Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

15 айдын ичинде Мехико шаарынын көчөлөрүнөн 82 ымыркай табылган. Алардын 27си чарчап калган («УНИВЕРСАЛЬ», МЕКСИКА).

▪ Окумуштуулар Калифорниянын улуттук эки багындагы үңкүрлөрдү изилдеп, айбанаттардын жаңы 27 түрүн табышкан. Улуттук бактар кызматынын үңкүрлөрдү изилдөө боюнча адиси Жоел Дэспэйн мындай деген: «Бул ачылыштар бизди курчаган чөйрө жөнүндө аябай эле аз билерибизди дагы бир ирет далилдеди» («СМИТСОНИАН», АКШ).

▪ Жер калкынын жыйырма пайызы таза сууга жетпей келет. Ал эми кырк пайызы начар санитардык шарттарда жашайт («МИЛЕНИО», МЕКСИКА).

▪ Мыйзамсыз аңчылыктын айынан Серенгети улуттук багында эле жылына 20 000ден 30 000ге чейин жаныбар кырылат («ДЕЙЛИ НЬЮС», ТАНЗАНИЯ).

▪ Барселонада жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, 16 жаштагы ар бир үчүнчү окуучу дайыма марихуана чегет («ВАНГУАРДИА», ИСПАНИЯ).

Офистеги бактериялар

Аризона университетинин микробиологдору Кошмо Штаттардын көптөгөн шаарларындагы офистердеги бактериялардын санын изилдешкен. Алардын изилдөөсү тууралуу «Глоб энд мейл» гезитинде «бактериялар беш нерседе: телефондордо, иш үстөлдөрүндө, суу чоргосунун бурагычтарында, микротолкундуу мештин эшигинин туткаларында жана клавиатураларда өзгөчө көп болору» айтылган. Ошол эле гезитке ылайык, «бактериялардын саны иш үстөлүндө ашканадагы үстөлгө караганда 100 эсе, ал эми унитаздын отургучуна караганда 400 эсе көбүрөөк болот».

«Жасалма» христиандар

Азиядагы элдердин арасынан филиппиндиктер гана христиан динин тутушат. Бирок Филиппиндеги евангелиялык чиркөөлөрдүн кеңешинин епископу: «Көптөр христианмын дегени менен, иш жүзүндө андай эмес»,— деп айткан. Буга көп учурда чиркөө башчылары себепкер, анткени, Филиппиндеги «Манила буллетин» гезитинде белгиленгендей, алар «Ыйык Китепте айтылгандарга окутпайт жана аларды баалоого үйрөтпөйт». Чиркөөдө Ыйык Жазма эмес, көбүнчө саясат талкууланат.

Жашоо үчүн күрөш

Найробиде чыккан «Чыгыш Африка» гезитине ылайык, «Сомалиде бабуиндер менен көк жалдардын адамдарга кол салганы боло жүргөн нерсеге айланды». Бир жолу суу талаштын натыйжасында, бир нече бабуин өлүп, малчылардын айрымдары жараат алышкан. Маймылдар кээде «чоң жолдун кесилиштеринде же көпүрөлөрдө топтошуп туруп алып», базарга азык-түлүк ташып бараткан чоң машинелерди тоношот. «Маймылдардын банандарды же чоң-чоң дарбыздарды көтөрө качканы таң калтырбай деле калды»,— деп кошумчаланат ошол гезитте.

Кемелердин таасири

Германиядагы «Кёльнер штадт-анцайгер» деген гезитте кемелер суу жээгинин абарайына терс таасир этери айтылган. Гамбургдагы Макс Планк атындагы метеорологиялык институтунун изилдөөчүлөрү Ла-Манш кысыгынын үстүндөгү булуттарга изилдөө жүргүзүшкөн. Алар жээктеги булуттарга караганда суунун үстүндөгү булуттар коюураак экенин аныкташкан. Мындай айырмачылыктын себеби кемелердин түтүнүндө. Түтүндөгү майда бөлүкчөлөр суу тамчыларынын пайда болушуна шарт түзөрү айкын болгон. Ал гезитте: «Акыркы 50 жылда кемелер үчүн күйүүчү май төрт эсе көп сарпталууда»,— деп айтылган.