Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эл кайда көчөт багбандардын жардамчысы

Эл кайда көчөт багбандардын жардамчысы

Эл кайда көчөт багбандардын жардамчысы

УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

АДАТТА, коңуз аттуулар көптөрдү иренжитет. Ал эми эл кайда көчөт же айланкөчөк болсо өзүнө тартат. Балдар аны менен ойногонду жакшы көрсө, багбандар аны жардамчы деп эсептейт. Эмне себептен?

Эмне үчүн жардамчы?

Бул пайдалуу коңуздун көп түрүнүн «чүйгүн» азыгы — өсүмдүк митеси (солдо). Ал майда жумшак денелүү мителер бакча өсүмдүктөрүнө жана айыл-чарба түшүмүнө чоң зыян келтирет. Эл кайда көчөттүн чоңу андай мителердин бир нече миңин жеп жоготот, ал эми анын личинкасы андан да соргок. Ошондой эле ал дагы башка зыянкеч курт-кумурскалар, өсүмдүктөрдү жабыркаткан жалган кеберлер менен да азыктанат. Ошондуктан багбандар менен дыйкандар аны иштеткен жеринен көргөндө кубанары шексиз.

Он тогузунчу кылымдын аягында Калифорнияга (АКШ) Австралиядан ицерия мите курту байкоосуздан алып келинген. Ал зыянкечтер өтө тез көбөйгөндүктөн, цитрус өсүмдүктөрүнө жана цитрус өндүрүү тармагына чоң коркунуч туудурган. Алар өз мекени Австралиядагы өсүмдүктөргө олуттуу зыян келтирбегендиктен, бир энтомолог ошол жакка барып келүүнү чечкен. Ал жактан алардын табигый душманын — эл кайда көчөттү — тапкан. Ошентип болжол менен 500 эл кайда көчөтү Калифорнияга алынып келинген да, мителер дээрлик бир жылдын ичинде эле жок кылынган. Натыйжада цитрус өсүмдүктөрү сакталып калган.

Бир жылдык жашоосу

Бул сүйкүмдүү, кичинекей коңуздун денеси тегерек же сүйрү келип, көкүрөгү жалпак болот. Тамаксоолугуна карабай көп түрлөрүнүн узундугу бир сантиметрден ашпайт. Учуучу канаттарын калкалап турган катуу канатчасы көз жоосун алып кооз. Учар алдында катуу канатчасы ачылат да, коңуз абага көтөрүлөт. Көптөр эл кайда көчөт дегенде кара тагы бар кызыл коңузду элестетет эмеспи. А бирок анын ар кандай түстөгү 5 000дей түрү бар. Алардын айрымдары кара чекиттери бар сары же кызгылт сары келсе, башкалары кара, бирок кызыл чекиттүү болот. Кай бирлеринин жонунда чакмак түрүндөгү же жол-жол болуп кеткен сүрөтү бар. Ал эми кээсинин эч кандай тагы жок.

Эл кайда көчөттүн түрлөрүнүн көбү бир эле жыл жашайт. Кышында алар кургак кобулдан орун таап, уйкуга кирет. Күн жылый баштаганда болсо жанданып, азык издеп учуп жөнөйт. Жупташкандан кийин, ургаачысы мите курттарга жакын жердеги жалбырактын арткы бетине сары жумурткаларын (оңдо) топтоштуруп таштайт. Ар бир жумурткадан алты буттуу, эл кайда көчөткө окшобогон личинка (солдо) чыгат. Личинка «оозу тынбай» мителер менен азыктанып отуруп, чоңоюп, кабыгына батпай калат. Бир нече жолу түлөгөндөн кийин, жалбырактын астына кирип, куурчакчага айланат да, буланын ичинде өрчүй берет. Акыры, коңуз болуп сыртка чыгат. Алгач анын канатчасы жумшак, өңүнө кире элек болот. Бир канча убактан кийин денеси катып, боёгу «боюна» жарашып чыга келет.

Душмандары эл кайда көчөттү алыстан көргөндө эле качат. Себеби коркунучту сезген учурда анын буттарынын бүгүлгөн жеринен кызгылт сары түстүү, ачуу жыттуу суюктук пайда боло калат. Мындай жолугушуудан кийин чымчыктар же жөргөмүштөр аны көпкө унутпайт.

Зыянкеч эл кайда көчөт

Эл кайда көчөттүн алгач зыянкечтер менен күрөшкөн бир түрү кийинчерээк өзү зыянкечке айланып кеткен. Ал, адатта, өз мекенинде — Азиянын түндүк-чыгышында — башка айланкөчөктөр менен жанаша жашай берет. Бирок жакында аны мите курттар жана башка өсүмдүк зыянкечтери менен күрөшүү үчүн Түндүк Америкага жана Европага алып келишкен. Тилекке каршы, ал коңуз башка эл кайда көчөттөрдүн тамагын тартып алган. Азыгынын жетишсиздигинен улам, ошондой эле санын азайтып турган душмандары жок болгондуктан, ал эл кайда көчөт жырткычка айланган. Анткени ал жергиликтүү коңуздар менен пайдалуу курт-кумурскаларды жегенге өткөн. Энтомологдор мындай жагдай эл кайда көчөттүн айрым түрлөрүнүн жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн деп тынчсызданышууда. Чынында эле, ал жырткыч коңуздардын пайдасынан зыяны көп: бышкан жер-жемиштерди бүлдүргөндөн сырткары, күзүндө сууктан качып, үйлөргө «чабуул коёт».

Ооба, эл кайда көчөттүн бир нече түрү, мите курттарды жок кылгандын ордуна, түшүмгө зыян келтирет. Бирок, бактыга жараша, алардын көбү багбандарга пайда гана алып келет.

Эл кайда көчөттү чакыруу

Эл кайда көчөттү бакчага кантип «чакырууга» болот? Аны гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн чаңчасы же ширеси өзүнө тартып турат. Ошондой эле шибер чөп жана жайпак идишке куюлган суу кызыктырат. Мүмкүн болсо, уулуу химиялык заттарды колдонбогула. Жерде же өсүмдүктө кургак жалбырак калса, эл кайда көчөт ошол жакта кыштайт. Бакчаңардан майда жумурткаларды же личинкаларды байкасаңар, тебелеп кетпегиле: алар эл кайда көчөт болушу мүмкүн.

Бул кичинекей коңуздар бакчаңарды зыянкечтерден химиялык заттарсыз эле тазалап берет. Ошондуктан алардын пайдасын көрөм десеңер, алар үчүн кам көргүлө. Баарынан маанилүүсү, бул жандыктар Жаратканыбыздын акылман экенин күбөлөндүрөт. Забурчу айткандай, «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сен жараткан нерселерге толгон» (Забур 103:24).

[16-беттеги сүрөттүн булагы]

Top: © Waldhäusl/Schauhuber/Naturfoto-Online; left two: Scott Bauer/Agricultural Research Service, USDA; middle: Clemson University - USDA Cooperative Extension Slide Series, www.insectimages.org; eggs: Bradley Higbee, Paramount Farming, www.insectimages.org

[17-беттеги сүрөттүн булагы]

Left: Jerry A. Payne, USDA Agricultural Research Service, www.insectimages.org; 2nd from left: Whitney Cranshaw, Colorado State University, www.insectimages.org; 3rd from left: Louis Tedders, USDA Agricultural Research Service, www.insectimages.org; 4th from left: Russ Ottens, The University of Georgia, www.insectimages.org; ladybirds on a leaf: Scott Bauer/Agricultural Research Service, USDA