Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шайтан деген ким? Ал чынында эле барбы?

Шайтан деген ким? Ал чынында эле барбы?

Ыйык Китептин көзкарашы

Шайтан деген ким? Ал чынында эле барбы?

АЗЫРКЫ окумуштуулардын айрымдары Шайтан жок деп ырасташат. Алар Шайтанды адамдар ойлоп чыгарышкан дешет. Буга байланыштуу талаш-тартыштар мурун эле болуп келген. Маселен, 19-кылымдын акыны Шарль Бодлер мындай деп жазган: «Ибилис жеткен куу, керек болсо, ал бизди өзүнүн жок экенине да ишендиргиси келет».

Шайтан чынында эле барбы? Бар болсо, ал каяктан пайда болгон? Ал дүйнөдө болуп жаткан кыйынчылыктардын бардыгына жооптуу күчпү? Анын таасиринен кантип сактансак болот?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте Шайтандын чынында эле бар экени жана анын рухий чөйрөдө жашаары айтылат (Аюб 1:6). Ошондой эле Жазмадан анын жаман иштери тууралуу жана анын каардуу, мыкаачы экенин билүүгө болот (Аюб 1:13—19; 2:7, 8; 2 Тиметейге 2:26). Ыйык Китепте Шайтандын Кудай жана Ыйса менен сүйлөшкөнү да жазылат (Аюб 1:7—12; Матай 4:1—11).

Шайтан кайдан пайда болгон? Кудай адамдарга чейин көп убакыт мурун эле, кийин Ыйса деп таанылган тун Уулун жараткан (Колосалыктарга 1:15). Бара-бара ал дагы башка «уулдарын» — периштелерди — жараткан (Аюб 38:4—7). Алгач алардын бардыгы Кудайга берилген, жеткилең периштелер эле. Бирок кийинчерээк алардын бири Шайтан болуп калган.

Шайтан деп ал жаратылганда эле аталган эмес. Шайтан деген сөз «каршылаш», «душман», «айыптоочу» дегенди билдирет. Ал Кудайга каршы чыккандыктан, Шайтан деген атка конгон.

Ошол рухий жаратуу бой көтөрүү жана Кудайга атаандашуу рухун өстүрө берген. Ал башкалардын ага сыйынышын каалаган. Шайтан атүгүл Кудайдын тун Уулу Ыйсаны, ал жерде жүргөндө, өзүнө «таазим кылдырууга» аракет кылган (Матай 4:9).

Ыйык Китепте айтылгандай, Шайтан «чындык боюнча жашаган жок» (Жакан 8:44). Ал Кудайды жалганчы кылып көрсөткөн, чынында, ал өзү жалганчы болгон. Шайтан Обого Кудайдай боло аласың деген, бирок ошондой болууну өзү каалап, куулук менен акыры көздөгөнүнө жеткен. Ал Обого өзүн Жахаба Кудайдан да жогору көрсөткөн, Обо болсо Шайтандын тилине кирип, ага сыйынып калган (Башталыш 3:1—7).

Бир кездерде ишенимдүү болгон периште ушундай козголоң чыгарып, Шайтан, башкача айтканда, Кудай менен адамдардын душманы болуп калган. Мындан сырткары, ал «Ибилис» же «ушакчы» деп аталат. Шайтан өзү күнөө кылгандан кийин башка периштелерди да Кудайга каршы чыгууга азгырган (Башталыш 6:1, 2; 1 Петир 3:19, 20). Ал периштелер адамзаттын жашоосун жакшырткан жок. Тескерисинче, Шайтандын жолуна түшүп, жер бетин «жаман иштерге» толтурушту (Башталыш 6:11; Матай 12:24).

Шайтандын таасири канчалык күчтүү?

Кылмышкер өзүн жашыруу үчүн кылган ишинин изин жок кылууга аракет кылат. Тартип сактоо органдарынын кызматкерлери кайсы бир кылмыш сөзсүз түрдө бирөө тарабынан жасалганын жакшы билишет. Шайтан — эң биринчи «киши өлтүргүч» — өзүнүн чыныгы «жүзүн» жашырат (Жакан 8:44; Эврейлерге 2:14). Обо менен сүйлөшкөндө, ал өзүн жашыруу үчүн жыланды колдонгон. Ал бүгүн да ошондой эле ыкманы колдонот. Ибилис «ишенбегендердин акылын караңгылатып», адамзатка тымызын таасир этет (2 Корунттуктарга 4:4).

Ыйса Шайтанды биз жашап жаткан бузулган дүйнөнүн башкы кылмышкери катары сүрөттөгөн. Ал аны «бул дүйнөнүн төрөсү» деп атаган (Жакан 12:31; 16:11). Элчи Жакан: «Бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин билебиз»,— деп жазган (1 Жакан 5:19). Ибилис «дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик» сыяктуу нерселерди колдонуп, «бүткүл ааламды азгырууда» (1 Жакан 2:16; Аян 12:9). Ооба, адамзат, жалпы жонунан, ага баш иет.

Шайтанга баш ийгендердин баары, Обого окшоп, натыйжада ага сыйынган болушат. Ошондуктан Ыйык Китепте Ибилис «бул дүйнөнүн кудайы» деп аталат (2 Корунттуктарга 4:4, «Мукаддас»). Анын таасири астындагы дүйнөдө экижүздүүлүк, жалгандык, согуш, азап-кайгы, өлүм, кылмышкерлик, ачкөздүк жана адеп-ахлаксыздык боло жүргөн нерселерге айланган.

Өзүбүздү кантип коргой алабыз?

Ыйык Китепте: «Эстүү жана сергек болгула»,— деген эскертүү жазылган. Эмне үчүн? Себеби «силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт» (1 Петир 5:8). Бул сөздөр сестентерлик болгону менен, Шайтан сергек, башкача айтканда, сак болгондорго «зыян келтирберин» билүү сооротот (2 Корунттуктарга 2:11).

Шайтандын бар экенин билип, Кудайдын бизди «бекем, кайраттуу жана туруктуу» кылышына жол берели. Бул бизге Шайтанга «каршы туруп», Кудай тарапта болууга жардам берет (1 Петир 5:9, 10).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Шайтан кайдан пайда болгон? (Аюб 38:4—7; Жакан 8:44).

▪ Шайтан дүйнөгө канчалык таасир этүүдө? (Жакан 12:31; 1 Жакан 5:19; Аян 12:9).

▪ Шайтандын азгырыктарынан кантип сактансак болот? (1 Петир 5:8—10).

[28-беттеги сүрөт]

Шайтан дүйнөдөгү кыйынчылыктарга жооптуу көзгө көрүнбөгөн күчпү?