы Жахабанын Күбөлөрү Камчаткага «балыктын» башка түрүн кармоо үчүн барышкан. Алар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды алыстагы Камчатканын элине да таратышкан (Матай 4:19; 24:14). Айрымдар алардын кабарын кабыл алып, азыр башкаларга Жахаба тууралуу билим алууга, жаратылышка эмес, Жараткандын өзүнө сыйынууга жардам беришүүдө. Натыйжада каардуу рухтардан коркуп жүргөн көптөгөн адамдар андай коркуу сезиминен арылышкан (Жакып 4:7). Андан тышкары, алар жакында жер бети жамандыктан жана ыймансыз адамдардан тазаланып, бүт жер жүзү «деңиз сууга толгондой», Жахабанын билимине толо турган күн келери жөнүндө билим алып жатышат (Ышайа 11:9).

[26-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

УКМУШТУУДАЙ КАЛЬДЕРА

Узон кальдерасы — байыркы жанар тоонун атылышынан улам пайда болгон, туурасы 10 километрге созулган ойдуң. Бир китепте айтылгандай, анын ичинде «Камчатка эмнеси менен белгилүү болсо, ошонун баары бар». Ойдуңда булактар, ысык суулар, кайнап турган ылай, ылай атып турган кичинекей «жанар тоолор», ошондой эле балык, аккуулар сүзүп жүргөн тунук көлдөр жана өсүмдүктүн түркүн түрү бар.

«Камчатканын кереметтери» деп аталган китепте белгиленгендей, күз ушунча кыска жана ушунча кооз болгон мындай жерлер «дүйнөдө дээрлик жокко эсе». Ачык кызыл түстөгү тундранын бир жеринде ылай кайнап, көпкөк асман астында аппак буу чыгып турса, башка жеринде сапсары, алтын жалбырактуу кайыңдардын өскөнү керемет эмеспи?! Эртең менен эрте болсо токой «ыры» угулат, кыроо баскан жалбырактар тырсылдап түшүп, кыштын жакын калганынан кабар берет.

[19-беттеги кутуча]

УУЛУУ КӨЛ

1996-жылы өчүп калган деп эсептелинген жанар тоо Карым көлүнүн түбүнөн атылып чыккан да, 10 метр бийиктикке жеткен толкундар тегерек-четтеги токойлорду жууп кеткен. Бир нече мүнөттүн ичинде көл кычкылданып, андагы тирүү жандыктардын жашоосуна коркунуч туулган. Бирок, Андрей Логан аттуу бир изилдөөчүнүн айтканына ылайык, жанар тоодон уулуу заттар бөлүнүп чыгып, толкундар жээктегинин баарын жууп кетсе да, айлана-тегеректен бир да жаныбардын өлүгү табылган эмес. Ал дагы мындай деп кошумчалаган: «Буга чейин Карым көлү бир канча миллион балыктын (негизинен, лосостор менен форелдердин) мекени эле. Ал эми жанар тоо атылгандан кийин көлдө бир да тирүү жан калбай калган». Бирок, таң калыштуусу, балыктардын көпчүлүгү өлгөн эмес. Окумуштуулардын айтымына караганда, суунун курамы өзгөрүлө баштаганда эле балыктар жакын жайгашкан Карым дарыясына ооп кетишкен көрүнөт.