Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Качан сүйлөшө баштасам болот?

Качан сүйлөшө баштасам болот?

Жаштардын суроолору

Качан сүйлөшө баштасам болот?

«Мектептен бирөө менен сүйлөшпөсөң, өзүңдү жарымың жоктой сезесиң» (Британи).

«Карасаң — баары эле сүйлөшүп жүрөт. Айланамда сүйлөшүүгө ылайыктуу балдар да көп» (Уитни).

▪ Мектептен кол кармашып өтүп бараткан кыз-жигитти көргөндө, кандай сезимде болосуң?

□ Мага баары бир

□ Бир аз жаман болом

□ Ичим күйөт

▪ Досторуң менен киного барып, сенден башкасынын баарынын сүйлөшкөнү бар экенин көргөндө, кандай сезимде болосуң?

□ Мага баары бир

□ Бир аз жаман болом

□ Ичим күйөт

▪ Сенин эң жакын досуң бирөө менен сүйлөшө баштаса, кандай сезимде болосуң?

□ Мага баары бир

□ Бир аз жаман болом

□ Ичим күйөт

Жогоруда келтирилген суроолорго «бир аз жаман болом» же «ичим күйөт» деп жооп беришиң мүмкүн. Андай сезимдер башка жаштарда да болот. Ошондуктан сүйлөшүү кадимки нерсеге айланган өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн көбү ушинтип жооп бермек. Он төрт жашар Ивет: «Мени менен тең кыздардын баарынын жигити бар. Меники эле жок, ошон үчүн кээде өзүмдү бир нерседен куру калгандай сезем»,— дейт.

Ооба, өзүңө жаккан, сени да жактырган адамдын жанында болууну каалоо абдан күчтүү болушу мүмкүн. Бир өспүрүм: «Сүйлөшкөн кызым болсо деген ой башымдан чыкпай калды»,— дейт. Көптөр «эне сүтү оозунан кете электе» эле «кыз» же «жигит» күтө баштайт. Алсак, «Тайм» журналынын билдирүүсү боюнча, 13 жашар өспүрүмдөрдүн 25 пайызы эчак эле «сүйлөшө баштаган». Аларды мындай мамиле түзүүгө даяр деп ойлойсуңбу? Сен өзүң да сүйлөшүүгө даярсыңбы? Бул суроолорго жооп алуудан мурда, мындан да маанилүү бир суроону карап чыгалы.

Сүйлөшүүгө эмне кирет?

▪ Башка жыныстагы кайсы бир адам менен көп убакыт өткөрөсүң.

Бул сүйлөшүүгө киреби? □ Ооба □ Жок

Кайсы бир кызга/жигитке күнүгө бир нече жолу телефон чаласың же СМС билдирүү жибересиң.

Бул сүйлөшүүгө киреби? □ Ооба □ Жок

Сен бир кыз/жигит менен жашыруун достошуп жүрөсүң. Ата-энең аны билбейт. Бул аларга жакпаарын түшүнгөндүктөн, аларга айтпайсың.

Бул сүйлөшүүгө киреби? □ Ооба □ Жок

Досторуңар болуп эс алганда да сен дайыма бир эле кыз/жигит менен пикирлеше бересиң.

Бул сүйлөшүүгө киреби? □ Ооба □ Жок

Балким, биринчи суроого оңой эле жооп берип, башкалары жөнүндө бир аз ойлонгондурсуң. Сүйлөшүүгө чынында эмнелер кирет? Бул макалада сүйлөшүү деген ар башка жыныстагы адамдардын бири-бирине махабат сезимине негизделген кызыгуу көрсөтүшүн билдирет. Эгер силер бири-бириңерди жакшы көрсөңөр жана жалгыз же топ ичинде жолугуп, телефон аркылуу же бетме-бет пикирлешип, ачык же жашыруун достошуп жүрсөңөр, бул сүйлөшүүгө кирет.

Бирок сен бирөө менен сүйлөшө баштоого даярсыңбы? Төмөндөгү үч суроо даяр-даяр эместигиңди аныктоого жардам берет.

Кандай максат менен?

Көптөгөн маданияттарда кыз менен жигит бири-бири менен жакшыраак таанышуу үчүн жолугуша баштайт. Бирок сүйлөшкөндөрдүн негизги максаты бири-бирине жубай катары ылайык келер-келбесин аныктоо болууга тийиш. Эмне үчүн?

Адатта, «бойго жеткен» маалда жаштардын жыныстык каалоолору менен махабат сезими абдан күчтүү болот (1 Корунттуктарга 7:36, «Инжил»). Ал курактан өтө электе же токтоло электе башка жыныстагы адам менен ынак мамиле өрчүтүү ошол каалоолорду ого бетер күчөтөт. Ошондой эле Галатиялыктарга 6:7деги: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин ачуу тажрыйбадан улам түшүнүүгө аргасыз кылат.

Айрым теңтуштарың нике курууну ойлобой эле сүйлөшүп жүрүшү мүмкүн. Алар бирөө менен сүйлөшүүнү кандайдыр бир жетишкендик катары же өз зоболосун көтөрүүнүн жолу катары карашы ыктымал. Бирок адамдын сезимдери менен ойноо — ташбоордук. Ошондуктан мындай мамилелер, дегинкиси, көпкө созулбайт. Хетер деген кыз мындай дейт: «Жаштардын көбү бир-эки жумадан кийин эле сүйлөшпөй калышат. Алар аны убактылуу эле мамиле деп эсептешет, ошон үчүн үйбүлө курууга эмес, ажырашууга даярданып жатышкансыйт».

Көңүл ачуу үчүн же жигитим/кызым бар деш үчүн гана сүйлөшүү сезимдерди жаралантышы мүмкүн. Мисалга, Эрикти алалы. Ал 18 жашында бир кыз менен жөн эле доспуз деп ойлоп, пикир алышып жүрө берген. Анан бир күнү кыздын аны жакшы көрүп калганын билген. Эрик: «Анын мени бат эле жактырып калганына аябай таң калдым. Мен болсо экөөбүз жөн эле доспуз го деп ойлоп жүргөм»,— дейт.

Албетте, өзүң курактуу балдар-кыздар менен улуураак бирөөнүн көз салуусунда пикир алышуунун эч жаманы жок. Бирок токтолгуча жана үйбүлө курууга даяр болгуча сүйлөшө баштоого шашпай турганың оң. Челси аттуу кыз мындай жыйынтыкка келген: «Кээде мага сүйлөшкөндөр убактысын көңүлдүү өткөрчүдөй сезилет. Бирок бири ага олуттуу карап, экинчиси анын сезими менен ойноп жүрсө, анын эмнеси көңүлдүү?»

Жашың канчада?

▪ Жаштар канча жашынан баштап сүйлөшө баштаса болот деп ойлойсуң? ․․․․․

▪ Эми бул суроону ата-энеңе берип, алардын жообун жаз. ․․․․․

Балким, сен жазган биринчи сан экинчисинен кичинедир. Же, тескерисинче, чоңдур! Көптөгөн акылдуу өспүрүмдөрдөй болуп, сен да токтолуп, өзүңдү жакшы билмейинче бирөө менен сүйлөшүүгө шашылбайттырсың. Сондра деген кыз үйбүлө курууга жашы жетип калса да, ушундай маанай чагылдырат. Ал: «Сүйлөшүп жүргөн адамыңдын сени жакшы билишин каалайсың да. Бирок өзүңдү өзүң билбесең, башка бирөө сени кантип биле алат?» — дейт.

17 жаштагы Дениэлла да ушундай ойдо. Ал мындай дейт: «Болочок күйөөмдөн күткөндөрүм мындан эки жыл мурун күткөндөрүмдөн такыр айырмаланат. Чынын айтсам, азыр да эмнени жактырарымды же жактырбаарымды так айта албайм. Ошон үчүн мүнөзүм, жок дегенде, эки жыл өзгөрбөсө, сүйлөшүү жөнүндө ошондо гана ойлоно баштайм».

Үйбүлө курууга чынында эле даярсыңбы?

Сүйлөшүү кыз-жигитти үйбүлө курууга алып барат. Андыктан өзүңдөн күйөө же аял, атүгүл, эне же ата болуу жоопкерчилигин көтөрүүгө даярмынбы деп сурап көргөнүң акылмандыкка жатат. Нике курууга даяр-даяр эместигиңди кантип биле аласың? Төмөнкү үч жакты карап чыгалы.

Мамилелер. Ата-энеңе жана биртуугандарыңа кандай мамиле жасайсың? Алар менен сүйлөшкөндө өзүңдү башкара албай, какшыктаган же ороңдоп кеткен учурларың болобу? Алар сенин кулк-мүнөзүң жөнүндө кандай ойдо? Чынында, туугандарыңа кылган мамилең болочок жарыңа кандай мамиле жасаарыңды көрсөтөт (Эфестиктерге 4:31, 32).

Акча-каражат. Акчаны кандай кармайсың? Дайыма эле карыз алып жүрөсүңбү? Туруктуу жумушуң барбы? Жок болсо, себеби эмнеде? Жумуштун өзүндөбү же «чоңуңдабы»? Же өз мүнөзүңдөбү? Эгер өзүңдү камсыз кыла албасаң, үйбүлөңө кантип кам көрөсүң? (1 Тиметейге 5:8).

Рухийлик. Жахабанын Күбөлөрүнүн бири болсоң, рухийлигиң кандай деңгээлде? Дайыма Кудай Сөзүн окуйсуңбу, кабарга чыгасыңбы жана жыйналышка катышасыңбы? Эгер өзүңдүн рухийлигиңе кам көрө албасаң, жарыңды рухий жактан өсүүгө кантип үндөйсүң? (2 Корунттуктарга 13:5).

Жогоруда сүйлөшүүнү жана нике курууну ойлонуп жаткандар көңүл бурушу керек болгон айрым жактар гана каралды. Албетте, сен балдар-кыздар менен жакшы чөйрөдө пикир алыша берсең болот. Ал эми кийин бирөө менен сүйлөшүүнү чечсең, өзүңдү жана кандай өмүрлүк жар тандагың келерин жакшыраак билип калган болосуң.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН сыры

Бул тууралуу ушул китептин 13—26-беттеринен көбүрөөк маалымат табууга болот. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка сандарын www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан карасаңар болот.

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Башка жыныстагы адам менен кандай чөйрөдө пикир алышсаң болот?

▪ Жакшы өмүрлүк жар болуш үчүн кайсы сапаттын үстүнөн көбүрөөк иштешиң керек?

[28-беттеги кутуча]

Теңтуштарыңдын ою

«Кээде сүйлөшүп жүргөн кыз-жигитти же үйлөнгөндөрдү көргөндө көз артып кетем. Бирок сүйлөшүү жөн эле көңүл ачуу эмес да. Башка бирөөнүн сезимдери менен ойноо туура эмес. Мен кимдир бирөөнүн өзүңө өмүрлүк түгөй болууга ылайыктуубу, жокпу, билиш үчүн сүйлөшүү керек деп ойлойм» (Блейн, 17 жаш).

«Бирөөнү чындап жактырып калганга чейин башка балдар менен «тажрыйба алуу» үчүн сүйлөшө берүү, менимче, туура эмес. Анткени бул башка бирөөнүн жүрөгүн оорутат» (Челси, 17 жаш).

«Сүйлөшүү үчүн үйбүлө курууга даяр болгон жашка жетишиң керек. Болбосо, бул мектепте окуп жүрүп, иштейин деген оюң жок эле жумуш берүүчү менен сүйлөшүп, эртеден кечке иштөөгө макулдашып койгондой болуп калмак» (Сондра, 21 жаш).

[30-беттеги кутуча]

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

Эртеби, кечпи, балдарыңар кимдир бирөө менен сүйлөшө баштаары шексиз. «Мен эч нерсе кылбасам деле,— дейт Филип,— кыздар өздөрү сейилдөөгө чакырат, анан мен: „Эмне кылсам?“ — деп кечке ойлоном. Алардын кээси аябай сулуу болгондуктан, „жок“ деп айтыш да кыйын».

Ата-энелердин өспүрүм балдары менен «сүйлөшүү» жөнүндө маектешкени туура. Ан үчүн, мисалы, ушул макаланы колдонсоңор болот. Кызыңар же уулуңар мектептен же атүгүл жыйналыштан бул боюнча кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын билүүгө аракет кылгыла. Алар менен ал тууралуу «үйдө отурганда да, жолдо бара жатканда да» эркин сүйлөшүүгө умтулгула (Мыйзам 6:6, 7). Кандай болбосун, «укканга даяр болуу, ойлонуп сүйлөө» керектигин эсиңерден чыгарбагыла (Жакып 1:19).

Кызыңар же уулуңар бирөөнү жактырып калса, өтө катуу тынчсызданбагыла. «Атам жигитим бар экенин билгенде, аябай капаланган,— дейт бир өспүрүм кыз.— Ал мага үйбүлө курууга даярсыңбы деген сыяктуу суроолорду берип, коркутууга аракет кылган. Бирок жаштар мындай насааттардан улам мамилесин үзмөк тургай, ата-энесинин жаңылып жатканын далилдейм деп күчөйт».

Эгер өспүрүм бул тууралуу ата-энеси менен ачык сүйлөшө албаса, аягы кесепеттүү болуп бүтүшү ыктымал. Өспүрүмдөр мамилесин билгизбей уланта бериши мүмкүн. «Ата-эне ачууга алдырып, уруша баштаса, балдар достугун токтотпойт, кайра, бардыгын жашырууга өтөт»,— дейт бир кыз.

Ачык-айрым сүйлөшүү болсо жакшы натыйжа берет. 20 жаштагы бир кыз мындай дейт: «Мен ата-энем менен сүйлөшүү тууралуу дайыма ачык маектеше алам. Алар үчүн менин кимди жактырарымды билүү маанилүү, менимче, ушундай болгону жакшы. Атам ал жигит менен сүйлөшүп көрөт, анан бир нерсе тынчсыздандырса, келип айтат. Адатта, сүйлөшүүгө жете электе эле, ал жигиттин мага ылайык келер-келбесин билип калам».

[23-беттеги сүрөт]

Балдар-кыздар менен жакшы чөйрөдө пикир алышуу жагымдуу жана пайдалуу болушу мүмкүн