Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдын келечеги маңдайына жазылганбы?

Адамдын келечеги маңдайына жазылганбы?

Ыйык Китептин көзкарашы

Адамдын келечеги маңдайына жазылганбы?

Бир күнү таң эрте машине менен жумушка бараткан эки киши жолду кыскарталы деп, алардын бири жашаган көчөгө бурулушат. Жолдо кетип баратып, бир үйдүн терезесинен өрт чыгып жатканын көрүшөт. Алар токтой калып, машинедеги шатыны алып, өрттөнүп жаткан үйдөн бир аялды беш баласы менен алып чыгышкан. Бир гезитте бул тууралуу: «Тагдырдын буйругу окшойт»,— деп жазылган.

КӨПТӨР жашоосунда эмне болбосун, жакшылыкпы, жамандыкпы, адамдын табиятынан тыш кандайдыр бир күчтүн буйругу менен болот деп ишенишет. Алсак, 16-кылымдагы реформачы Жан Кальвин мындай деп жазган: «Адамдын маңдайына жазылган нерсенин баарын Кудайдын эрки деп айтууга болот. Муну менен ал ар бир адам менен эмне кылгысы келерин көрсөтөт. Ал баарын бирдей жараткан эмес: кээ бирөөлөрдү түбөлүк өмүр үчүн жаратса, башкаларды түбөлүк каргышка калтырган».

Чынында эле Кудай биздин эмне иш кыларыбызды, деги эле тагдырыбызды алдын ала белгилеп коёбу? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне деп айтылат?

Маңдайга жазылган деген акылга сыярлыкпы?

Адамдын жашоосу маңдайына жазылган дегенге ишенгендердин айрымдары мындай дешет: «Кудай баарын билет. Ага атүгүл келечекте эмне болору маалым. Ал ар бир адам кандай жашоо өткөрөрүн, ошондой эле кимдин качан, эмне болуп өлөрүн да билет». Демек, алардын ою боюнча, адам Кудай алдын ала билип, маңдайына жазып койгондой гана чечим чыгарат. Болбосо, Кудай баарын билет деп айтууга болбой калмак. Силердин оюңарча, ушундай ой жүгүртүү туурабы? Жогоруда айтылгандардан кандай жыйынтык чыгарса болорун карап көрөлү.

Эгер силердин келечегиңер алдын ала белгиленген болсо, анда өзүңөргө кам көрүү куру бекер болуп калмак. Мисалы, тамеки тарткан-тартпаганыңар силердин же балдарыңардын денсоолугуна эч кандай деле таасир тийгизмек эмес. Же болбосо, автоунаадагы коопсуздук үчүн караштырылган курду тагынганыңардын пайдасы болмок эмес. Бирок чынында эле ушундайбы? Жок. Расмий эсепке ылайык, коопсуздук чараларын көргөндөр көрбөгөндөргө караганда кырсыкка азыраак кабылышат.

Бул тууралуу да ойлонуп көрсөңөр. Эгер Кудай баарын билүүнү кааласа, демек, ал Адам ата менен Обо эненин күнөө кетирерин аларды жарата электе эле билген. Анда Кудай Адамга ал өлбөшү үчүн, «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебеши» керек экенин айтканда Адамдын тил албай коёрун билгенби? (Башталыш 2:16, 17). Кудай биринчи түгөйгө: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла»,— дегенде алардын бейиште жашоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылып каларын билгенби? Жок, билген эмес (Башталыш 1:28).

Эгер Кудай адамдардын чыгарган чечимдеринин баарын алдын ала билсе, анда болуп жаткан бардык нерселерге, анын ичинде, согуштарга, адилетсиздикке, ошондой эле азап-кайгыга Кудай жооптуу болуп калмак. Чынында эле ушундайбы? Мунун жообун Кудай Сөзүнөн табууга болот.

«Тандап ал»

Ыйык Жазмада «Кудай — сүйүү» экени жана «чындыкты сүйөрү» айтылат. Ал өз элине: «Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө»,— деп айткан (1 Жакан 4:8; Забур 36:28; Амос 5:15). Кудай дайыма өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын туура, жакшы жолду тандоого үндөгөн. Мисалы, Жахаба Кудай ысрайыл эли менен келишим түзгөндө Муса аркылуу: «Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам. Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал»,— деген (Мыйзам 30:19). Кудай алардын кандай чечим чыгарарын алдын ала чечип койгонбу? Жок.

Кудайдын байыркы убактагы элинин жолбашчысы Жашыя ошол элге: «Кимге кызмат кылууну тандап алгыла... Мен жана менин үй-бүлөм болсо Теңирге кызмат кылабыз»,— деген (Жашыя 24:15). Жеремия пайгамбар да: «Теңирдин үнүнө кулак салып, мен айтканды кыл, ошондо сага жакшы болот, ошондо сенин жаның тирүү болот»,— деп айткан (Жеремия 38:20). Адилеттүү, мээримдүү Кудай өз элинин андан баш тартарын алдын ала билсе, аларды туура иш кылсаңар, бата аласыңар деп үмүттөндүрөт беле? Жок, анткени бул экижүздүүлүк болуп калмак.

Андыктан жашооңордогу жакшылык да, жамандык да, маңдайыңарга жазылгандыктан болуп жаткан жок. «Мезгил жана кокустукка» кабылышыбызга көпчүлүк учурда башкалардын чыгарган туура же туура эмес чечимдери себеп болот (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Ооба, адамдын келечеги маңдайына жазылбайт, ар кимдин түбөлүк келечеги өзүнүн чыгарган чечиминен көзкаранды.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Адам менен Обонун күнөө кетирери маңдайына жазылган беле? (Башталыш 1:28; 2:16, 17).

▪ Кудай адамдын келечегин маңдайына жазбаарын анын кайсы сапаттары көрсөтүп турат? (Забур 36:28; 1 Жакан 4:8).

▪ Силер эмнеге жооптуусуңар? (Жашыя 24:15).

[13-беттеги кыстырма]

Расмий эсепке ылайык, коопсуздук чараларын көргөндөр көрбөгөндөргө караганда кырсыкка азыраак кабылышат