Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сөзсүз окуп чыгыш керек экен»

«Сөзсүз окуп чыгыш керек экен»

«Сөзсүз окуп чыгыш керек экен»

Бир профессор-физик «Камкор Жараткан барбы?» * деген китеп тууралуу ушинтип айткан. Ал жазган катында мындай деген: «Бул китепте астрономиядагы, молекулалык биологиядагы жана адамдын анатомиясындагы табышмактуу нерселер жөнүндө жазылыптыр. Алардын баарын кокустуктан улам пайда болгон деп ырастоо кыйын... Китепте келтирилген мисалдар, далилдер менен таанышып чыгуу эволюцияга ишенген адамга да, Кудайга ишенген адамга да кызыктуу болору шексиз».

Бир аял минтип жазган: «Мына бул кичинекей эле китептин мени канчалык таасирленткенин сөз менен айтып түгөтө алгыдай эмесмин. Аны колуман түшүрбөй окудум: ар бир бетинде Аалам жөнүндөгү астрономдордун жасаган укмуштуудай ачылыштары баяндалыптыр. Мен, чынында эле, көп нерселерди билдим!»

Ал аял физикалык төрт өз ара аракеттешүү тууралуу жана адамдын жаныбарлардан өзгөчөлөнткөн касиет-сапаттары тууралуу да кызыгып окуган.

Силерди да: «Жараткандын бар экенин тастыктаган ишенимдүү илимий далилдер барбы?» — деген суроо ойлондурабы? Жараткан бар болсо, бизге кам көрөбү? Бул суроолорго ошол 192 беттүү кызыктуу китептен жооп табасыңар. Аны алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ Бул китепти ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.

[Шилтеме]

^ 2-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[32-беттеги сүрөт]

Бул газ-чаңдуу булуттар — Бүркүт же NGC 6611 тумандуулугундагы «Жаратуу мамылары». Сүрөт Хаббл телескопу аркылуу тартылган.

[32-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Photo above and on cover: J. Hester and P. Scowen (AZ State Univ.), NASA